Жүрөгү эркин, ырлары менен арбаган Белла Ахмадулина
Орус адабияты чоң жоготууга учурады. Көрүнүктүү акын Белла Ахмадулина 73 жашында каза болду. Анын сөөгү 3-декабрда жерге коюлат.
Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Сагын Акматбаева өткөн кылымдын 70-жылдары Москвадагы адабият институтунда окуп жүргөндө Белла Ахмадулина менен поэзия кечесинде ырларын окуганын, анын чыгармачылыгына жогору баа берерин билдирди.
– Москвадагы адабият институтунда өз доорунун белгилүү акыны Белла Ахмадулина да окуган экен. Ал киши менен жакындан таанышып, ымала түзө алдыңызбы?
Сагын Акматбекова: Туура айтасың. Мен окуган институтта Белла Ахмадулина менден мурда окуп кеткен экен. Анын ырларын окуп, атын угуп жүргөнүм менен бет келишип таанышкан жокмун. Бирок бир поэзия кечесинде чогуу ыр окуганбыз. Ошол адабият институттун бүтүрүүчүлөрү жана ошол кездеги студенттери менен жылына бир-эки жолу поэзия кечеси өтүп турчу эле. Мына ошондой кечеде Ахмадулина ырларын окуп, ал кишини ошондо көргөм.
– Сиздер окуп жүргөндө Белла Ахмадулинанын чыгармачылыгына, адамдык касиетине кандай баа берилчү эле?
Сагын Акматбекова: Абдан жакшы баа берилчү. Адабий чөйрөнүн арасында Белла Ахмадулина, Андрей Вознесенский, Булат Окуджава, Владимир Высоцкийдин аты чыгып калган. Кыргызда жакшы сөз бар го, “жалгыз дарак токой болбойт” дегендей, ар бир доордо таланттар дагы топ-тобу менен келет экен. Мына ошолор: Белла Ахмадулина, Андрей Вознесенский, Булат Окуджава, Владимир Высоцкий, Рождественский, Евтушенколор Никита Хрущевдун маалында таанылып чыга келишти. Мына ушулар тобу менен келип, бардыгы таланттуу акын болгон.
– Ошолордон Белла Ахмадулинанын чыгармалары эмнеси менен айырмаланчу эле?
Сагын Акматбекова: Кадимки чыныгы таланттуу акындар сыяктуу эле ал өзүн гана ойлонткон, өзүн капа кылган, өзүн санаага салган, өзүнүн жүрөгүн ооруткан же өзүн кубанткан нерселерди жазган. Ал даяр жолго түшкөн эмес. Анын өзүнүн почерки бар эле. Ырлары менен өзүнүн трагедиясын, өзүнүн сүйүүсүн айтчу.
Ошол кездеги идеологдорго мындай чыгармалар жага бербейт эле. Ал учурда Коммунисттик партияны мактаган ырлар керек элек. Ошол кездеги социализмди мактаган ырлар талап кылынчу эле. Бийликтегилерге дайыма ушундай ырлар керек болчу. Ал киши андай ырларды жазган эмес.
Орус адабияты аябай чоң жоготууга учурады деп айтып жатышпайбы. Чындыгында ошондой болду. Дагы “Марина Цветаева менен Анна Ахматованын мураскери кетти” деп айтып жатышпайбы. Буга кошулам.
– Белла Ахмадулина кайсы бийликтин тушунда болсун өзүнүн позициясынан тайбай келген демократиялык маанайдагы акын. Мына ошол Ахмадулина сыяктуу кыргыздарда бийликке кошомат кылбаган, чындыктан тайбаган акындар болдубу?
Сагын Акматбекова: Мындайлар сейрек болду го. Мисалы, Рамис Рыскуловду айтса болот. Ал өзүнүн дервиштик касиети менен ыр жазып келаткан акын.
– Кыргыздын акын-жазуучулары орустун жазмакерлеринен таасир алып келгени белгилүү. Белла Ахмадулинанын чыгармалары кыргыз акындарына таасир бергенби?
Сагын Акматбекова: Таасири чоң эле болду деп ойлойм. Биз институтта окуп жүргөндө Вознесенский, Евтушенко, Булат Окуджава, Белла Ахмадулина, Высоцкийдин ырларын окуп чоңойдук. Биздин кыргыз акындарына да таасирин тийгизди. Биз да ошолордой эркин бололу, ошондой эркин жазалы деп умтулдук да.
– Ахмадулинанын чыгармалары кыргызча которулганбы?
Сагын Акматбекова: Белла Ахмадулинанын ырларын которсо которгондур. Бирок мен билбейт экем.
– Сизде Белла Ахмадулинанын ырларын окуп, кыргыз тилине которуу тууралуу оюңуз барбы?
Сагын Акматбекова: Чоң акындардын ырларын кыргыз тилине которуш өтө кыйын. Бирок мен анын чыгармаларын кыргызча которгонго аракет кылам. Белла Ахмадулинанын арты кайрылуу, жаткан жери жайлуу болсун.
– Маегиңизге рахмат.
Аманбек Жапаров, «Азаттык», 02.12.2010-ж.