ОТКО ЧУРКАГАН БАЛА

(Башы өткөн санда)

* * *
Мектепке баратып же келатып, зымдарын бубак басып, жол боюнда бир укмуштай “созолонуп ырдап” турган зымкарагайларга кулагымды төшөп алып тыңшар элем. Ашык болгондордун арзуу сөздөрү бири-бирине ушул зымкарагайлар аркылуу жетип турат экен деп айтышчу. Буга мен аябай ишенчүмүн…

* * *
Бир бетеге көкүлү бар, бети кесик, пайдасы да, зыяны да жок, болбураган жоош сары бала элем.

* * *
Жооштугум өмүр бою калды. Бирок ичимден алай-дүлөй түшүп, акыры жарылып кетчү “бунтарлыгым” да өмүр бою калды. Мен өзүмдү калыпка же эрежеге салып жашаганга көнө албай койдум. Тезек менен көңдүн арасынан чыкканымды унутуп, көөп, чычайып, мукабадай жалтылдап, китептин тили менен сүйлөп, китептин тили менен ырдаган жокмун. Кандай болсом, так ошондой, жасалмасыз жашаганды жактырдым.

* * *
Мен поэзияга кеч келдим. Алакандай “Аптап” деген ыр жыйнагымды окуп, кыргыз адабиятынын классиги Сүйүнбай Эралиев ак дилден батасын берди. Баарынан кызыгы, 38 жашка чыгып, кыркты таяп калганча мен саналуу гана ырлардын автору болупмун. Чыныгы чыгармачылыгым 38 жашымда башталды. Негизги чыгармаларым 22 жылдын аралыгында жазылды.

* * *
…82-жылдын жай айларынын бир күнүндө Нарындагы Абдрахман атанын бою бир карыш жер тамында жашап жүрүп, капыстан жандүйнөм сапырылып… Жамгыр төгүп турган ошол күнү берки өйүздө мен, аркы өйүздө аласалып Нарын оонап… Кызыл кыян тоолордун көлдөгөн көз жашын тиктеп олтуруп, “Жамгыр” деген бир сонун ыр жазып, анымды “Ленинчил жашка” – Нуралыга жөнөтүп, көп өтпөй ырым чыгып, ошондон баштап, борборго кетким келип, такыр эле токтоналбай, ээленип калган кезим эсте.

* * *
Бара-бара чындап эле “жалгыз көздүү” Нарынга батпай, “жок болуп” кетерде тагдырыма өтө чоң бурулуш жасаган, ырларымды мыкты түшүнгөн, көзүмчө да, көзүм жокто да такай мактай жүргөн, мага биринчилерден болуп кайрат, дем берген адамым Кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамов болду. Ал мени “Нарын правдасындагы” ордумдан шалгам жулгандай “жулуп” алып, Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз филармониясынын деректири Даниэл Назарматовдун “албайм” деген ой-боюна койбой, кара телефонун “минип” алып күпүлдөп, өнөр-өнбөсүн билбей олтургузган даракка окшотуп, өзүнө таандык өкүм-зордукка салып туруп эле, “зав.литчасть” кылып отургузуп койгон. Ал кезде А. Стамов Маданият министринин 1-орунбасары болуп күркүрөп турчу.

* * *
Ошентип, .. 83-жыл менин тагдырыма чоң бурулуш жасаган жыл катары кирди. Бир заматта Нарындан борбор калаага келип, Кыргыз филармониясынын адабият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп калдым. Филармония кут даарыган жер экен. Мага куттуу жердин шыпаасы тийип, бак жалгады. Жумшаган жагына жумаланып, толгогон жагына томолонуп иштедим. Ишим менен жакпаганга жактым.
Кийин, кийин, көчүгүмдү батырып, иштегениме 5-6 жылдын жүзү болуп калган кезде атактуу куудул Асанкул Шаршеновдон:
– Асаке, мен филармонияга жаңы келген кезде эмне деп ойлодуңуз эле?-десем:
– Буга чейин “завлит” кылып далай келесоолорун алып келишти эле, накта келесоосун эми алып келди деп ойлогомун,-деп күлүп калар эле.
* * *
Аңгыча “кайра куруу” деген каптап келди. Эгерим кулабастай көрүнгөн доордун ооматы кетип, оодарылып баратты. Ошондо калкымдын канга сиңген, жанга баткан кайдыгерлигин буга чейинки акындардын бир да бирөөнө окшотпой ырдагым келди. Анан кендейимден бери мени коштоп келаткан жетимдик тагдыр, мен туш болгон адилестиздик, караөзгөйлүк, эки жүздүүлүк, жүзүкаралык, ташбоордук кошул-ташыл болуп ырга айланып, жүрөгүмдү тээп чыкты. Улам эргип, улам дем байлап, биринин артынан бирин жаздым.. Жазгандарымдын сыясы кургай электе, ошол кезде филармонияда жумушчу болуп иштеп жүргөн Сагынбек Момбеков “баса калып”, жетпеген жерге желек кылып, батпаган жерге байрак кылып, гитарына салып алып, жөн ырдабай аңды-дөңдү карабастан чуркап ырдады. Атымды атпай-журтка таанытты. Мени да, өзүн да белгилүү кылды.
* * *
“Кайдыгерлик” түрмөгүндөгү алгачкы ырлардын бири Ысык-Көлгө арналды. Алыкул баш болгон акындар Көлдүн көркүн, керемет сулуулугун, каадасы менен сыйын ырдаса, мен Көлдүн кайгысы менен муңун ырдадым. Ошол ырды толугу менен келтирип кетпесем болбос.

ЫСЫК-КӨЛДҮ САКТА ДЕЙСИҢ
“Ысык-Көлдү сакташ керек!”
Деген сөз ода болду,
“Ысык-Көлдү сактайбыз” деп
Ырдамай мода болду.

Бүтөгөн сайын бүтпөй
Бүлөңдүн жыртыгы улам,
Балдарың “маарап” турат
Башыңды “жыртып” улам,
Балдарың “маарап” турат
Түшүңдө да,
Байпактын жыртыгынан.

Телегей тегиз эмес,
Жер дагы жетим,
Жетим,
Эгиз эмес!

Ичер суу,
Күнү түгөп,
Ажал жетсе,
Адам да жок болот го
деңиз эмес,
Телегей тегиз эмес.

Жылмайып тийген нурга,
Жылынып келген жылга,
“Көлдүн өзүн сакта!” дейсиң
Элден мурда,
Көлдүн өзүн,
Көлдүн өзүн,
Элдин өзүн кимдер сактайт
көлдөн мурда?
Карегин бакырайтып,
Кайырмакка илинген
бир балыкка окшоп,
Шамалга датын айтып,
Шайтанга атын айтып,
Өрүк сатып,
Өзү да,
Суусун, сүтүн сатып ичип,
Көнбөстүн ишин кылып,
Өлбөстүн ашын ичип,
Жансактап жүргөн эптеп,
Жалгыз жан кемпирди мен
Кантип сактайм,
Кантип сактайм?

“Ысык-Көлдү сактагын!” деп
Саласың какшап айгай,
Сактамак турсун көлдү,
Ыйманын да,
Ынсабын да сактай албай,
Баштыктап кенин саткан,
Байыркы тегин саткан.
Байлыктан өлүчүдөй
Барчалап жерин саткан.
Балдардын ырысын жеп
Башкага элин саткан,
Кайбарды кантип сактайм?

Кудуктай көздөрүнөн
куса жанган,
Кум-Төрү кумга айланып
упаланган,
Кыз-уулу кулга айланып
туталанган,
Куунаган жашоо көрбөй
Куурай жыйнап куурайдай
ушаланган
Жандарды кантип сактайм?

Көзүңдүн ыйын сурайт,
Көңүлдүн муңун сурайт,
Бир чыны суу сурасаң сулуу келин,
Суйкаңдап акысына
тыйын сурайт.

Кыдырып келе бербейт
дөөлөт деген,
Кылымдан кылым кезген
сөөлөт менен,
Кыз-уулун сактап келген өрнөк
менен
Кыргызым унуттуңбу,
Сөзүң кана?
– Келе гой кагылайын,
Төргө өт?- деген.

Төгүлүп турган менен
көлдүн пейли,
Көрүнгөн оонай берип,
Көмүлүп барат күндө элдин
пейли.
Көлдүн өзүн сакта дейсиң
элден мурда,
Көлдүн өзүн,
Көлдүн өзүн.
Элдин өзүн кимдер сактайт
Көлдөн мурда?

Эр түшүнгөн Ысык-Көлдү,
Эзелтен эл түшүнгөн
Ысык-Көлдү,
Эки-үч күнгө
Эс алганы
Баргандар сактамак беле,
айтчы?

Чыныгы калк түшүнгөн
Ысык-Көлдү,
Чынгыздай алп түшүнгөн
Ысык-Көлдү,
Көчүгү менен тепсеп,
Көзүңө шалп түкүргөн
Айбандар сактамак беле,
айтчы?
Же болбосо
Токоюңа жутунушкан,
Толтуруп курсактарын
Тойгончо кутурушкан
Дардаңдар
Сактамак беле, айтчы?

Калыгул олуя абам:
– О балдарым,
Жоготпой сакта?” -деген айран
көлдү,
Калыгул олуя абам
Туулуп-өскөн кайран көлдү,
Сарт аке, Садыр аке,
Мойт акелер,
Тилекмат тилеп өткөн
арман көлдү,
Беттери гилт-гилт этип,
Ирип турган,
Бейитиңе беткелди сийип
турган,
Айбандар сактамак беле,
Айтчы?

Өзгөнү өтүгүндө ылай сезип,
Өздөрүн жалгыз гана
Кудай сезип,
Өлсөң да,
Өкүрсөң да тоготпогон,
Өзүңдү өз көлүңө жолотпогон,
Менчикке басып алып,
Мекендеп ороп турган,
Көлүңдү,
Көрүңдү да казып алып
Тоноп турган
Айбандар сактамак беле,
айтчы?

Көлдү мен окшотчу элем,
Көкөлөп көктө кайкып,
Жерде ойногон,
Көк канат көгүчкөнгө,
Көлгө азыр көңүл сыздайт
көрүшкөндө,
Көл азыр – Кум-Төр болсо,
Көл эртең – Кум- Көр болуп,
Көл эртең айланабы
көрүстөнгө?!

Кокустан сен аларга,
Ысык-Көлдү жегин десең,
Азыр эле устукандап,
Кокустан сен аларга-
Ысык-Көлдү саткын десең,
Чемичке саткан өңдүү
Азыр эле сатып кирмек
Стакандап!

Кашеги турган менен
терезеси,
Каалгасы турган менен
эшиги жок,
Кан-бектен башкаларга
тешиги жок,
Келаткан жаштарына
керегеси,
Келечек урпагына
Калтырар бешиги жок,
Кандай калк болуп бүттүк
кешиги жок?!

Жоголгон,
Барк жоголгон,
Жол тартып келе жаткан
жолоочуга,
Айранын ала чуркап,
Кымызын сунуп турган салт
жоголгон!

– Ассолому алейкум!-деп,
Босогоңду аттагандан
корком ата,
Чолпондой болгон калаам
Чолпон Ата!

Кыдырып келе бербейт
дөөлөт деген,
Кылымдан кылым кезген
сөөлөт менен,
Кыз-уулун сактап келген
өрнөк менен
Кыргызым унуттуңбу,
Сөзүң кана?
– Келе гой,
Кагылайын, төргө өт?-деген.

Жылмайып тийген нурга,
Жылынып келген жылга,
“Көлдүн өзүн сакта” дейсиң,
Элден мурда,
Көлдүн өзүн,
Көлдүн өзүн,
Элдин өзүн кимдер сактайт
Көлдөн мурда?
1991-жыл.

* * *
Кайдыгерлик деп какшап жүрүп, Нижне-Серафимовка деп аталган кыргыз айылындагы карылар үйүнө кабылдым. Кыргыздын балдары бакпай койгон жетим чалдарды, жетим кемпирлерди көргөндө ата-энесиз, жетим өскөн жүрөгүм канап, кара жер айлангөчөк аңтарылды. Мен көпкө дейре буулугуп жүрдүм. Адегенде макала жазам деп барып, анан ыза-муңум ырга айланды.

* * *
… 87-жылдардын аягы болсо керек эле. Жекшемби күн болгондуктан, “кайдан келдиңер?” деп сураган деле жан болгон жок. Коляскачан майыптар жүргөн бетон короону тепсеп өтүп, жатаканага кирдим да, үстүңкү кабатка көтөрүлүп, далистеги биринчи эле эшикти ачтым.
– Таластан келдиңби, кагылайын? Мени алып кеткени келдиңби?- деп көзүн жалдыратып, үстөккө-босток сурап жибергенине эмне дээримди билбей, маңдайымда турган буурул чач кемпирдин күтүүсүз суроосуна айлам кете түштү.
– Жок эне, мен Таластан келген жокмун, гезиттен келдим, кабарчымын,- дедим.
Кемпир оор улутунуп алды да:
– Келегой, энди мындай олтур,-деп орундукту көрсөттү.
– Канчадасыз эне?
– Жетимиштен өттүм, балам.
– Бул жерге келгениңизге канча болду?
– Эки жылдан ашып баратыр.
– Тамак-ашы кандай?
– Тамагын деле жебейм айланайын. Нанын алып калып, чай менен ичип алам.
– Кантип? Карандай чай мененби?
– Эмне кылам анан кагылайын, тамагын жалаң чочконун майына жасайт экен.
Заманам куурулуп, эки жылдан бери чай менен келаткан кемпирдин тагдырына кимди күнөөлөөрдү билбей турдум.
– Эмнени сагындыңыз?
– Таласымды… Жүн тытканды,-деди ал, томолонуп түшкөн көз жашын сүртүп жатып.
Балдары батырбай койгондон кийин колхоздун парторгу жеткирип келип, “кийин келип алып кетем” деген бойдон келбей, келем дегенине ишенип, күнүгө жол карап, бейтааныш бирөө эшигин ачса эле: “Таластан келдиңби, кагылайын?” деп сааттан чыга калган “күкүктөй” болуп күкүктөп турган, канаты болсо азыр эле Таласын көздөй уучуп жөнөчүдөй болгон кемпирдин “нан ооз тий” дегенине да көңүл бурбастан, көзүмдүн жашын сүртүп, ошол эле катардагы дагы бир бөлмөнүн эшигин ачтым.

* * *
Устара менен кырып салгандан кийинки чачы бир аз өсүп калган кемпирди жетелеп келип олтургучка олтургузган келин ал-жай сурашкандан кийин “чачын биттеп кеткенден кийин алып салганбыз” деп шыбырады.

– Каяктан болосуз эне?
– Тянь-Шандын Оттугунан.
– Канчадасыз?
– Сексенден аштым.
– Балаңыз бар беле?
– Балам да, келиним да бар, айланайын.
– Кайда иштейт?
– Колхоздо… Бугалтыр болуп…

* * *
Ошондой күндөрдөн бир окуя эске түшөт. Филармониянын чоң залы элге жык толгон. Демейдегидей эле “Эсиңе кел” деген ырды таланттуу актер Бийназаров окуп бүтүп, жүгүнүп кетип баратканда, элдин арасынан чуркап чыккан эңгезердей кара жигит алдын тороду.
– Сен эмне үчүн бизди уят кылып, менин энемди шылдың кылып окуйсуң? Азыр ушул жерден өлтүрүп салайынбы? -деп ызырынса болобу?
Эл дуу дей түштү. Мындайды күтпөгөн Бийназаров:
– Мени эмнеге өлтүрөсүң, өлтүрсөң жазган кишини өлтүр, аны мен жазган эмесмин,- деп тигинин колунан бошоно албай жатканда, филармониянын башкы режиссеру Келдибек Тургунбаев жигиттин колун толгоп туруп, көчүккө бир тепти:
– Жогол азыр! Болбосо милициянын колуна салып берем! Андай намыскөй экенсиң, энеңди карылар үйүнөн алып албайсыңбы?- деди.
Тигил жигит ошол бойдон залдан чыгып жок болду.

* * *
Кийин бул ырды кемелине келтире окуган, кийин “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” наамын алган Раимжан Курбанов окуп, кыргыз айылдарын далай ирет кыдырып чыктык. Бир ирет Таласка сапар алдык. Шаардын маданият үйүндө, эл жык толгон залда ушул ыр окулду. Далайлар ыйлап олтуруп, аягына чейин чыдап угалбай чыга качкан күндөрүн көрдүк. Ошондо бир эже:
– Шайлообек, моногул ырыңдагы таластык кемпирлердин тагдыры каңырыгыбызды түтөтүп, кабыргабызды кайыштырып туру. Талас эли намыскөй эл. Силер Шекерди айланып келгичекти, жаңкы шүмшүк уул-келиндерине чара көрүп, Канттагы карылар үйүнөн таластык кемпирлерди апкелип, шартын түзүп, ушул жерде багабыз деп сөз беребиз,-деген эле.
Таластыктар чын эле сөзүндө туруп, ошол кемпирлерди алып келип багып, кийин көздөрү өткөндө аруулап жууп, ак кепиндеп жерге беришкенин көрдүм. Мен Таластык ошол эжеге, Талас элине ушул күнгө чейин ыраазымын!

ЭСИҢЕ КЕЛ
Тоолордун Кантка жетпей
Токтогон уч жагында,
Нижне-Серафимовка деп аталган
Кыргыздын кыштагында,
Бул дүйнөдөн бөлүп салган
Дубал турат темир-бетон
Табытка окшоп өлүк салган.

Таш дубал аржагында
Дарактар аста шамал үнүн коштоп,
Майыптар жылат аста дөңгөлөкчөн
Жамгырдан кийинки бир
Үлүлгө окшоп.

… Бул дүйнөдөн бөлүп салган
Дубал турат темир-бетон
Табытка окшоп өлүк салган.

Таш дубал аржагына
Гүлүн дарт күбүп бүткөн,
Канын дарт шимип бүткөн,
Сөөгүн дарт кажап бүткөн
Мунжуларды апкелишет
Доктурдан да,
Кудайдан да
Тажап бүткөн.

Дубалдын аржагына
Адамдар аз келишет башы бүтүн,
Тагдыры,
Ташы бүтүн,
Казанда ашы бүтүн.

Таш дубал аржагында
Балдарын эркелетип кечки иңирде,
Бапырап бата берип,
Балпайып төрдө олтурар мезгилинде
Куу тумшук аталышып,
Куулган теңиринен,
Куулган кыз-уулунан,
Келининен,
Карыган кемпир жүрөт,
Карыган чалдар жүрөт,
Башпаанек таппай койгон,
Балдары бакпай койгон.

– Таласым,
Таласым!-деп,
Таласын көралбай бир,
Тамагы, тартибине көналбай бир,
Таласын беш маал тилеп кудайынан,
Таластын топурагында өлалбай бир,
Таласта жүргөндөгү дымагы жок,
Таластык кемпир жүрөт,
Жарыктык ай,
Бир чөөгүн чайдан башка зыяны жок!

Там, мүлкүн талап алып,
Талаага кууп салган жакындары,
Куурагыр,
Куудай кылып чачын дагы,
Өзү жууп өз кайгысын башындагы,
Таластык кемпир жүрөт
Пайгамбар жашындагы.

Башбагып калсаң кокус,
Бейчеки жүргөн жан деп санабастан,
Бейтааныш экениңе карабастан:
– Менминби?-дейт,
– Алып кетчү балам болбо
Сен кимби?-дейт,
– Чын эле Таласыма,
Таласым, Таласыма
Алып кеткени келдиңби?-дейт.

Калайык,
Кагылайын!
Калкыңа Талас баткан,
Каныкей, Манас баткан,
Калкыңа Кыргыз баткан,
Кадимки Чыңгыз баткан,
Бир кемпир баткан жокпу,
Бир кемпир баткан жокпу?

Көр кылды го
Көңүлдү азыр заман,
Көчүп барат көзүмдөн акыр заман,
Тарыхыңда кыргыз эл жок эле го,
Ата-энесин кыз-уулу батырбаган?

Жыгачты курт жегендей,
Кишини дарт жегендей
Мээмди ой жеп келет каңгыган бир,
Бул жерде кемпир жүрөт
Ат-Башынын Ак-Муз деген айлынан бир,

Ат-Башы жакты билем,
Ак-Музду жакшы билем,
А бирок
Көргөндөн соң,
Багуусуз калган жалгыз кемпирди мен,
Жүрөктү таш баскандай
Басты күнөм!

Тоо баткан Ат-Башыга,
Токой баткан,
Ат-Башыга Алмамбет,
Кошой баткан,
Бир кемпир баткан жокпу?

Куурайдай арыктаган,
Куурап турат,
Денесин кармана албай,
Бүлкүлдөп ыйлап турат:
– Карыганда тайкы болду бактым неге,
Кайгынын каргышына баттым беле,
Же маңдайга кетпес шор жаздың беле?
Өзүмдүн жатынымдан чыккан кызды
Өзүмдү кууп чыксын деп бактым беле?

Сенделип басып калган,
Сексенден жашы небак ашып калган
Кемпир жүрөт Тянь-Шандык
Айша деген,
Кейпинен азып калган.

“Жүрөктө айыкпаган жарам бар” дейт,
“Үйүм бар Тянь-Шандын Оттугунда,
Үйүмдөн кууп чыккан
Келиним,
Балам бар” дейт.

“Өмүрдү өчөрүндө муз кылбай” дейт,
“Өзүмдү өз уулума муш кылбай” дейт.
“Кудай ай, алып тынсаң болот эле,
Куураган күндү мага туш кылбай” дейт.

Маал жетсе ушул жерден өлөт дешет,
Мал өлүп калган өңдүү к%D

Соц тармактар: