Астардын “Жамиласы” сахна күтөт
Жакында Астар Тыналиевдин музыкалык мектептер үчүн китеби жарык көрдү. Анын өткөн жылы жазган “Жамила” операсы сахналаштырылбай турат.
Астар Тыналиев кесиби боюнча хор дирижеру болсо да “Студенттер вальсы”, “Чек арачылар маршы”, “Жаштар ыры” жана башка 120га чукул обон жазган.
Анын “Романтикалык бий”, “Сыйкырдуу музыканын туткунунда”, “Кыялдануу” деген балдар үчүн жазылган музыкалык пьесалары ондоп саналат.
Ал өткөн жылы заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун “Жамила” повести боюнча “Даниярдын ыр талаасы” деген аталыштагы бир актылуу опера жазды. Бирок ал чыгарма Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрына коюлбай калды.
– Бул бир актылуу операда хор бар. Балет бар. Данияр менен Жамиланын ариялары бар. Чыгарманы опера жана балет театрына алып барсам жетекчилери көңүлдөнбөй койду. Кыргызчылыкка салыштыбы, билбейм. “Радиого алып барбайсызбы” дешти. Анан радиого алып барып, радиоспектакль кылып жаздырып жатам.
“Жамила” повести боюнча 60-жылдары москвалык композитор Михаил Рауфергер опера жазып, ал опера жана балет театрында коюлуп, бирок көпкө жашаган эмес. Андан кийин композитор Владимир Роман “Жамила” балетин жазып, ал театрда сахналаштырыла элек.
Аскар Тыналиев буга чейин драматург, жазуучу Кадырбай Мамбетакуновдун “Үкөй” музыкалык драмасына Жумамүдүн Шералиев менен биргелешип музыкасын жазган. Андан кийин “Ак зыйнат” деген драмага музыка жазып, ал чыгарма дагы сахналаштырылбай турат.
Анын “Кубулжу балдар ырлары”, “Музыкалык альбом”, “Ала-Тоо ырлары”, Муса Баетов, “Кубулжу кыргыз ырлары”, Жумамүдүн Шералиев, “Экиянын обондору” деген китептери ноталары менен жазылып, аз санда басмаканадан чыккан.
Ал жакында биринчи жолу музыкалык сөздүктү жазды.
-“Музыканы аткаруудагы терминдер сөздүгү” деп аталат. Бул профессионал аткаруучуларга абдан керек. Мындай сөздүк дүйнө жүзүндө жазылбаптыр. Бул жаңылык биздин эле Кыргызстанда эмес, бүт дүйнө жүзү боюнча жаңылык болчудай. Мындай аткаруучулук терминдер сөздүгү бир дагы жолу жазылбаптыр. Мисалы, агогика – француз сөзү. Агогиканын эрежелерин сактап аткаруу деген чыгарманын программалык мазмунун туура ачыш үчүн бирде акырындата, бирде катуулата, бирде ылдамдыкта, бирде жайлата аткарууга жеткирүү дегенди түшүндүрөт.
Астар Тыналиевдин дагы алты китеби каражаттын жоктугунан жарык көрбөй турат.
– Мен музыкалык багытта он беш китеп чыгардым. Дагы алтоо каражаттын жоктугунан жарык көрбөй турат. Мисалы,“Кыргыз эл ырлары” деген жыйнак, “Кыргыз сальфеджиосу” деген окуу китеп басмага даяр. Ушулардын ичинен кыргыздын музыкалык маданиятына абдан маанилүүсү – кыргыздын элдик ырлары. Аны бир дагы композитор, музыка изилдөөчүлөр жыйнак кылып толук чыгарышпаптыр. Мен муну 35 жыл чогулттум. Акчалуу ишкерлерге барып чыгарып бергиле деп кайрылсам бирөө дагы кызыгып койбойт. Менин ден соолугум да начарлап баратат. Көзүмдүн тирүүсүндө ушул китептерим басмаканадан басылып чыкса жакшы болор эле.
Астар Тыналиев Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүрүп, Ташкенттеги консерваториядан билимин өркүндөтүп, хор дирижеру адистигин алып чыккан.
Маданият министрлигинде музыкалык эксперт болуп композитор, обончу, музыканттар менен иш алып барган. Шубин атындагы музыкалык мектепте жетекчинин орун басары болгон. Маданият тармагында 48 жыл иштеп, бир дагы мамлекеттик наам албаптыр, аны алууга аракет дагы кылбаптыр.
Аманбек Жапаров, «Азаттык», 22.09.2011-ж.