Салижан Жигитов: “МЕН КЕТТИМ… ЖАКШЫ КАЛГЫЛА!”

Биз… ал-абалын көрүп келели деп барып… мен Салижан акенин керебетинин аягына олтуруп, ага көргөзбөй диктофонду “ачып” койгон элем. Алгач, өзүнө айтып эле, ээн-эркин жазып алсамбы деп, бирок, өмүрүнүн акыркы күндөрүн санап олтурган бул адамга ошентип кайрылганга батыналбадым. Оозунан чыккан сөзүн, үнүн, күлкүсүн жазып олтурдум.

Биз, биз дегеним – Алым, Түгөлбай, Мен, Аскер болуп, адегенде “спецтеги” Болот менен Докени көрүп, анан онкологиялык ооруларды дарылоочу ооруканада жаткан Салижан акени көздөй жөнөдүк. Палатасына кирип барганда:
– Болду, олтургула, болду… Биз, эртең эмеси (облучение) жок экен, үйгө кетип баратканбыз, анан силерди биякка келди деп угуп, кайра токтоп калдык, кудай урган бирдемелери менен келишсе, кошо ала кетели деп, көгөрүп күтүп калдык эле, – деп керебетинин чок ортосунда мандаш токунуп олтурган Салижан аке каткырып сала берди. Кимия жеңеге ээ-жаа бербей, баарыбыз каткырып, эсибизди жыйган соң:
– Муну Болот берип жиберди, сизге. Муну Доке берип жиберди, – деп тигилер берип ийген баштыктарыбызды жерге койдук.
– Ооба, көргөн кишилери көп эмелер ашып калганын мага салып беришкен го, ырас болбодубу, үйдө тамак-аш жокто, – деп дагы каткыртты.
Салижан аке кашайтаар дарттын сан эсеби саналуу экенине карабай күлүп-жайнап олтурду.
– Да бир күнү үйгө барып жуунуп келейин деп атсам, Бексултан чалат:
– Сени таппай жүрөм, – деп.
– Эй, тура тур, мен азыр өзүм баратам, – десем.
– Жок, тура туралбайм, мен деген театрга барышым керек, – дейт.
– Эй, кетсең кете бер, бирок мага апкелаткан тамагыңды үйгө барып таштап коюп анан кет, дедим, – деп күлдүрдү.

Жана каткырдык. Сөзүн кайра улады.

Бутум катуу ооруп, эмнеси мынча кыйнап атканын же быяктан табалбай, такыр басалбай калбадымбы. Башымда бир макала бар эле, баштайын дегенделе баш иштебей калат. Көрсө баш жүлүнгө түшүп кетип, а жүлүн дегениң баш менен анча эсептеше бербеген неме окшойт, кийин башым иштебей калып атканы ошондон экен. Анан тыякка алып барышты, быякка алып барышты. Кийин жашыра башташты, бирок, акылдуу кишиге айла жок турбайбы, эмне менен ооруп атканымды билип алдым. Көрсө омурткага өтүп кеткен экен, анан мен буларды (врачтарды) жүдөтүп, эптеп эле бастырып койгула, калганын өзүм көрөйүн дедим…

Эми мендей көп жашаган киши чанда чыгар. 70 жаш аз жашпы? Көп эле да. Оорубапмын. Ичим, ашказаным ооруптур болгону. Балдарды чоңойттум. Күлүп-жайнап жашадым. Совет өкмөтү башкага зыян кылса да мага зыян кылган жок. Замандын ырайын көрүп атабыз. Акаеви кетсе Бакиеви келет экен. Бакиеви кетсе дагы бир “акылманы” келет. Баарын көрдүк. Кысталак, анан калса бу дүйнөдөн мен көрбөгөн эчтеке деле калбаптыр. Анын үстүнө тиги дүйнө бар деп уккандан бери, такыр эле элеп-желеп болуп… уйку деген качты. Ошол жакты эле эңсеп калдым, тезирээк көрсөм деп… Бирок, тамаксоо жан курусун, силерге окшоп көргөнү келгендердин тамак-ашын кыйып кеталбай, ушинтип олтурам… Болбосо, эмне, спокойно кете бермекмин. А эгер, а дүйнө болуп калса андан бетер жакшы…

…Ошентип, биз ооруп жаткан Салижан акеге барбай эле, Салижан аке кайра бизге келип, бир дөбөгө чогултуп тамаша куруп аткансып, о десе эле оозубузду жыялбай жыргап олтурдук. Ансыз да атын угарың менен денең жыйрылган бул оорукананын палатасынан чыккан кыраан каткы күлкү, балким, буга дейре бу жерде болбосо керек.

Биз ажалдын ушунчалык жакын экенин, ал дагы эмне кылар айласын таппай, а дүйнөгө алып кетчү кишиси жөнжай жүргөн бир пендеге окшобогонун көргөн соң, күлсөк кошо күлүп, каткырсак кошо каткырып, кайран Салижан акенин кашында олтурганын анда кайдан билдик…

– Анан тигил жакка (тигил дүйнөгө – ред.) барып да жөн турбай, чымчык болуп сайрап турабыз да. Эми, бу жерде жатабыз. Жаткандан башка иш жок кудай ургандыкы. Бир топ оорудум. Бутум сыздап… башкага чыдоого болот экен, кысталак ооруга чыдаш кыйын экен. Уктай албай. Анан дарыларды таап келишти. Кымбат. Бирөөле миң сомдон. Көрсө жанагы талмасы барлар менен байлатма жиндилерди соолуктурчу дарылар экен. Рамис сыяктуулардыкы. Ичип алсаң, ырас эле жоошуп, уктап калат экенсиң. Жатам ошентип. Укол бере берип жамбашым жарабай калды. Жакшы эле сайдыртпайын дейсиң, анан ооруган жериң бир азга басыла түшөрүн ойлогон соң сайдыра берет экенсиң. Көналбай койдум. Эми бияктан чыгып, элдик медицинада бар дейт, Николай Шевченконун китептерин атайын Москвадан алдырбадымбы, жанагы чемичкенин майы менен таза аракты аралаштырып ичип, айыгып кеткендер болуптур. 30 граммдан экен. Аралаштырсаң боппоз болуп калат. Мен да бир ирет ичип баштап, кийин режим сактабай койгон элем. Ошондо бекер кылыпмын, иче берсем болмок экен. Анан шыпаасы тийип айыгып кетсем… китеп жазып … фирма ачып… анткени азыр рак менен ооругандар көп эмеспи, анан силердин гезитке атайын рубрика менен… дүйнөнүн мен мээлүү деген окумуштуулары табалбай аткан рактын дарысын Жигитов деген элдик табып таап чыкты деп… силер сандан-санга жарыялап, мен сандан-санга интервью берип… Анан баарын мыйзамдаштырып салмакпыз. Сертификатынбы… лицензиясынбы… алчуларын алып… Баса, Түркиядан апкелген кагаздарым бар, аны дубалдын көрүнөө жерине илип коймокпуз, баары эле түшүнө берет дейсиңби. Кабылдамабыздын сыртына: “Рактан айыгып эле тим болбой, ал оорунун тамырын кыркчу дары ойлоп тапкан табып – Салижан Жигитов” деп жазып алмакпыз дагы, анан табыпчылык кыла баштамакпыз:
– Эй! Мени доктурлар тияктан, баары бир өлүп калат, адам болбойт деп катын-баламдын колуна салып беришкенине болбойле айыгып чыккан эргулмун, деп калпты-чынды соктуруп, “бу мени айыктырган дары” деп жаңкыдан бере бермекпиз. Силер болсо мага клиент таап, түшкөн кирешенин 20 процентин “Аласка” котортуп турмаксыңар…

Ошол, ошентип жатабыз. Көрүп келгендин баары эле көңүл айтат. Көңүлү чөкпөсүн деп ойлошсо керек. Эмнеге көңүл чөгөт эле? Бу дүйнөдөн кырчындай кездеринде – 20, 30, 40, 50сүндө кетип аткандар жокпу? А биздин тукумдан 70ке чыккан жалгыз мен болуп атпаймбы. Атам 50сүндө, апам 36сында өлдү. Агам 31инде сууга чөктү, ушул оорудан эки карындашым 50-53 жашында кете беришти. Көрсө, бул оору биздин тукумубузда бар окшойт.

Бечара апам түзүк эле тууптур, бирок кичинемден эле начар өстүм, денсоолук жактан кудай бир аз айтпай койгонун көргөн соң, мен да ага өчөшүп, жаштайымдан өлүп калбайын деп, өзүмдүн ден соолугумду өзүм түздүм да. Болбосо эбак эле өлүп калат болчумун. Ичим ооруп… ашказаным ооруп. Тууган-туушкандын баары коркуп… Антип коркуп аткандарын билгенден кийин, мен да катын алып бергиле, катын алгым келип атат деп кыйнап… Чындап келгенде, мага өлүп калбасын деп Абдуразаков эле катын алып берип койгон…

Ошол… ошентип, ооруйм деп жатып алып, силердин гезитке да катышалбай атам. Башка бир топ идеялар келди эле, атаңгөрү ошону жазып берсемби дедим эле. Эми, эки күн облучение жок экен. Жата бергенде эмне дейин десем, эки күн бою мени көргөнү келгендердин апкелген тамак-ашы текке кетерин ойлогондо, кетпейле жата берсемби десем, врачтар өзүлөрү да үйгө барып келиңиз деп атышат.
– Ии, гезитиңер кантип атат? Өтүп атабы? Бир топ хохмалар бар эле. Өткөндө “Агым” гезити жазган турбайбы мени, кемпиринин чайын ичип эле жөн жата бербейби деп… Өлгөнчө да жөн жатпай ошолордун кыжырына тийип өлөйүн дедим эле. Кой, эми. Баргыла. Силердин ишиңер бар.

Ооруканадан тышка чыктык. Кимия жеңе менен Алымга сүйөнүп турган Салижан аке эки колу менен тизесин кармай калды.
– Ох, ооруп атат, – деди.
– Балдак керек окшойт, – дедик.
– Баса, тигил, колу-буту сынгандардын больницасын көздөй айдагыла, кетип баратып терезеден ыргытып ийген сынык-сунук балдагы болсо ала кетели, – деп каткырды. Аңгыча, кызы Салима машинесин айдап келип, эшигин ача салды. Салижан аке түшүп баратып, бизге айткан сөзү ушул болду:
– Мен кеттим… Жакшы калгыла!

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, «Кыргызстан маданияты» («Кыргыз гезиттер айылы»), 17.03.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.