Ат үстүндө куржун эңмей

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда колдонуучу аспап. Куржун.

Оюнга даярдануу. Толтурулган куржунду тегиз жерге койгондон кийин оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Кезектери келгенде, аттарынан түшпөй, эңкейишип жерден куржунду эңип алып кайра мурдагы ордуна коюуга аракеттенишет. Оюн каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Куржунду жерден кыйналбай бат эңип алган оюнчу жеңет.

Оюндун башка түрлөрү, Бала эңмей, кыз эңмей ж. б.

Оюндун эрежеси. Бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга, жардам берүүгө, аттан түшүп куржунду көтөрүүгө болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө. Акырындык менен куржундун оордугун көбөйтсө болот.

Оюндун педагогикалык мааниси. Оюнда күч, ийилчээктик, шамдагайлыкка тарбияланат, чечкиндүүлүккө, атты башкарууга, тең салмакты сактоого үйрөтөт.

«Кыргыз эл оюндары: /Анаркулов X. Н, Сурөтчүсү К. Молдоказиев», http://www.bizdin.kg

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.