Жусуп Мамай дүйнөнүн каухары
Кытайда Жусуп Мамайдын айтуусунда жарык көргөн “Манастын” вариантынын сүрөттөрүн Ахмед Газы тарткан. 94 жаштагы манасчы чоң урмат-сыйга ээ. Кытай өкмөтү үй, автоунаа менен камсыздап, атайын пенсия төлөп берет.
Кыргыздын Манас эпосуна Теодор Герцен сүрөт тартып, жасалгалаганы жакшы белгилүү. Ал эми кытайлык кыргыздардын Жусуп Мамайдын айтуусунда жарык көргөн “Манасына” сүрөттү Шинжаң Адабият жана көркөм өнөр федерациясынын ардактуу төрагасы Ахмед Газы тарткан.
Жусуп Мамай айткан “Манас” ЮНЕСКОнун руханий байлыктар тизмесине кирип, Кыргызстанда айрымдарды катуу нааразы кылганы эсиңиздерде болсо керек. Шинжаңдык атактуу уйгур сүрөтчүсү менен жакында Турфан шаарында Жаңыл Жусупжан жолукту.
Газы Ахмед: Азыр 78 жаштамын. Мен сүрөтчүмүн. Шиңжандагы кыргыздардын эң атактуусу – гавари (дастанчы) деп аталган Жусуп Мамай.
Азыр ал киши байбичеси менен Урумчиде турат. Урумчиде небере кызы бар, телевидениеде иштейт.
Бул кишинин кыргыз маданиятына кошкон салымы өтө жогору. Жусуп Мамай 94 жашында жесир калды.
Жусуп Мамай – дүйнө каухары
Кыргыз калкынын атактуу «Манас» деген эпосу бар.
Азыр бүтүн кыргыздын ичинде бирден бир «Манас» эпосун башынан аягына чейин окуп чыккан [айткан] киши – Жусуп Мамай.
Ошондуктан бул кишини “мамлекеттин каухар ташы” деп аташкан.
Жалгыз кыргыз калкынын эмес, “дүйнөнүн каухар ташы” деп атаса болот. Аткени «Манас» эпосун башынан аягына чейин айтат.
«Манасты» айтканда бир сөздү кайталабайт. Адамды таң калтырган, башкаларда болбогон чоң талант.
Жусуп Мамайды Чыңгыз Айтматов Кыргызстанга чакырган
Ал кишини мен 25 жылдан бери тааныйм. Ал Шинжаңдагы Кызыл-Суу кыргыз автоном облусундагы Aкче (Ак-Чий) ооданында туулган.
Мен ал киши менен дайыма кезигип турам. Мен райондук адабий, көркөм өнөр уюмунун райисимин. Бул киши болсо ардактуу райис [төрага].
Биз бул кишини өтө урматтайбыз. Себеби 18 томдук китепти толук [айтып] чыгыш дагы кимдин колунан келет?!
Бул кишини Чыңгыз Айтматов Кыргызстанга чакырган, «Калыңыз, биз сизди жакшы карайбыз» деген.
Бул киши «Мен Шинжанда туулдум, өстүм, бул жерде ата-энем, урук-тууганым коюлган, бала-чакам, ага-инилерим бар, кетпесем болбойт», деп кайтып келген.
Кийин Кыргызстандын сүрөтчүлөр кеңешинин башчысы Тургунбай Садыков Кызыл-Суу автоном облусуна келип, бул кишинин айкелин жасап, А[к-Чий] айлынын борборундагы майданга [аянтка] орнотту.
Бул дагы [Кыргызстандын] калкы Жусуп Мамайды канчалык урматтаганын түшүндүрүп берди.
Ал кишинин аялы кайтыш болгондон кийин, турмушта жалгыз калды. Автоном райондук телевидениеде иштеген небересинин турмушу жакшы, ошону менен турат. Бирок аялы жок, кыйынчылыгы бар.
Жакында биздин автоном райондук парткомдун секретары Жан Чун Шен Жусуп Мамайдын азыр турган үйүндө болуп, бул киши менен көзмө-көз сүйлөштү, пикирин укту.
Манасчы чоң урмат-сыйга ээ
Өкмөт «бул кишинин айлыгын төлөп берели, анан үй берели» деп көңүл бөлдү.
Азыр ал киши кубанды. Мен бул киши менен көп жылдары бирге иштегем. Мен «Манас» эпосуна иллюстрациясын тартып бергем. «Ала-Тоо» журналына менин сүрөттөрүм чыккан. Ошон үчүн ал мени өтө жакшы көрөт.
Кыргыздар менен менин мамилем жакын, биз өз ара той-топурларга бири-бирибизди чакырабыз, кыргыздар менен алакабыз өтө жакшы. Жусуп Мамай дүйнөдө өтө сейрек учураган талант ээси.
Кытайда кыргыз калкынын саны анча көп эмес. Бирок алардын кыргыз автоном облусу бар. Ал бир виалетке барабар. Буга салыштырмалуу казак, монголдордо облус жок.
Жусуп Мамай – мөмөлүү дарак
Жусуп Мамай 40тан ашык шакирт тарбиялады. Жаштар келип үйрөнүшөт. Ак-Чийде өкмөт тарабынан «Манас» борбору курулган.
Жакында мен бул кишинин үйүнө барып көрүштүм. Ал мага китеп берди, аңгемештик, саламаттыгы азыр жакшы. Кудай өмүр берсе, жүз жаштан ашат деп ойлойм мен.
Кыргызстан өкмөтү бул адамга көңүл бөлдү. Автоном району да ошондой эле көңүл бөлүп жатат. Азыр ал ардактуу райис. Биздин жамаатта кыргызча журнал бар, эки айда бир ирет чыгат.
Кыргызча радиостанция, телевидение бар. Бул жерден чыккан жазуучу, композитор, шайырлар бар. Кыргызча ырдаган ырчылар бар. Автоном райондук ансамблде кыргыз кыздар кыргызча ырдашат.
Айт, Нооруз жана башка майрамдарын өткөрүүдө кыргыздар улуттук кийим-кечесин кийип, улуттук музыканы ойноп, бий бийлешет.
Башкача айтканда, баары өз ара барабар [тең] деген кеп, кимдин саны көп, кайсы аз деп карабайт.
Азыр Кыргызстанга өтө турган бир нече чек ара өткөөлү бар: Торугарт, Эркештам. [Кыргызстанга] виза алыш кыйын. Бирок бул убактылуу
акыбал. Акырындап бул маселе чечилет.
Себеби кыргыз менен Шинжаңдын узак чек арасы бар [500 км]. Тарыхта карым-катнаш болуп, келип-кетип турганбыз. Кыргыздар менен уйгурлар ынтымактуу жашайбыз.
Биз уйгурча сүйлөсөк, алар кыргызча сүйлөсө өз ара түшүнөбүз, эч кандай которуучу керек кылбайбыз.
Эскертүү: Гази Ахмеддин сүйлөгөн сөзүнүн өзгөчөлүгү сакталып берилди. JCH/GA
Жаңыл Жусупжан, “Азаттык”, 29.06.2011-ж.