С.Каралаевдин 120 жылдыгына арналган “Эстен кетпейт” чыгармалар жыйнагынын бет ачар аземи болду

s_karalaev

Бүгүн (12-сентябрь) Бишкектеги Кыргыз улуттук китепканада улуу Манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына арналган “Эстен кетпейт” чыгармалар жыйнагынын бет ачар аземи болду. Аталган жыйнак “Саякбай манасчы” коомдук фонду тарабынан ишке ашкан.

“Саякбай манасчы” коомдук фондунун директору Талантаалы Бакчиевдин айтымында жыйнакка залкар манасчы Саякбай Каралаевдин бардык аңгемелери, дастандары, эскерүүлөрү жана өтө сейрек кездешкен фотолору киргизилген. Анда Саякбай Каралаевдин башынан өткөн окуяларын, жалпы кыргыз элинин тарыхын, дүйнө таанымын, аң-сезимин, философиялык ой-жүгүртүүсүн, үрп-адатын, салтын, жаратылышы чагылдырылган.

““Саякбай манасчы” коомдук фонду 2014-жылдын 11-апрелинде түзүлүп, каттоодон өткөн. Фонддун негизги алып жүргөн озуйпасы жана негизги максаты болуп “Манас” эпосун жана анын идеяларын таанытуу, жайылтуу, С.Каралаев жана башка манасчылардын чыгармачылыгын, руханий мурасын колдоо болуп саналат. 20-кылымдын алп манасчысы Саякбай Каралаевдин кыргыз жана дүйнөлүк маданиятка, адабиятка кошкон салымы эбегейсиз зор. Анын өнөрканасында “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Кенен”, “Алымсарык”, “Кулансарык” баатырдык эпостору жана бир катар чет тилдерде которулган “Эр Төштүк” баатырдык эпостору таандык. Анын айтуусундагы “Манас” эпопеясы 500553 сап ырдан турат. Бул дүйнө боюнча эң көлөмдүү вариант болуп эсептелинет”,-дейт Т.Бакчиев.

“Дем”, 12.09.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.