Эрте кеткен турналар
(же кечиккен репортаж)
Жаан ыйлап, жашын тынбай төгүп турду.
Жамы журт жамандыкты көрүп турду.
Жаалына чыдабаган эр жигиттер
Жаныштын аткычтарын сөгүп турду.
Эл келип, эки жактан чубап жатты.
“Элди аткан кыргызбы?” деп сурап жатты.
Жамгырдай жааган октор тийген сайын
Жанымдан жапжаш балдар кулап жатты.
Бирөө да элден качып бөлүнбөдү.
Бир тобун эл көзүнчө өлүм жеди.
Бийликти алмак болгон билермандар
Бирөө да жаныбыздан көрүнбөдү.
Шыпшайдар тукумдары кетпей турду.
Шыкаалап, маскаларын чечпей турду.
Үчөөнү үзө атканга көздөн учуп
Үч мылтык колубузга жетпей турду.
Айкырып ичте калган Манасыңар
Айыкпай ок жаңылган жаратыңар,
Каректер асман тиктеп кала берди
Кагылбай кайра баштан канатыңар.
Эх балдар, таңды тоспой, ок тостуңар.
Эл менен акыреттен достоштуңар.
Аянтта, апрелдин сегизинде
Асмандан турна болуп коштоштуңар.
Турналар, эрте кеткен турналарым!
Туу кармап окту көздөй чуркаганым.
Көздөрү шамга айланып күйүккөнүм,
Көйнөгү канга айланып кургаганым.
Тирүүлөр өз өмүрүн улап келет.
Тизилген кирпичтерин курап келет.
“Тайманбас ал балдардын арбагына
Татыктуу болдукпу?” деп сурап келет.
Кан менен жин аралаш сасып турат.
Калааны күүгүм туман басып турат.
“Кайрандар өчү алынбай калабы?” деп
Кара таш көөдөнүмө батып турат.
Бир күнү мен да күнүм бүтүп калат.
Бир азга көч токтолуп күтүп калат.
Акыры араңарга кошулганы
Арбагым артыңардан учуп барат.