Индиянын борборунда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган эл аралык семинар болуп өттү

Дели шаарында 25-марттан 27-мартка чейин Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына арналган “Чыңгыз Айтматовду эскерип: социалисттик реализмден глобалдык гуманизмге чейин” деп аталган эл аралык семинар болуп өттү. Бул тууралуу КРнын Индиядагы элчилигинен кабарлашты.

Эл аралык семинар Джавархарлала Неру атындагы университет тарабынан уюштурулуп,  Индиядагы Россия федерациясынын жана КРнын элчиликтеринин колдоосу жана катышуусу менен өткөрүлдү.

Делиде өткөн семинарга катышуу үчүн Кыргызстандан 15 адамдан турган делегация барган. Делегациянын курамында Ч.Айтматовдун карындашы Розетта Төрөкуловна да бар. КРнын Индиядагы элчилигинин аракети менен Д.Неру атындагы университеттин китепканасында атайын көргөзмө уюшулган. Ошондой эле семинарга Россия, Кыргызстан, Өзбекстан, Индиядан өкүлдөр катышты.

«Zpress.kg» МА, 28.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.