Кур оюн

Чогулган балдар-кыздар эки жаатка бөлүнүшөт. Бир жаат көк чөптүн үстүнө чапандарын салып жатышат, үстүнө дагы чапан-чупандарды жамынышат. Бир жигит жерде жаткандарды бийлейт, бир арканды алат. Ал аркандын бир учун жаткандар кармашат, бир учун тиги жигит кармайт. Экинчи жааттын оюнчулары жоолуктарды түйүп алып, жаткандарды чабыш керек болот. Бийлеп турган жигит жаткандарды чаптырбаш керек. Арканды кармап турган жигит чаап жаткандардын бирөөсүн тээп калса, анда тиги тарап жеңилип калат. Эми жеңилип калган тарап жерге жатат да, жердегилер туруп тигилерди кайра чабат.

Бегалиев Жуматай, Талас району, Жон-Арык айылы,
«Эл билими» сайтынан

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.