Алым менен Шербет

Маалымат жана басма сөз күнүнүн алдында, 4-ноябрда , “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду айтылуу журналист-публицист, белгилүү акын Алым Токтомушевди эскерүү кечесин өткөрдү. Алым Токтомушев тууралуу сөз кылганда анын жубайы, белгилүү акын Шербет Келдибекова тууралуу айтпай коюуга болбой тургандыгы бул кечеде дагы бир жолу тастыкталды.

Шайлообек Дүйшеев: “Алым менен Шербет урушса акча, дүнүйө талашып эмес, чыгармачыл ой, пикир талашып урушкан”

– Алым менен Шербет экөө тең акын болгон. Экөө өмүрдүн аягына дейре тегирмендин ташындай жуп болуп, өмүр деген агып турган суу болсо, ошол өмүр менен жашоону бирдей айланып, турмушту бирдей тегеренип, бала ордуна ыр багып, бири-бири менен ынтымак-ыйманда жашап, артына үлгү болоорлук из таштап кетти. Бул жалган дүйнөдө изи калбай, ың-жыңсыз кеткендер канча? Бизге чейинки кыргыз жазуучулары кыргыз адабиятын орус адабияты аркылуу байытып, Пушкин менен Толстойду, Чехов менен Гоголду, Горький менен Бунинди, Есенин менен Маяковскийди которуп, алардын ким экенин окутуп, үгүттөп, үйрөтүп кетсе, Алым менен Шербет бизге орус адабиятынын классиктерин которуп окутуп, үйрөтүп кетти. Алым менен Шербеттен биз Анна Ахматова менен Цветаева, Пастернак менен Осип Мандельштамды таанып билгенбиз. Кыргыз кыртышын жаңы сорттогу үрөн менен байытууну көздөгөн дыйканга окшоп, Алым кыргыз адабиятынын кыртышын Пастернак, Мандельштам, Ахматова, Цветаева, Рильке, Неруда өңдүү таланттардын таасирине тартып, ошолордун ырлары менен байытып келген.

Өзү да ырды ошолорго шыктанып туурап жазып, кумир тутуп жашады. Алымдын китепканасы ушундай мастерлердин колго тийгис китептерине өтө эле бай болчу. Алым менен Шербет эл сыяктуу эле “Эрди- катын урушат, эртең кайта табышат” деп кыжылдашып урушкан, ыжылдашкан, бирок эч качан алар акча, дүнүйө талашып урушкан эмес. Урушса “Пастернак антип жазган эмес, Рильке минтип жазган деп, Анна Каренинаны Толстой өлтүргөн, Пушкинди Данте эмес, атак-даңк өлтүргөн деп” урушкан. Алым Пастернакты катуу кадырлап, катуу сүйчү, Пастернакты акындардын баарынан, балким Шербеттен да катуу сүйгөн болушу керек.

Кезинде Кет Бука келди дегенде опол тоо келсе да козголбогон Чыңгызхан ордунан туруп тосуп, төрдөн орун берди деген уламыш бар. Бир кезде мага интервью берген эл акыны Рамис Рыскулов Жеңижоктун жети сабын орус тилине которуп окуп берсем, батыштын 70 акыны чалкасынан кетти, “О кудая тобо, ушундай дагы ыр саптары болот экен” деп айтып берди эле. Ошол Алыкебиз пир туткан Пастернактын, Шербет эжебиз кумир туткан Цветаеванын кумири немис элинин улуу акыны Райнер Рильке баары таптаза, айылы шаардай таза, такыба, мышыгынан бери таптаза, тыкан жашаган цивилдүү Германиядан Сибирге келген Рильке ай-тарабы албаалап-далбаалап, ачылып-чачылып жаткан айыл-кыштактарын көргөндө, бармактай бадыраң менен салосун жеп жаткан мужиктери менен кез келгенде, ичинде кылдай кири жок, ачык –айрым орус калкын жанындай жакшы көрүп калыптыр. “Слово о полку Игореве” деген чыгармасын окуганда такыр кеткиси келбей, Россияда жашап калгысы келген. Бирок ар кандай себептерден улам жашаган эмес.

Биздин Жеңижоктун жети сабын окуган батыштын 70 акыны чалкасынан түшсө, мен өзүмчө ойлойм, Саякбай менен Сагымбайдын “Манасын” окуган немистин 70 эмес, 700 Рилькеси мүрт кетмек экен деп. Ошол өзүбүздүн чапанчан, кызыл жүз, кымыз жыттанып, кара саңсаң тебетей кийип дөңдө олтурган Кет Бука, Калыгул менен Арстанбек, Сагымбай менен Саякбайдын, Барпы менен Жеңижоктун фонунда мен үтүктөлгөн костюм-шым, ак көйнөк, бутунда жалтылдаган кара туфли, мойнунда кара “бабочка” тагынып, арык, кубакай жүз, ийнинде жээрде кайыш сумкасы, башында чаар кепкасы бар, арык, манжалары ипичке, чылымды кыйшайта тиштеп, түтүндү түрүлтө үйлөп, аларга салам айтпай, балким салам айтып өтүп бараткан кыл мурутчан Алыкени эстей берем. Бизде да Пастернакты эмес, Алымды туурап жазгандар, Цветаеваны эмес, Шербетти туурап жазгандар пайда болду. Алымдын өзүнүн шакирттеринин мектеби түзүлдү, анын бири деп өмүрү кыска болгон, дагы бир таланттуу акын -Жолдошбек Зарлыкбековду айтар элем. Жолдошбек музоонукундай көздөрүн жайнатып келатканда анын ичи-сыртын жакшы билгендер анын кайдан, кимден келатканын айттырбай билип алаар элек. Анысын өзү да жашыра албай, “Алым жездемкинен келе жатам” деп айтып жиберер эле. Жолдошбек Шербет менен бир айылдан, Кочкордун Кара-Суусунан, Кочкордун Кара-Кужурунан болчу. Жолдошбекти жолдон тосуп алып “жөн келаткан жоксуң” деп демитсек, анын койнунан Алымдын үйүнөн “көрсөтпөй” көтөрүп келаткан, биз билбеген, биз көрбөгөн китептери чыкчу. Андан кийин Жолдошбектин каны Пастернак, жаны Алым жыттанган жаңы ырлары жайнап жазылаар эле.

Алыкул, Айтматов, Байдылда Манас менен сүйлөсө, Алыке Пастернак, Мандельштам менен сүйлөчү, ал эми Жолдошбек болсо Алым менен сүйлөчү. Көрсө бул деген жашоонун, жаңылануунун, өсүп-өнүгүүнүн диалектикасы экен. Касым Тыныстанов, Аалы Токомбаев менен канат кагып чыккан кыргыз поэзиясы улам жолун ачкан сайын жаңы сөз, жаңы үн, жаңы кийим кийгиси, жаңыланууга умтулгусу келгени жашоонун мыйзам ченеми, жан дүйнөнүн талабы экен.

Алыке бизге бир күнү Король Лирди ит кылдым деди. Король Лир тууралуу мындай ырын окуду:

Карга каак деп, кузгун куук деп көрүнбөй,
Качантадан тирилик изи жок өңдүү.
Какыраган Аравия чөлүндө
Калкып жүрдү, картая элек король Лир.

Кайда баары, кайда баары, каякта?
Таажыңды бер, мен падыша кездеги.
Булут жылат жараланган канаттай,
Анын сатып жибергенин эстеди.

Какырайып чөл. Кайда башы, аягы?
Кайда батат картая элек король Лир.
Ата журтун, арап элин аяды.
Алмаштырган сыйлыгына Нобелдин.

Караан да жок, кадам да жок бир дагы,
Кудай да жок, болсо кимди унутту?
Ардактаган досун, жакын тууганын,
Алмаштырды сыйлыгына клубдун.

Кең дүйнөлөр келип улам эсине,
Чөл дүйнөгө айланганын түшүнүп,
Ыйлап ийди. Ыйлаганда көзүнөн
Көз жаш эмес, агып жатты түкүрүк.

Алым бул ырын канааттанып, өзүнө тамшанып окуп берди. Негизи өзү жазганын өзү сонуркап окуган акын Алым эле. “Асаба”, “Агым” гезиттеринде жыргап окуп олтурганын, кылгылыкты кылып коюп, тентип кеткен Король Лирлерди эстесек жетиштүү. Президент Акаев менен Бакиевди эстесек жетиштүү.

Алым чечилип өзү тууралуу айта бергенди жакшы көрбөгөнү менен, ичип алганда айылда кой да, уй да кайтарттырбай, кара жумушка аралаштырбай, Кайырмага кадыры сиңген чоң апасы тууралуу айтып калаар эле. Непадам анын баласына тийгендер болсо, байланып турган атка минип, артына Алымды учкаштырып, колуна союл алып чаап барып, “ушу чычкандай баладан башканы таппай калдыңарбы” деп айылды ары-бери аңтарып жиберээрин айтканын укканбыз. Чоң апам айылдагылардын баары сөзүн эки кылбаган кадырлуу аял болчу деп айтканын укчубуз. Алымдын чыныгы турмушту турмуштан издебей, китептен издеп калганы да ушундан улам болуш керек деп ойлой берем. Рилькенин “Ал дарак өзүнөн да бийик өстү” деген ырын Мария Цветаеванын ушинтип өзүнөн да бийик өсүп кеткен дарактар да болот, алар өсүп чыкканча жерден кудай жардам берет, ал эми жети катар асманга жетип алган соң кудай аны өстүрөм деп убара болбой калат деп айтканы бар. Алым Токтомушев да ошол дарак өңдүү эмгегин бизге таштап, өзү жети катар асманга жетип кеткендей элес калтырат.

Алыке ушул жаңы заман келгенде башкача бир ачылды. Алымды адабий чөйрөдө акын, адабиятчы катары билишсе, жаңы доордо Алыке а кездеги “Асаба” гезитине келип иштеп калды. Мелис Эшимканов башкы редактор болчу. Мелистин “чутьесу”, ички сезимдери укмуш эле. Алыкени экономика темасында, саясий темада жазып көрүңүз деди. Бирок андай теманы жазбайм деди. Акыры Алым экономист –журналист, публицист журналист болуп чыга келди, саясаттын тишин чаккан журналист катары ачылды.

 roza_otumbaeva

Роза Отунбаева: “Баарыбызды өзгөртө турган кече”

– Биз Алым менен бирге иштешкен интеллектуалдарды чогултканга аракет жасадык. Алымга теңелген, Алымга төп келген интеллектуалдар арабызда азыр да бар. Алым Токтомушев – терең адам экен. Биз да Алым Токтомушевдин “Балдарга базарлык” аттуу китебин чыгардык. Биз бир гана “Манас” менен жашабашыбыз керек. Бул китептин артыкчылыгы-Алымдын интеллектуалдык деңгээлин көрсөтүп турат, дүйнөдөгү тарыхый окуялар камтылган, кыргыздар ушундай китепти окуп, түшүнүгү болсо жакшы. Бу китеп жөнүндө тарыхчылар айтып берет, тарыхчыларга рецензияга бердик, сүрөтчү Бек Жайчыбеков бай иллюстрациялар менен камсыздады. Кыргызстанда бир миллион бала бар, алар ушул китепти окуса, Алым Токтомушев бөлүшкөн билимди сиңирсе, Кыргызстанды жаратат. Алымдын билими баарыбызга сиңип, баарыбызды өзгөртөт деп ишенем. “Азаттык” радиосу, Олжобай Шакир, менин командам, Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев ж.б. кечени уюштурууда чуркап иштешти.

 

Айылчы Сарыбаев, окумуштуу, Алымдын айылдашы, досу: “Биз айылдык китепканадагы китептерди бүт окуп койчубуз”

– Батыш апа Алымдын чоң энеси эмес, таенеси болгон. Акыркы күнгө чейин Алымдын саяк эмес экенин билген эмесмин, ал Токтомуштун баласымын дечү. Ботаникалык бакта социология, адабият, экономика тууралуу көп сүйлөшөр элек. Ал Кытайга, Америкага командировкага барып келгенден кийин, “дүйнөнү билбейт экенмин, дүйнө башка турбайбы” деп ой-пикири өзгөрө баштады.

Мектепте китепканадагы китептин баарын окуган салт бар эле, муну окудуңбу, тигини окудуңбу деп талашып калчубуз. Алым жөнөкөй журналист эмес, философ, социолог, аналитик болгон. Ботаникалык бакты тааныштарың көп, ага айт, буга айт, оңошсун деп калчу. Дагы бир ирет Балыкчыда эс алып жүрөбүз. Сары-Камыштын ичи самолеттун ары-бери учканынан дуулдап жатат. Сары-Камыштан келгенден кийин “орустардын истребителдери Сары-Камышты бомбалап, туристтер качып кетип жатат” деп жазды. Ошондон кийин самолеттор бомбалаганын токтотту.

 

Эсенбей Нурушев: “Алым аганы гений деп койчумун”

– Алым байкени “сиз генийсиз” деп айтсам, “кой антип айтпа, эл укса эмне болот” деп айтса, “Ошо мен эл уксун деп айтып жатам” дечүмүн. Бу жашоодо “кежироид” деген расадан 5-6 эле киши бар, ошолордун эң башкы атаманы сиз болсоңуз керек” деп калчумун. Ал киши талашканда өзүнүкүн туура эмес болсо да берчү эмес. Гений дегеним бул киши билбеген, окубаган аз эле нерсе бар болчу. Азыр Марксты окубагандар, Геродотту окубагандар Маркс менен Геродот тууралуу айтып жатышат. Алым байке окубаганды, өзү билбегенди эч убакта жазчу эмес. Ошондуктан сот, прокурорлор да лупа менен издеп, анын макаласынан кынтык таба алышчу эмес. Алым Токтомушев “Кыргызстан маданиятына” Жоробек Султаналиев деген акын тууралуу, анын Аалыке, Түкө, Чыңгызга барып кантип костюм кийип келгенине чейин жазып, образын так өзүндөй ачып берген. Алым аганын адабий сын макалалары, ким кимден уурдап алганын таап, көзүнө чукуп көрсөтүп жазып чыгаар эле. Адабият жагынан Алым байкедей көптү билген бир да кишини билбейм. Ал Салижан агайды пириндей көрөр эле.

Кечеде Алым Токтомушев тууралуу тамшанып уга турган сөздөр сүйлөндү. Тарыхчы Муратбек Иманкулов Алымдын китебин тарыхый аспектиде караса, Сүйөркул Тургунбаев Алым менен Шербетке арнаган шербеттей ырын окуса, Үрүниса Маматова, журналисттер Аскер Сакыбаева, Олжобай Шакир ж.б. элестүү эскерүүлөрун айтып, “Азаттык” радиосунун А. Токтомушев тууралуу тасмасы көрсөтүлдү.

Айгүл Бакеева, «Полит клиника»

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.