Кытайдагы кыргыз тилдүү кол-фондун тагдыры
Өткөн жылдын башында Кытайдын Кызыл-Суу аптоном обуласында “Кыргыз үнү” аттуу кол-фон сатыкка түшкөн эле. Алгач дүбүртү катуу чыгып, кийин дымы чыкпай калган бул иш боюнча суу башындагылардын бири, “Ташкын” өнөрканасынын ээси Төлөнтур Ыбырайды сөзгө тарттым.
– Буга чейин Сулайман Орозобай уулу менен Суранчы Абдылда уулу ”Нуска” деген телефонду базарга салган. Анда үч миңдин айланасындагы сөз кыргызчаланган. Биз болсок телефондогу сөздөрдү бүт кыргызчалаганга аракет кылдык. Мисалы СМС – «кат», ММС (Multimedia Messaging Service – телефондон сүрөт же видео жиберүү кызматы) – «асем кат» деген терминдер менен аталды жана башка көптөгөн жаңы сөздөрдү ойлоп таптык.Roaming (чет өлкөдө кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү) – «кыдырма», аudio player – «обон ойноткуч» деген сыяктуу мындан мурда калыпташпаган жаңы сөздөрдү колдондук. “Чымчык сойсо да касапчы сойсун” дегендей, телефон чалгандагы, ачып-жапкандагы үнү кыргызстандык адистердин жардамы менен жасалды. “Сизге чалуулар бар”, “Телефон келди, алып койуңуз”, “Урматтуу абонент, сизге кат келди”, “Кыргыз үнү жаңырсын!” деген сөздөр улуттук ыр-күүнүн коштоосу менен чыга тургандай жаздырылып, телефондун системасына зооттон (заводдон) орнотулду.
Төлөнтур досу Курманбай Расул уулу менен бирге заказ берген телефон Кытайда кол-фон (уюлдук телефон) жасоо боюнча маңдай алды болгон Шинжин шаарынан жасалып келген. Анда жалпы 5200 чакты сөз кыргызчаланып, кытай, ангилис тилдери да жайгаштырылган.
Ал эми ушундай кыргыз тилдүү телефондун бизге кереги бар беле?, – деп Төлөнтур Ыбырай уулунан сурадым.
– Бүгүнкү күндө кыргыз тили эле эмес, кыргыз улуту жок болуп кетчүдөй коркунучта турган абалда улут үчүн иштебесек, эртең кеч болуп калат. Жаңы замандын жаңы технологиясын биздин эл да заман менен тең тайлаш өз тилинде, улуттук өзгөчөлүгү менен кабылдаса, элдин арасына тегиз сиңип кирсе деп тилек кылабыз, – дейт ал.
Өкүнүчтүүсү, бул телефонго зооттон бир жасалып чыккан боюнча кайрадан заказ боло элек. Себеби ишкерлер алгачкы нускаларынын көбүн элге карызга таркатып, эми акчасын жыйнай албай кыйналып жатышыптыр. Бирок Төлөнтур мырза мунун арты сөзсүз ийгиликтүү уланат деген ишенимде.
Төлөнтур Ыбырай уулу өнөрканасын Кызыл-Суу Кыргыз Аптоном областынын борбору Артыш шаарында ачкан. Компьютердик тейлөөгө адистешкен өнөркананын иши менен эле чектелбестен 25 жаштагы ишкер интернет баракчаларында кыргыз тилин киринди сөздөрдүн “киринен” сактоого чакырган аракеттерин жасап келет.
Чындап келсе, бир эле киши миңдеген адамдарга үлгү боло алаарын айткан Төлөнтур «Бүгүнкү 7 миллиард дүйнө калкынын компютер колдонуучулары бир эле адамдын эмгеги – Бил Гейтс түзүп чыккан компютердик программа системасы менен иш жасап келет. Анын сыңарындай, бир ууч элибизге татыктуу эмгек жасаган бир тармактан бир-эки эле адамдын иши жетишет болуш керек», деген оюн бидирет.
Бектур Илияс, Үрүмчү, “Азаттык”, 17.02.2012-ж.