Оо анда мындан башка элем, /Он сегиз гана жашта элем…

Кыргыз эл акыны, чебер котормочу, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты Кыргызстандын эл агартуусунун мыктысы, Казакстандын кайраткери деген наамдардын, биринчи даражадагы Ата Мекендик согуш орденинин, үчүнчү даражадагы Манас орденинин ээси. А.Фадеев атындагы Бүткүлсоюздук адабий сыйлыктын лауреаты. Каармандыгы үчүн, Даңк медалдары менен, Кыргыз, Украина, Саха-Якут республикаларынын Жогорку Кеңештеринин Ардак грамоталары менен сыйланган, Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмдун (ВОИС) Алтын медалынын ээси. Ош жана Бишкек шаарларынын ардактуу жараны Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүнүн Кызыл-Жар кыштагында туулган.

Алгачкы “Эмгек күүсү” аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы басмадан чыккан. Андан бери акындын 30дан ашык ыр китептери өз эне тилинде жарык көргөн. Акындын “В ожидании гостя”, “Орлица”, “Горные зори”, “Жаворонок”, “Золотая Чинара”, “У огня”, “Песни белых вершин”, “Моя жизнь” сыяктуу 15 ыр китеби орус тилинде чыгып, анын көпчүлүгү Москвадагы борбордук басмалардан жарык көргөн. Мындан сырткары, китептери казак, өзбек, украин, азербайжан, тажик тилдеринде басылып, көптөгөн ырларын 30дан ашуун улуттун өкүлдөрү өз эне тилдеринде окуп келишет. Анын талантынан жаралган “Үмүт”, “Тирүүлөргө” , “Чагылган”, “Кызыл дептер”, “Ак Мактым”, “Ак Саткын”, “Раззаков баяны” аттуу дастандары акындын олуттуу ийгиликтери. Ал эми анын ыр менен жазылган “Курманжан Датка” аттуу романы акындын чыгармачылык жемиши. Анын 70тен ашык ырларына композиторлор, обончулар обон жазышып, эл арасында ырдалып жүрөт.

С. Жусуев көрүнүктүү котормочу. Ал У.Шекспирдин, Ю.М.Лермантовдун, А.С.Пушкиндин, Кунанбаев Абайдын, Т.Г.Шевченконун, Омор Хаямдын, С. Есениндин, Р.Гамзатовдун, Магжан Жумабаевдин, Мацуо Басёнун, Исикава Такубокунун ж.б мыкты акындардын ырлырын кыргыз тилине которгон.

Саламатсызбы, Сооронбай ата, Өткөн мүчөл жылыңыз сиз үчүн кандай жыл болду?
Өткөн жылда бир топ жаңы ырларды жаздым. Арашан чыгармачылык үйүндө 3 айдан ашык Кыргыз Республикасынын Баатыры Сүйүнбай Эралиев экөөбүз бирге болдук. Ошол аралыкта ойдо жүргөн максаттарды ишке ашырып, жакшы нерселерди жаратууга аракет жасадым. Арашандан келгенден кийин ал ырларымды кайрадан карап чыгып гезиттерге бөлүштүрүп, бир баштан берип жатам. Мындан беш жыл мурда “Ала-Тоо барда мен бармын” аттуу ыр китебим чыккан. Ошондон берки жазылган ырларымды топтоп басмага бердим. Буйруса, ушул жылдын май айына чейин чыгып калат деген үмүтүм бар. Андан сырткары юбилейге даярдык көрүп жатам.

Азыркы курагыңызда мындай иштерди жасоонун өзү кубаныч болсо керек?
Ушул куракта ушундай иштеш ар бир эле адамдын колунан келе бербесе керек. Андыктан, өзүмө өзүм абдан ыраазы болуп отурам.

Улуу Жеңиштин 65 жылдыгы келе жатат. Ошону утурлап, согуш күндөрүнөн кеп салып бербейсизби?
Мен өзүм 18 жашымда согушка кеткенмин. Ошол боюнча минтип ыр жазган элем.
Оо анда мындан башка элем,
Он сегиз гана жашта элем.
Кан күйгөн жерде жүргөнмүн,
Касканы кийип башка мен…

Башыбызга каска, үстүбүзгө сур шинел кийип, сурданган, кан майданда жүрдүк. Согушка 1943-жылы бардым. Бизди башында Алма-Ата шаарында пулёметчулукка машыктырган. Согушка түшкөндөн кийин бизди жөө аскерлер полкуна жибербей, артиллерия полкуна жиберген. Күн-түнү үзүлгөн зымдарды улап, Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда, 27-артиллериялык полкто байланышчы болуп кызмат кылганмын. Байкоо пункту деген бар эле. Эң алдыдагы душмандарды көзү менен көрүп турган жерде чалгынчыларыбыз биз тарткан телефон зымы аркылуу замбирекчилерге душмандардын турган жерин, ал-абалынан кабар берип турчу. Ошол чалгынчылардын билдирүүсүнө жараша замбирекчилерибиз душмандарга сокку урар эле. Биз алардын ортосундагы байланышты үзбөй карап турчубуз. Зымдын үстүнөн танкалар, арабалар өтөт, болбосо душмандардын аткан снаряддары жарылып, зымдар үзүлүп калат. Ошондой учурларда биз чуркап барып үзүлгөн байланышты улап, калыбына келтирип турчубуз. Согушта эки жолу жоо огунан жарадар болдум. 1944-1945-жылы жарылуудан улам жарадар болуп, госпиталдан сакайып, кайрадан кызматымды улап жүрдүм.

Согуш учурунда ыр жарата алдыңызбы?
Согуш мезгилинде анча-мынча дем алыш убактар болуп калчу. Ошол убактан пайдаланып, кээде окоптун ичинен, кээде блиндажда (жер кепеде) отурганда оюма келе калган ырларды жаза салчумун. Ошондой ырлардын бирөө “Алдыга жүргүн, кыргыздар!” деген ыр болчу. Ал кездеги “Советтик Кыргызстан” журналынын редактору (азыркы Ала-Тоо) Жоомарт Бөкөнбаевдин атына ошол ырымды кат менен кошо жолдогом. Кийин Жоомарт Бөкөнбаев менин катыма жооп жазып жибериптир: “Үч бурчтуу болгон солдаттык кат келип калды. Сиздин катыңызды алдык. Ырыңызды журналга чыгарам. Биздин алатоолук жоокерлер жакшылап согушушсун! Кыргыз элинин намысын кетирбей, кан жанын аябай согушушсун! Менин ушул саламымды айтып коюңуз” деген маанидеги кат эле.

Ошол кат азыр барбы?
– Солдаттардын ар биринде жеке буюмдарын салган буюм баштыгыбыз бар болчу. Ошол катты да буюм баштыгыма салып, катып жүргөм. Кыштын күнү болчу. Насва деген темир жол станциясында жарылуу болуп, байланыш зымы үзүлүп калды, бизди барып улап келгиле деп жиберип калышты. Биз дегеним менин айылдашым Беккулуев Осу деген бар болчу. Экөөбүз зымды улап кайра келсек мен жаткан окопко душмандардын снаряды түз тийип, жарылып, менин буюм баштыгым бүркүлүп кетип, эч нерсе калбаптыр. Эгер ошондо жанагы үзүлгөн зымды улаганы кетпегенде снаряд менин үстүмө келип түшмөк экен. Жоомарт Бөкөнбаевдин каты ошол окуяда жоголуп кеткен. Болбосо азыркыга чейин катып жүрмөк элем. Жазган катынын негизинде жогорудагы айткан ырым 1943-жылы “Советтик Кыргызстан” (азыркы “Ала-Тоо”) журналынын 12-санына жарык көргөн. 1944-жылы дагы эки ырым май, июнь айларында журналдын 6-номуруна чыккан. Журналдын ошол номуру Жоомарт Бөкөнбаевдин акыркы жолу кол койгон журналы болуп калды. Ошол жылы жол кырсыгынан каза болду. Ал кишинин “Курманжан” аттуу роман жазам деген тилеги бар болчу экен. Тагдырдын буйругубу, акындын аткарылбай калган ой-тилегин мен улантып, “Курманжан Датка” романын жаратканыма өзүм да таң калам. Балким, ал кишинин жазганы таптакыр башка Курманжан болот беле. Жоомарт Бөкөнбаев менен бир жолугуп, өзүмдүн ыраазычылыгымды айтам деп жүргөн элем. Тилекке каршы андай болгон жок. Ал кишинин өлүмүнө байланыштуу дагы бир окуяны айта кетейин.

Темиркул Үмөталиев Кавказда согушуп жүргөн кезде өргүү алып бир айча эс алып, кайра кетип жатканында Жоомарт Бөкөнбаев жубайы Тенти, Темиркул Үмөталиевдин жубайы Зуура болуп темир жол вогзалына узатып барышат. Вагонго киришип, Темиркулду жайгаштырышып, коштошуп болгондо Жоомарт: “Эми кыздар, силер коштошуп бүтсөңөр сыртка чыга тургула, менин Темиркулда эркектик сөзүм бар” – дейт. Эки дос жалгыз калганда Жоомарт Темиркулду мойнунан кучактап, – “Темике, болду эми экөөбүз мындан ары көрүшпөйбүз. Же сен өлөсүң же мен өлөм” – дейт. Темиркулдун өзүнчө ачуусу келип, бу кандай, ызылдап ок учуп турган фронтко бараткан мен өлөм да, тынчтыкта, тылда калган бул кайдан өлмөк деп ойлонот. Ошондо Жоомарт: “Темике, мен сени Кара-Балтага чейин узатып барып келемин” – дейт. Досунун жогорку жоругуна таарынган Темиркул ачууланып: – Кереги жок! Узатпай эле кой, өзүм эле кетем – деп жөнөп кетет. Көрсө тагдыр Жоомарттын көңүлүнө сала берген экен да. Болбосо кан күйгөн майданда жүргөн Темиркул аман-соо калып, тылда жүргөн Жоомарт жайдын кап ортосунда, түз жолдо каза болуп калды.

Улуу Жеңишти кайсы жерден тостуңуз?
– Согушта жүрүп, Латвиянын Салдус деген шаарында тостук. Душмандар бизге багынып беришип, Жеңиш менен ошол жерде кездештик. 1946-жылдын аягында аскерден бошотулуп, мекенибизге кайтып келдик. Киндик каным тамган Алайкуунун Кызыл-Жар кыштагына 1946-жылдын 13-январында жеткеним күнү бүгүнкүдөй эсимде. Согуштан кайтып келгенден кийин 1946-1947-жылдары Совет райондук “Коммунизм үчүн” гезитинде жооптуу катчы болуп иштедим. 1947-1949-жылдары Ош мамлекеттик мугалимдер институтунда окуп, анын кыргыз тили жана адабияты факультетин бүтүрүп, 1949-жылдан 1951-жылга чейин Ош облустук “Ленин жолу” гезитинин редакциясында бөлүм башчы болуп кызмат өтөдүм. 1951-жылы Кыргызстан жазуучулар союзунун сунушу менен Москвадагы Максим Горький атындагы адабий институтуна таланттуу, улуу акын Байдылда Сарногоев экөөбүз бирге барып окудук. Бир жатаканада жашап, бирге окуп, беш жыл бир жүрдүк. Көп окуп, көп тажрыйба алдык. 1957-1959-жылдары башта Жоомарт Бөкөнбаев иштеген Ала-Тоо журналында башкы редактор болуп эмгектендим. Андан кийин бир жыл “Чалкан” журналында жооптуу катчы болуп иштедим. 1960-жылдан 1986-жылга чейин Кыргызстан жазуучулар Союзунда адабий кеңешчи болуп иштеп, көптөгөн жаштарды адабиятка алып келүүгө жардам бердим десем болот.

Көп жаштарга жардам бердим деп айтып өттүңүз. Шакирттериңиз барбы?
Баланча менин шакиртим эле деп мен айта албайм. Ошол шакирттер өздөрү Сооронбай агай окутуучум, таалимчим эле деп айтса, анда мейли.

Бүгүнкү күндөгү адабият сизди канааттандырабы?
– Заман өзгөргөндөн кийин, көп өзгөрүүлөр болду. Адабияттын өсүшүнө азыркы мезгил тоскоол болду деп айтсак да болот. 2006-жылы “Сөз кудурети” деген китеп чыгаргам. Негизи эле улуу акындар өзүнөн мурунку, өзү менен теңтуш, өзүнөн кичүү акындар жөнүндө эч нерсе айтпай кетишкен экен. Мен өзүмдүн пикиримди айтып, баамымды берип кетейин деп, ушул китепти жазып, Арстанбек, Жеңижок, Барпы, Токтогулдардан тартып, азыркы жаш акындарга чейин жаздым. Бул китепке көп акындар тууралуу жазылды. Азыр мага ыраазы болуп жүрүшөт. Заманың, өзүң жашап турган кезиң жөнүндө эч кандай ой айтпай кетсең туура болбой калат. Мен кыргыз поэзиясынын өнүгүшүнө баштадан эле көз салып келгем. Азыр да көз салып турам. Поэзияны эле алып караганда азыркы поэзиянын өнүгүшү мени канаттандырат деп айта алам. Себеби, жакшы акындар өсүп келе жатат. Мисалга алсам Нурлан Калыбеков, Зайырбек Ажыматов, Мирлан Самыйкожо сыяктуу күчтүү акындар чыгып келатат. Ушундай акындардын өсүп келе жатканы, жыйнактары чыгып жатканы бул мезгилдин жакшы жагы. Таланты жок, бирок, акчалуу кишилердин китептери чыгып акынбыз деп жүргөндөр да бар, бул мезгилдин начар жагы. Ырга тиешеси жок эле кишилердин супсак, маанисиз ырлары топтолгон китептер мени иренжиткени болбосо жогоркудай жаш муундардын өсүп келатканы кубантат.

Сооронбай ата, кызыктуу маегиңиз үчүн чоң ырахмат. Алдыда келе жаткан Улуу Жеңиштин 65 жылдыгы, 85 жылдык кутман курагыңыз менен куттуктайбыз! Карылыкка моюн сунбай, кыргыз адабияты үчүн дагы да көп иштерди жасай бериңиз.

Маектешкен Нуриза Өмүрбаева

Алдыга жүргүн кыргыздар!
Айбаттуу, канкор душманды,
Алдыда турган түнөрүп
Бактысын кыркып кууратып,
Батышка карай сүрөлүк.
Өлөрман душман өрөпкүп
Өмүрү өчсүн түбөлүк.
Ар-намыстуу кыргыздар,
Алдыга жүргүн күүлөнүп.

Касташып душман келгенде
Кайраты ташып кайнаган,
Бирдиктүү кирип майданга
Бир сөзүнөн тайбаган
Жоокер кыргыз мына биз
Жоого сокку уруучу,
Антына туруп жоо жеңүү
Азамат элдин жумушу.
Чаалыкпас кыргыз жоокерлер,
Чабуулга чыккын жабылып.
Элибиз турат көз салып,
Эрдикти күтүп сөз салып,
Келсе дейт бизди жоо жеңип
Кең Ала-Тоо сагынып.
Согушуп жаткан Армия

Бул ыр башкы редактор Ж.Бөкөнбаевдин колдоосу менен “Ала-Тоо” журналынын 1943-жылдагы 12-санына жарыяланган.

“Тарыхый мурас” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 16.03.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.