Жакында Астанада кыргыз-казак жазуучуларынын 1-конгресси өтөт

КР Маданият жана маалымат министри Султан Раевдин маалыматы боюнча, жакында кыргыз-казак жазуучуларынын 1-конгресси өтөт. Эки элдин интеллигенция өкүлдөрүнүн алгачкы ирет өткөрүлө турган бул үлкөн жыйыны Кыргызстан менен Казакстандын элдеринин достук мамилесин чыңдоо жана адабий, маданий алака-катышты күчөтүү максатында пландаштырылууда.

“Чындыгында акыркы жылдары бир тууган эки элдин бул багытта мамилеси солгундай түшкөн. Ал эми бири-бири менен катташпай койсо, бир туугандардын арасы да алыстап кетет. Ошондуктан биз мындан ары биргелешип иш жүргүзүү үчүн ушул жолугушууну уюштуруп жатабыз”, -деди С.Раев.

Э.Момунов, «Кабар» МА, 09.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.