Муса Мураталиев 70 жашта

Муса Мураталиев чыгармалары Ч.Айтматовдон кийинки эле чет тилдерге көп которулган кыргыз жазуучу.

Москвалык жазуучунун көп кырдуу чыгармачылыгы тууралуу адабиятчы, Бишкектеги Чүй университетинин профессору Бекташ Шамшиев “Азаттыкка” буларды айтты:
– Кыргыз коому Муса Мураталиевге чыныгы талант катары мамиле жасашы керек эле. Анын чыгармачылыгы кыргыздарга албетте, таанымал. Ал Мырза Гапаров, Асанбек Стамов, Мелис Абакиров, Кеңеш Жусупов өңдөнгөн таланттардын катарында турган чоң жазуучу.

Ондогон повест, аңгемелерин көптөгөн тилдерге которулган жазуучунун соңку “Бурхан жана Мария” деген эки романы кирген китеби Москвада 2011-жылы орус тилинде жарык көрдү. Чыгарма бөтөн жерди байырлаган кыргыз мигранттын жашоосу менен жалгыздыгы, орус улутчулдугу, кыргыз тарыхы жана “Манас” эпосу, жоголуп кеткен уруулары өңдөнгөн ар түркүн маселелерге арналат.

Муса Мураталиевдин мааракеси Кыргызстанда белгиленеби-жокпу: азырынча беймаалым.

Бекташ Шамшиев менен маекти бул жерден толугу менен угуңуз:
Бекташ Шамшиевдин Муса Мураталиев тууралуу маеги

Жаңыл Жусупжан, “Азаттык”, 15.02.2012-ж.

Муса Мураталиевдин өздүк сайты 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.