Жаңы адабий сынактар
Махмуд Кашгари атындагы II Эларалык прозалык чыгармалар боюнча сынак жарыяланды
Махмуд Кашгари атындагы II Эларалык проза чыгармалары боюнча сынак жарыяланганын «24.kg» МАга «Турар» басмасы менен «Жаңы Ала-Тоо» адабий журналынан маалымдашты.
«Жаңы Ала-Тоо» журналынын баш редактору Тилек Мураталиевдин айтымында, темасы – эркин. Аймактар боюнча чыгармаларды акыркы тапшыруу мөөнөтү: 30-август, 2012-жылга чейин. Ал эми жеңүүчүлөрдү аныктоо 30-сентябрга белгиленген.
Аймактарда сыйлык тапшыруу аземи үстүбүздөгү жылдын октябрь-ноябрында. Эларалык жыйынтык ноябрда чыгарылат, тапшыруу аземи: 2012-жыл, декабрь.
«24.kg» MA, 13.07.2012-ж.
“Мага жакын” адабий сынагы
Сынактын уюштуруучусу “Ковчег” жаш калемгерлер чыгармачыл уюму. Демөөрчүсү – “Сорос-Кыргызстан” фонду
Сынактын максаты: жаш калемгерлердин бир-бири менен таанышуушусуна жана алардын чыгармачылыгын өсүп-өнүгүүсүнө көмөктөшүү.
Сынактын номинациялары:
— Поэзия
— Кара сөз
Кыргыз жана орус тилиндеги чыгармалар кабыл алынат. Кабыл алуу мөөнөтү: 13-июлдан 13-августка чейин.
Эң мыкты чыгармалар “Мага жакын” альманахында жарыяланат.
Сынакка катышыш үчүн чыгарманы жана толтурулган анкетаны lit.network.kg@gmail.com дарегине жөнөтүш керек.
Анкетанын формасы бул жерде.
Чыгармалар жана анкета төмөнкү форматта болушу абзел: MS Word (.doc же .docx), шрифт Times New Roman, өлчөмү: 12пт 1,5 интервал менен.
Чыгармалардын көлөмү:
— кара сөз — 20 миң белгиге чейин (пробелсиз)
— поэзия — 50 сапка чейин.
Катышуучулардын жашы: 16дан 35 жашка чейин.
Толугураак маалымат бул жерде.