Улуттук күрөштүн туу чокусуна чыккысы келген Давран
Давран Иляхунов жыл жаңыраар алдында Индиянын Пуне шаарында ФИЛАнын улуттук күрөш боюнча өткөзгөн фестивалына катышып, а жерден эки күмүш, эки коло медалдуу болуп келди.
-Фестивалда кайсы элдердин күрөшүнө катыштың?
-Кыргыздын “Алыш” күрөшү, казак күрөшү, капчагай күрөшү, иран элинин жана украин элинин күрөштөрү болуп, анын төртөөнө катышып, төрт медалды жеңдим. Алыш күрөшү менен Капчагай күрөшүнөн күмүш медалга арзып, казак күрөштөрүнөн эки колону багынта алдым.
-Кантип барып калдың? Кайдан билип, ким аркылуу дегеним?..
-ФИЛА уюмунан Кыргызстанга анын ичинен Алыш күрөшүнүн федерациясына чакыруу келди. А жерде “Индия өлкөсүнүн Пуне шаарында улуттук күрөш боюнча фестиваль болот. Алыш, Капчагай, Казак күрөштөрү боюнча дүйнөлүк биринчилик өтөт” деген жобо экен. Кайрадан кат жиберип бараарыбызды билдиргенден кийин, бизге чакыруу кагазы келди. Эки агай жана 5 балбан жөнөп калдык.
-Ким каржылады?
-Баардык балбандарды ата-энелери каржылады. Албетте, бу жерде атам мага машыктыруучу болгондуктан, эки адамдын жол киресин атам топтоду.
-Барып келгенге канча каражат кетти?
-Экөөбүзгө 100 миң сомдон ашык кетти. Мындайча айтканда ар бирибизге 1500 доллардан. Мейманканасы жана тамак ашы уюштуруучулар жактан болду.
-Мелдеш кайсы күрөштөн башталды?
-“Чү” дегенде Казак күрөшү боюнча дүйнө кубогуна аттандык. Алты балбан менен күрөш килеминен кездешип, алтоону жеңгенден кийин жетинчи балбанга жеңилип калдым. Бирок, коло медаль үчүн болгон мелдеште атаандашымды оңой эле оңкосунан сайып салдым.
-Экинчиси кайсы болду?
-Капчагай күрөшү боюнча Азия биринчилиги өттү. Мында жети жолу килемге чыгып, жетөөсүн уткандан кийин финалда Якутиядан келген орус балбанына уткузуп койдум. Жыйынтыгында күмүш медаль болду.
-Кыргыздын Алыш күрөшү боюнча да мелдеш өттүбү?
-Ооба. Пуне шаарында Алышты негедир украиндер өткөзүштү. Кызыгып сураганыбызда алар, “сиздердин Алышты эл аралык деңгээлде өткөзүүнүн негизинде аз-маз эрежелери өзгөртүлдү. Келечекте олимпиада оюндарына киргизүүнүн жолун издеп атабыз” деп жооп беришти.
-Эмнесин өзгөртүптүр?
-Алышта атаандашыңды таза көтөрүп чаап салсаң, сага жеңишти ыйгарышат. А бу жерде балбандар грек-римдегидей мелдештин эки бөлүгүн утуу керек экен. Эгер эки бөлүктө тең чыгып калса, анда үчүнчү бөлүк талап кылынарын айтышты. Ошондон улам Алышта финалда казак балага уттуруп ийдим. Салмагы да кыйла оор экен. Меники 55 килограмм болсо, аныкы 60тан бир аз жогору өңдөндү. Оюндун биринчи бөлүгүндө эле таза жеңишке чапкан элем. Бирок, 2-3-бөлүктөрдө утулуп калдым.
-Пуне шаарындагы мелдештен кандай сабактарды ала алдың?
-Биринчи жолу чет мамлекетке чыктым. Көрсөткүчтөрүм жаман болгон жок деп ойлойм. А жерде башка балбандар менен баарлашып, кээ бирөөлөрү менен достоштум. Кээ бирөөлөрү менен тажрыйба алмашууга шарт болду. Ушу жерден бир нерсени айта кетүүнү эп көрүп турам. Башка элдердин балбандары бешөө болсо, коштоп, жандап жүргөндөрү да андан кем эмес экен. Мисалы, алыс кетпей эле казактарды алалы. 28 балбанын жыйырма чакты адам тейлеп жүрөт. Мамлекеттик деңгээлге жеткирип, алар кызыкдар экенин байкадым. Бирөөсүү видеого тартып, бирөөсү сүрөткө тартып жүрөт. Машыктыруучулары, догдурлары, котормочулар, прессасы да жүрөт. Аларды көрүп алып, аябай ардандык. Ыза болот экенсиң. “Бизде эмнеге ушундай эмес?” деп.
-Кетип атканда мамлекетке кайрылдыңар беле?
-Ооба. Биз ФИЛАдан келген катты көтөрүп алып, барбаган жерибиз калган жок. Каражат издеп таман тешилди. Баары эле алакан жайып, “акчабыз жок” дешти. Айласыздан ата-энелерге күч келди.
-Мелдеш учурунда башка мамлекеттин машыктыруучулары силерге келип, “биздин курамда машык. Биз силерди каражат жагынан камсыз кылабыз” дешпедиби?
-Дешти. Өзгөчө казактар бизди шынаарлашты. “Силердин спонсоруңар ким? Кайсы мекеме колдоо кылып атыр? Биз силерге спонсор таап берелиби? Биз силерди чакыралы, чогуу машыкпайлыбы?” дешип. Эми андан аркысы түшүнүктүү да. Мыкты балбандарды азгырып кеткилери бар экени билинип эле турат.
-Мелдеште калыстардан көп нерселерди күтсө болот. Кээде туура эмес чечим чыгарып салышат…
-Пуне шаарындагы калыстар мыкты эле тейледи. Эч жакка тартканы жок. Калыс болушту. Ал эми бир жолку Казакстанда болгон мелдеште “казак күрөшү” боюнча барып, финалда казак балбанын эки жолу таза чапсам да казак балбанына жеңишти берип койгон.
-Ар бир элдин күрөшүнө ар башкача кийим кийүү керек да. Экипировка дегеним. Ушу жагын канттиң?
-Албетте. Анын баарын өз каражатыбыз менен сатып алдык. 4 түрлүү экипировка менен камсыз болууда ага-тууган, жек-жаат жардам берди.
-Канча жашыңдан балбанчылыкка аттангансың?
-10 жашымдан баштап эле эл алдына чыгып күрөшө баштагам. Атабыз учурунда жакшы күрөшүп, кийин машыктыруучулук жакка өтүп кетти. Ошо кезден бери атам экөөбүз ээрчишип жүрөбүз. Кайсы мелдеш болбосун.
-Улуттук күрөштүн балбанын келечекте эмне күтүп турат?..
-Жыл жаңыраары менен Казань шаарында кезектеги ФИЛАнын улуттук күрөш боюнча мелдеши өтөт. Ал жакка чакыруу кагазы келди. Кудай буюрса коло, күмүш медалдарым бар. Эми алтын медалга жетүүнү самап турам. Андан сырткары, дүйнөдөгү улуттук күрөштүн баарын багынтып, туу чокусуна чыккым келет.
“Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 12.01.2012-ж.