ААЛАМДЫН АДАМЫ АЙТМАТОВДУ КЫРГЫЗДАР КАЧАН БААЛАЙТ?

aitmatovАйтматов… Ушул карапайым кыргыздын аты ааламды кезип, улутуна, динине, тилине карабай жүрөктөрдү толкутуп, кыргыз деген элди дүйнөлүк аренага алып чыкканын тана албаспыз. 10-июнда ааламдын адамы Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салганына эки жыл болот.

Чыңгыз Айтматовдун кыргыз элине кылган эмгеги тууралуу айтуунун да кереги жок болсо керек. Бирок улуу инсандын улуулугун, бийиктигин сезе албай жатканыбыз чоң өкүнүч. Көзү өткөнүнө эки жыл болгону менен, анын чыгармачылыгына, атына татыктуу иш жасала элек. Алтургай көр пенделикке салып “Чыңгыз кыргыз үчүн эч нерсе кылган эмес” дегендер да бар. Өнөргө баа берген, асылдыкты даңктаган кыргыздын кылары ушулбу?! Эки жылдан бери шаардын көрүнүктүү жери эле эмес, “Ата-Бейиттеги” күмбөзүнө эстелик тургузула элек. Чыгармалары менен өзүнө түбөлүктүү эстелик тургузуп кеткен Айтматовдун бул эстеликке эч кандай муктаждыгы жок деңизчи, бирок артында калган кыргыз элине намыс.

Биз Айтматовго кайдыгерлик менен карап турган учурда башка эл Чыңгыз Айтматовдун наамын ыйгарууну сыймык катары көрүп жатышат. Мисалы, Түркиянын Гебзе шаарындагы чоң гүлбакка Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилди. Ал эми Татарстандын Мэчкэрэ айылындагы мектепке Чыңгыз Айтматовдун аты ыйгарылды.

Дагы бир мисал, кыргыздын чыгаан уулу Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин коюу маселеси 9 жыл бою айтылып, бирок эч кандай жыйынтык чыкпай келет. “Бул маселе да ошонун сыңары көп жылдарга узарып кетпейби? Эмне үчүн Айтматовдун атына татыктуу эч нерсе жасала элек?”деген суроолорго жооп таппай келебиз.

Экинчи маселе, Айтматовдун чыгармалары “Нобель”сыйлыгына татыктуу болгону менен, бул сыйлыкты албай кетти. Айрымдардын айтуусунда, СССР убагындагы Чыңгыз аганын алган наамдары бул сыйлыкты алганга кедерги болгон. Кантсе да “эмнеге бул сыйлык берилбей калган?” деген табышмактуу суроонун жообун тиешелүү адамдардан издеп көрүүнү чечтик.

myrzosy

ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВГО ЭСТЕЛИК КУРУУ МАСЕЛЕСИ
ЭМНЕГЕ КӨТӨРҮЛБӨЙ ЖАТАТ?
ЭМНЕ ҮЧҮН “НОБЕЛЬ” СЫЙЛЫГЫН АЛБАЙ КАЛГАН?

ilgizИлгиз Айтматов,
техника илимдеринин доктору, академик,
Чыңгыз аганын иниси:
– Чыңгыз кайтыш болгондо эле бул маселе кө­тө­рүл­гөн. Би­рок эмнегедир эки жылдан бери иш­ке ашпай келет. Өзү­ңөр күбө болгондой, өл­кө саясий- эконо­микалык жактан кыйын абалда калды. Эл ушинтип жатса,“Чыңгызга эмнеге эстелик тургузбайсыңар?” деп өкмөттүн эшигин каккылаганга менин аброюм да, адамдык парасатым да жол бербейт. Тынчтык болсо, бул ишке аша турган нерсе. Түшүнүгү тар адамдар “жакындары деле коюп койбойбу” деши да мүмкүн. Бирок Чыңгыздай масштабдуу адамга эл аралык стандарттагы эстелик коюлушу керек. Анча-мынча каражатка коюлган эстелик Чыңгыздын атына татыктуу эмес. Эми азыр кимге барып эмне деп айта аласың? Эл тынчып, баары ордуна келгенде бул маселе караларына ишенем. Чыңгыз каза болгондо Талас облусунун Кара-Буура районундагы кичине шаарчага Чыңгыздын атын ыйгаралык дешти. Биз “болбойт, Чыңгыздын атын анча-мынчага коё бербейли. Чоң шаар болсо бир жөн” деп баш тартып койдук. Чыңгыз менен акыркы сүйлөшүүмдү да көп эстейм. Ал “ушул мааракени кийинки жылдарга жылдырсакпы?” деген оюн айтканы эсимде. Өзү да 80 жылдык мааракесинин убарасы менен көп жүрүп, ооруп калды.

“Нобель” сыйлыгы боюнча айтсам, агам бул тууралуу эч нерсе деп айткан эмес. Ошондуктан өзү деле анчалык каалабаса керек деп ойлоп калам. “Эмнеге берилген жок?” деген маселеге деле баш ооруткум келбейт. Чыңгыз өзүнүн “Нобель” сыйлыгын куруп, тургузуп кетти.

esenturЭсентур Кылычев,
“Нобель” сыйлыгы боюнча изилдөөчү:
– Чыңгыз Айтматовдой залкар адамдын эстелигин коюу оңой иш эмес. Ал үчүн эл аралык деңгээлдеги чеберлерге сынак жарыяланышы керек. Эстелик эстетикалык рахат тартуулоосу зарыл. Мына, Токтогулдун эстелиги турат, комузун колго алып кой кайтарган кишиге окшоп… Аалы Токомбаев турат үңкүйүп, Опера-балетти кайтарган кароолчу кейиптенип…Чыңгыз Айтматовдун эстелиги мыкты табит менен эл жанынан суктанып өтө тургандай жасалышы керек. “Кокуй, намыс эле” деп шаша-буша бир нерсени коё салгандан эч ким утпайт. Кыргыз жашап турганда Чыңгызга татыктуу эстелик коюларына ишенем.

Чыңгыз Айтматов “Нобель” сыйлыгына көп жолу көрсөтүлгөн. Айрымдар анын “Нобелди” албай калганын “чыгармаларын экрандаштыргандан же дагы башка нерселерден” деп айтып жүрүшөт. Бул да туура эмес. Анткени “Тынч Дон” чыгармасы экрандашканына карабай Шолохов аталган сыйлыкты алган. Эми жалпыга түшүнүктүү болушу үчүн “Нобель” сыйлыгы тууралуу айта кетейин.

Адабият тармагы боюнча, бул сыйлык эң жогорку статуска ээ. Талапкерлерди тандоо жүрүшү үч айлампадан турат. Биринчи айлампада 350-400 талапкердин чыгармачылыгы талдоого алынат. Экинчи айлампага 40тай акын-жазуучу калтырылат. Акыркы айлампада беш талапкер добушка коюлат да кимиси көбүрөөк добуш алса, ошол сыйлыктын бактылуу ээси болуп калат. Айтматов бир жылкы сынакта бир эле упайга утулуп калган. Ал Орто Азия боюнча, орусча айтканда, “ярый претендент” болчу. Аныкындай шедевр чыгармалар аз гана санда. Ошого карабай бул сыйлыкты албай калды.

sultanСултан Раев,
Драматург:
– Албетте, заманыбыздын залкар инсанына эстелик тургузуу маселеси көтөрүлгөн. Чыңгыз агабыз жаткан “Ата-Бейитке” эстелик коюу 2010-жылга болжолдонуп жаткан эле. Залкар адамдын эстелигин жасатуу үчүн бир канча даярдыктар керек болчу. Эстеликти тургузууга эл аралык сынак жарыяланган. Өлкөбүз мындай коогалаңдуу учурду башынан өткөрбөгөндө, балким, буга чейин тургузулуп калат беле…

2008-жылы Айтматовдун “Нобель” сыйлыгын алууга чоң мүмкүн­чүлүгү бар болчу. Анткени 80 жылдык юбилейине карата бул маселе бүткүл түрк тилдүү мамлекеттеринин атынан курч мүнөздө коюлган. Бул ишке мен өзүм да аралашып калгам. Албай калганынын бирден бир себеби – ал кишинин көзү өтүп кеткени. “Нобель” комитетинин мыйзамы боюнча, көзү өтүп кеткен жазуучуларга бул сыйлык берилбейт. Эгерде жеңүүчү сыйлык тапшырардан бир айга жетпей каза болсо гана аталган сыйлыкка ээ болушу мүмкүн. Бирок Айтматовдун чыгармалары бул сыйлыксыз деле өз баасын алды деп ойлойм.

Нуржамал Жийдебаева, «Супер-инфо»,
№397 11-17-июнь, 2010-ж, koom@super.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.