Олжобай Шакирдин жаңы – эски ырларынан

КУБАТБЕК ЖУСУБАЛИЕВГЕ

Дүйнө ушул – ораторлор алдаган,
дүйнө ушул – тил учунан чаңдаган:
башаламан цивилдеше береби
акылмандар акылынан жарбаган?!

Сократ, Саади, Конфуцийге чендебей:
жутап турган кезде Аалам акылга
журт бар экен, шүгүр дейли – Кердегей.
10.10.2014-ж.
* * *

Айланат сыртта бурганак:
ак карды кумдай сапырып,
айдарым жерди жулмалап.

Электр зымы уңулдап,
жүрөгүм менен тыңшасам:
ааламдан келген – Муң…Үн…Дат…
20.01.2015-ж.

 

АНТРОПОМОРФИЗМ

Кайбар эле карышкыр ичик кийген,
карагерин мингенде учуп-күйгөн.
Тебетейи башында сүлкүлдөгөн
суусар эле жел менен үлпүлдөгөн.
Короосунда мал туруп күтүрөгөн
сараң эле а бирок битиреген.
Дүйнө чыкпай чириген ороосунан,
курмандыкка мал сойбой короосунан,
илип алып мылтыгын ийинине
Теңир-Тоонун өч эле кийигине.
Жайы-кышы койбогон аңчылыгын
айбан ошо жашады жарты кылым.
Жарты кылым убакыт арасында
көрдү жашоо аласын, карасын да.
Ал өлгөндө балдары чыркырабай,
кошок айтып катыны зыркырабай…
жакындардан жок ага кайгырган жан
кандимиден кызыгы, айрылгандан:
капилеттен көөдөндөн жулуп муңду
айыл ити туш туштан улуп турду.
Кезеги жок айкырып үндөгөн бу –
эшектер да салды чоң дүрбөлөңдү.
Ноябрь, 2008-ж.

oshakir1Олжобай Шакирдин башка чыгармалары

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.