Сталинге Жоомарт Бөкөнбаев жөнөткөн телеграмма

(архив  казынасынан)

Кыргызстандын көркөм өнөрүнүн көөнөрбөс  көл жээгинин көңүл кумарын курчуткан талаа мейкин – түзү ачылып, мөмө бере баштаган заманда куюлушкан ыр саптары менен жалпы журттун маалымат майданында жаңырган айдай пайда болгон Жоомарт Бокөнбаевдин өмүр таржымалында көптөн бери илимпоз, изилдөөчүлөр, сынчылар табышмагын таппай жүргөн бир маселенин түйүнү чечилди. Мурда-кийин ал тууралуу имиштер болгонун моюнга алганыбыз оң. Кеп, эл атасы улуу Сталинге жөнөтүлгөн телеграмма жөнүндө баратат.

Жылнаамада 1937-жыл өтүп жаткан. Бүгүнкү сабаттуу адамга ал жыл, кадыресе ченемден айтылгандай сезилери айдан ачык. “Балыктан жүн, жумурткадан кыр издеген”, нарк-назили жергиликтүү улут дегенде жүнү тескери кайрылган, анан укмуштуудай таланттуу уул-кыздарына тишин кайрап, көз оту менен атып, уу тилин көрүнө да, көмүскө да чачыраткан, мында душмандык кебете-түсүн айлакерлик менен жаап-жашырган жуйкур-жойпулардын күч-аракети менен «Алтын кыз» драмасын жазып, аны коомчулук ураалап кабыл алганын көрүп, толкуп сүйүнгөн Жоомарт Бөкөнбаевдин керт башында кара туман капысынан айланып, катууланган мамиле түзүлдү: партиянын катарынан сүрүлүп ташталды, эч жерде кызматка алынбады, арыз-муңуна кулак салган жан болбоду. Бар болгон күнөөсү, жанагы «Алтын кыз» драмасынан чыкты. Маданияттын айрым төбөлдөрү, партиянын БКсында кызмат өтөгөндөр драмадагы оюн-зоок, каармандардын сүйлөгөн сөздөрүнөн эскинин калдыктары баш көтөрүп турбайбы, эски турмушту көкөлөтүп даңазалап жатпайбы, демек автордун жан дүйнөсү таза эмес, аны электен өткөрүп, мезгилге шайкеш мазмунда кайрадан иштеп чыксын деген суу кечпеген, шоона эшпеген талаптарды бетке кармап катуу туруп беришти. Табиятынан таза, бетке айтма мүнөзү бар Жоомарт Бөкөнбаев аларга караманча каршы турганынан тайыган жок. Драманын атын өзгөртпөйм, мазмунуна кол тийгизбеймин деген жообунан жазган эмес. Бир айтып, эки айтып көндүрө албаганга мамлекеттик идеологиянын тегирменин тегереткен мыкчыгер – кызматкерлер тээктин тепкирине кол тийгизери менен кечээги жылдызы жанган жигит опуртал тагдырга туш келди. Бул 1937-жылы болуп жатканын дагы бир ирет көңүлгө кыстара кетейин. Улуттун көрунүктүү өкүлдөрү күн-түнгө карабай, абакка түшүп, азап-тозоктун азгырмалуу дүйнө туткунунда кабылып жаткан кез…

Ажыдаардай араанын ачкан мамлекеттик машина Жоомартка келгенде эле тык токтоп, артына жыбылжып жыла баштады: партиянын мүчөлүгү калыбына келтирилди, кызмат да табылды.

Ушул жерде атактуу акындын алпейим жубайы, эл акыны Тенти Адышева эженин өз оозунан уккан баянга учкай токтолуу ылайыгы келди.

– Жокең (Жоомартты урматтоодон ушинтип атаган баштанат) карындашы экөө батирде турчу экен. Калемакы кадимкидей турмуш жайын оңоп, кийим-кечелерди да жаңылашкан окшойт. Бир ирет кышында кийесиң деп карындашына ал кезде көздөн учкан – кыжым пальто сатып берет. Жакшы турмуштун шарапаты менен дос-курбу, тууган-туушкан табылып, айтор Жоомарт барпалаңдап кагаз-калем менен алышкан учурдун убактысы эрте-кечине карабай өтө берет.

Күндөрдүн бир кечинде Жоомарт карындашын чакырат да, түпөйүл сырын айтат. Мындан ары мени издеп көп кишилер келе баштайт. Кайда кетти, качан келет дешсе, билбейм дегенден башканы айтпа, уктуңбу, боорум, айтпа! Тиги кыжым пальтоңдун ичтигинде акча түйүп койгом. Кыйналсаң алып, тамак-ашыңа жарат. Кышка калбай, Кетмен-Төбөгө жол-улаш табылса кет, тууган жерге, тууган-урукка барып байырлап оокат кыл. Кейибе! Буйурса келип калам. Мени издеп убара болбо, ансыз да мени издей башташат. «Уктуңбу, ук! Кош, каралдым!» – дейт да сыртка чыгып көөдөй түндүн кучагына оролот. Чын эле көп өтпөй терезе чертилип, издеген эки адам, эртеси да бирөө, анан келгендерге сан жетпей калат. Баарына «билбейм» дегенден башка жооп айта албайт.

Жоомарт баягы коюу түнү Фрунзе – Москва каттамындагы поездге Фрунзеден из жашырып Пишпек бекетинен отуруп, вагон алмаштырып Чимкент шаарына (Казакстан) жетип, түз эле почта бөлүмүнө барып, төрт-беш койдун наркындагы акчага телеграмма жөнөтөт. Эмне үчүн телеграмманы Чимкенттен жөнөткөн? деген суроо туулат. Себеп, мезгил ошондой эле, телеграмма эмес кат-кабар катуу көзөмөлдө турган, тиешелүү текшерүүдөн өткөн, ал эми Жоомарттын андай телеграммасы эч качан жөнөтүлмөк эмес. Артка кетүүгө жол жок, барса-абак, алга кетсе кайда бармак?! Жокебиз чыгыш-түштүктөгү тоо өлкөсүнө сапар алат. Кыргыздын учу-кыйырына аты белгилүү болгон акынды тоо эли кучак жайын тосуп алып, ичерине-тамак, кийерине-кийим, минерине көлүк даярдап беришет. Эки ай чамалаш убакыт өтүп, батирине келсе, карындашы кадыресе жүдөп, баягы үнү корсулдап, басса жер торсулдаган кайыш күрмөчөн кызматкерлер эми мээримдүү боло калышып, «айланайын, келери менен айтып кой» дешип өтүнүп калышканын айтып, мөлтүр мончок жашын төгөт… Ушул маалымат уккан бойдон жадымда жүрчү эле, аны качандыр бир кезде жалпыга айтаарымды оюма албаптырмын. Эми анын шарты өзүнөн өзү түзүлүп отурат.

Совет элинин улуу атасы, жол башчы жолдош Сталинге жөнөтүлгөн телеграмманы бүгүн түп нускадан котормолоп алдыңыздарга жайганы турам. Эгемендүү күндөрдүн шарапаты менен көп документтер ачыкка чыгарылгандардын арасында дал ошол телеграмма жүрүптүр. Ал мынакей:
«Дареги Москва, Кремль, жолдош Сталинге көчүрмөсү НКВДга, жолдош Ежовго. Мен. Кыргыз жазуучусу, Жоомарт Бөкөнбаев, 1910-жылы көчмөн кедейдин үй-бүлөсүндө туулгам. Революцияга чейин жакырчылыкта жашагам. Совет бийлиги тарбиялап, кат-сабатсыз тоолук  жаш баланы жазуучуга чейин жеткирди. Балдар үйлөрүндө, советтик мектептерде окудум жана тарбияландым. Кийинки кезде эл душмандары, улутчулдардын бети ачылды. Жергиликтүү кызматкерлер мени “улутчул” деп күнөөлөп жатышат. Менин улутчулдар менен кымындай да байланышым жок. Аларды калемим менен катырып жүрөм. Партиялык уюмдарга улутчулдардын бүлгүнчүк иштерин кабарлап тургам. Айрым, “бөрк ал десе, баш алгандар” мени партиядан чыгарышты, жумуштан кетиришти. Бүткүл чыгармаларымды алып салышты. Эч жерге ишке алышпайт. Арыз-муңума кулак салышпайт. Адамга кам көрүү жалаң гана биздин өлкөдө болушу ыктымал. Бирок бул алтын эреже Кыргызстанда да бузулуп жатат. Эл душмандарын ашкерелөөнүн ордуна, ак ниет адамдардын түбүнө жеткирүүдө. Партияга, элге жана социализмге кызмат кылайын деген тилегим ичимди күйгүзөт.  Мени кордошуп, пьесага ээлик укугумдан ажыратылдым. Иштөөгө мүмкүнчүлүк беришпейт. Сиздин кийлигишүүңүздү күтөм. жергиликтүү кызматкерлердин тирүү жанга таш боор мамилеси, чексиз кордогону революциянын көсөмдөрүнө телеграмма  жөнөтүүгө мажбурландым. Дарегим: Фрунзе, лагерная, 58 Жоомарт Бөкөнбаев».

Түлөн АКМАТАЛИЕВ, акын, журналист, “Эркин Тоо”, 17.05.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.