Салижан Жигитовдун сабактары

(Башталышы өткөн санда)

-Экономисттер деле бир жагынан караганда биздин акындарга, илгерки эшик ырчыларына окшоп кетет экен. Мисал үчүн алар совет доорунда советтик экономиканын, улут маселеси жандана баштаганда улуттук экономиканын мартабасын “магдырата” эсептеп берди беле, эми радикал экономисттерге айланып, рынок экономикасын даңктап жатат. Ошон үчүн Батыштын ишкер дүйнөсүндө теоретик-экономисттер Рейгандын: “Ишен, бирок, сөзсүз текшер” деген принцибин колдонушат экен.
-Кептин баары ошол ишенип алышып, бирок текшерип көрүүгө мойну жар бербегенде болуп атпайбы. Менин айтайын дегеним, демек, иштин көзүн билген экономисттер үчүн, маалыматы бар кишилер үчүн  абал ошондо эле айкын болгон экен да. Эми андан бери көп заман өттү. Россия биздин максатка бөгөт болгон жок. Югославияга окшоп уруштурбай, бир топ кишини түрмөгө камап, улуттук баатыр кылбай, тынч-аман ажыратып, бөлүп койду. Ошондо эле оңбогур А.Собчак – азыркы Санкт-Петербургдун мэри: бул эйфория да кетер, бул наркоз да тарар, бир жыл, жарым жылдан кийин эле элди багыш керек деген маселе чыгат, ошого келгенде көрөбүз буларды, мурдунан эшек курту түшөт деген сыяктуу ойду айткан. Айткандай эле өзүбүзчө  жашай баштаганда дасмиябыз бүт, базар баабыз баары билинди да. Өзүбүздү нан менен, кант, май менен камсыз кылалбайт экенбиз, газ, энергиялуу заттар менен камсыз кылалбайт экенбиз. Мисалы, быйыл былтыркы даражадагы газ, нефти эле сатып алсак, 90 миллиард сом кетет экен. Ал эми республиканын бир жылдык тапкан-ташыган кирешеси, бюджети 30 эле миллиард. Элестетип көрүш үчүн эсеп-чот билиминин деле кереги жоктур.

Ушундан улам бир чындыкты, ачуу чындыкты моюнга албаска арга калбай калды: социализм учурунда, сенек ж.б. деген мезгилдердин тушунда экономика жагынан, жашоо-турмуш, маданият,  илим-билим, агартуу жагынан кыргыздар жеткен деңгээл Россиянын гана эсебинен турган, баары дебесек да, бир топ республикалар, айрыкча Армения, Тажикстан, Кыргызстан көбүнесе башкалардын, өзгөчө Россиянын эсебинен жашап келгени азыр билинди. А турмак кыйынсынып кырданып аткан Прибалтика өлкөлөрү деле экономикалык жактан өчөйүп отуруп калбадыбы. Ошентип, Россиянын эсебинен жашап атып, Россия бизди эзбей, биз Россияны эзип атып, анан кайра Россияны үстөккө-босток ашатып сөгүп келдик. Акыры сөгө бергиле деп чыга бербедиби…

-Анткен менен орус эли деле, асыресе карапайым калк Союздун тарап, бизге окшогон республикалардын бөлүнүп кеткенине сүйүнүп аткан жери жок го.
– Ооба, кайгырып атышат, ал тургай интеллигенциянын ичинен деле мурдагыдай жашасак жакшы болмок эле дегендер  көп. Бирок тарыхтын амирине баш ийбеске айла жок да. Кээ бирлери ойлоп атса керек: Ельцин, Кравчук, Шушкевич бир токойго кирип алып, аракты аябай тоё ичип, баш жазбай туруп эле союзду  таратып ийди деп. Жок, анын баары эсептелген, анын баары чоттолгон, аларды тарых таскагы небак эле тактап койгон. Болгону көпчүлүк өзү көнө түшкөн социализм деген рухий агымдан, мээсине сиңип, канына айлана баштаган мифтен кутулбай жатпайбы. Болбосо аны баягында эле Александр Исаевич Солженицын “Россияны кантип жөнгө салабыз?” деген китебинде жазбады беле, айланайын ушу Орто Азиядан кутулгула, Кавказ боорундагы бир топ республикалардан кутулгула, казыдай салаңдатпай деп. Тарыхка, өмүрү  аткарылбаган жана аткарылбай турган идеалга тумандабай, көздү  чоң ачып караган адамдар чыкты да, жардам берсек, дагы сөгөт, жардам бербей койсок, дагы сөгөт, андан көрө булардан кутулалы. Бир гана маселе орустардын баарын таратып ийген экенбиз, ошол гана кыйын болуп жатат, калганын өзүбүз эптеп оокат кылып  кетербиз деп таратып ийди да. Ага эмне кайгырабыз? Мына азыр жапатырмак динчил болуп жатпайбызбы, кудайдын жазганы ошо да, көнбөскө чара жок. Эми мунун жакшы жагы да, жаман жагы да бар. Анткени ушунун бардыгы көп нерсеге үйрөтүп, өзүбүздүн ким экенибизди көргөзүп жатат. Кай жерге чейин кулап барарыбызды каңкуулап турат. Образдуу айтканда, Россия Кыргызстанды бир топ бийикке кош колдоп көтөрүп койгон, мына эми колун алып койду эле, ылдый көздөй шыпырылып атпайбызбы. Шыпырыла берип кайсы деңгээлге түшөбүз? 40-жылдынбы, 48-жылдынбы, 52-жылдынбы? Белгисиз да туурабы?

Албетте, болжош кыйын. “Улуу Сталин атабыз” өзгөчө экономикалык жактан бүт элди бири бирине ширеп, чырмап койгон экен. Мисалы, анын бир эле тармагы – нефть менен газ жок болсо эле отурган атпайбызбы.
-Кеп ошондо да. Мисалы, мен бала чакта самолет менен учкан кыргыз жок болчу.  Поезд менен жүрчүбүз, автобус эмес, ачык машинанын үстүнө түшчүбүз. Жер трактор менен эмес, кол менен айдалчу, түшүм комбайн  эмес, орок менен орулчу. Ошондой заманга жетебизби?  Мына, өткөн жылы түшүм жакшы болгону менен толук жыйналбай калыптыр, анткени комбайнга май жок экен. Кыргыз акең кийинки күндө кол менен оокат кылганды да унутту да. Ошон үчүн айтып жатам, экономика жаатынан, болобу, маданий жактан болобу, бир топ кулайбыз. Себеби, суверенитет деген, саясий эркиндик деген тамак кылып ичкенге болбойт, нан ордуна  жегенге жарабайт, аны менен мактанганга гана болот: мына, биз суверендүү өлкөбүз деп. Ал оозу менен орок оргон ораторлорго аябай керек. Ал эми экономикалык суверендүүлүккө жетиш, анын калыптуу ыгына түшүш өтө кыйын экендигин азыр жон терибиз менен сезип атпайбызбы. Эски союздаштардын ичинен биз кыйын ыйлагың келгендей абалдабыз. Жүн эле деп кыйкырчу элек, 16.000 тонна жүнүбүз бар экен.

Андан көрө мисалы, 5 процент кылып койсо, ошол жеңилдиктин шарапаты тийип китеп жайнап кетсе, ошол деле өкмөт чөнтөгүнө пул болуп бербейт беле? Үйүнө китеп дүкөн ачып саткандар чыкса, таңуулап, үгүттөп саткандар чыкса, айталы, мугалимдер айлык алган күнү мектепке, чоң-чоң тойлорго бара калып, кайнаган базарга чыга калып… кыскасы, китеп саткандардын ишкер тобу пайда болуш керек. Маркетинг деп коёт го, ошондо билинет элдин кызыкчылыгы, суроо-талабы. Ошондо эл менен жазуучу, эл менен басмакерлер ортосунда заказ келип чыгат. Артисттер деле ошол. Жалаң эле өкмөткө өлүк артып, “бер эле бер” деп бечел балага окшоп кыйкыра  берүү туура эмес болуп жатпайбы. Албетте, кыйын, аны жакшы түшүнөм, мен деле жазуучу болумуш этип, акыл эмгегим менен жан багымыш болуп жүрөм го. Мен деле жыргап кеткен жерим жок. Ак үйдөн иштесе эле мүшөктөп акча алат дейсиңерби, менин казан-аягым деле силердикиндей чакталуу, артымдан бала-чакага эч нерсе калтыра алгыдай эмесмин, мен  дагы банкротмун да. Түшүнүп турам, түшүнгөн менен Кудай кылса, кубарыңдын акысы барбы дегенден башка арга жок, көтөрүш керек, көтөрүп эле тим болбой, көгөрүп жол издешибиз керек. Мына илимпоздорду алалы, алар деле “бер эле бер” деп кыйкырып атат. А өзүң эмне берип атасың деп сураган эч ким жок. Канча физик жүрөт, автоматика институту бар. Бирок автоматташтыра турган эч нерсебиз жок болсо эмне кылабыз? Физика дейбиз, автоматика институту дейбиз, малдын кыгын чыгара турган электр күрөк жасап бералбасак эмне дейбиз? Ошону да ойлонушубуз керек. Айтор, бардыгыбыз тең туулганда эле өз киндигин өзү тиштеп ыргытып ийип, жүгүрүп кеткен жетимге окшоп тың, чыйрак чыгып, жаңы заманга ыкташыбыз керек. Эми социализм кайра келбей калды. Н.Назарбаев ачык эле айтпадыбы, айла жок, капитализмге кирдик деп. Куба, Түндүк Кореянын артынан Кыргызстан социализмде калам деп жатып алса эле  болуп калмак беле, биз эми социализмдин бир форпосту болуп  түбөлүккө туралбайбыз. Биздин шартыбызга тарыхтын жүрүшү, реалдуу  турмуш көнбөйт, биз ага көнүшүбүз керек. Кыргыз соодага жок, соода кылалбайт деп кайгырышчу эле чоң шаарлардан “жем” жеп калган кыргыздын интеллигенттери жакында эле. Мына эми көрүп жатпайбызбы, бүт көчөдөгү, бүт базардагы сооданын баарын ээледи ошол эле кыргыздын балдары. Ушинтип эле кирет экенбиз да. Айылда деле  ошондой. Бу турмушту алдайм деген болбойт экен да, большевиктер турмушту алдайм деп, бир топ элди тарыхый өнүгүштөн бечел калтырды, ошол үчүн ат чабым жылдар артка чегинип, кайра баштан  башташка  туура келип жатат.

-Биздин радикал реформаторлор экономикалык өнүгүштүн көптөгөн үлгүлөрүн айтат. Бири Швейцария жолу, бири Жапония жолу дейт. Айтор жол көп, бурулуш жок. Буга  сиздин пикириңиз кандай?
-Туура, эмне үчүндүр сүйлөсөк эле Американы, Жапонияны мисал кылабыз. Швейцарияны айтабыз. Кыскасы, өнүккөн өлкөлөрдү ала чуркайбыз. Мисалы, айылда деле тигинин оокаты тигинтип өтүп жатпайбы деп, жакшы жашаган  кишини эмес, начарын көргөзөт го. Оңолбойсуңбу десең, көргөзөт го жерде калганын, тиги деле түтүн булатып отурбайбы деп. Кыргыз ушул жагынан гана өскөн экен: салыштырса эле салыштырууга болбой турган өлкөлөр менен салыштырат. Эмне үчүн экономикалык мүмкүнчүлүгү жагынан, саясий өнүгүшү, калкынын саны жагынан өзүбүздү өзүбүзгө окшогон өлкөлөр менен салыштырбайбыз? Мисалы, Африкада Уганда, Бурунди, Гана деген өлкөлөр бар бизге окшогон, Азияда эки-үч дегендей саналуу эле экен: Монголия, Лаос ж.б. а эмне үчүн биз ошол Лаостой болбошубуз керек да, айкырып барып эле Америкадай болуп кетишибиз керек? Демек, ар ким өз жолун издеш керек. Анын үстүнө капитализмге биздей, социалисттик системадай өтүш дүйнөнүн тарыхында бир да өлкөдө болгон эмес да. Бир да темирдей бекем борборлоштурулган экономиканы, чарбаны бир заматта чар учкандай таратып, эркин экономикага өтө качкан эмес да. Ошон үчүн тигинин жолу, мунун жолу деш туура эмес. Болгону элге чындыкты айтыш керек: биз капитализмге кирдик, мурдагыдай тойлоп жүргөнгө айлабыз калган жок, ошон үчүн дуңганча жер  тытып иштешибиз керек. Капитализм убагында капитал жыйноо деген, первоначальное накопление капитала – капиталдын көрөңгөлөнүшү деген болот, ошол көрөңгөнү жыйнагыла деп. Болбосо, күндө тапсам күндө жок, күндө жылан жеп коёт дегендей, кыргыздын тапкан-ташыганын салт-сабыры эле жеп атпайбы. Байкап көргүлөчү? Кыргыздын туулмагы да азап, катын алмагы да, өлмөгү да азап. Баарын ошолор жейт, аш-той, кургак намыс жейт. Себеби, социализм ошол принципти кармоого көндүрүп салган. Социализм тушунда эртең эмне болом дегенди ойлобойсуң, өлөр өлбөстүн күнүн көрөсүң, бир жерине иштетет, карысаң пенсия берет, оорусаң дарылайт, аракеч болсоң да дарылайт, өлүп калсаң балдарыңа жардам берет. Эми азыр андай болбой калды, ар ким өзүнө өзү кам көрүш керек, капитализм баягы коллективизм дегенди жоготот дагы, индивидуализмди күчөтөт. Ар бир кишини өзүнө өзү жоопкер, бала-чакасы, укум-тукуму үчүн жоопкер кылат. Социализмди жоктоп, сагынып, саргайыштын кылдай да пайдасы жок.

-Американы мисал тартыш дагы эле болсо кызмат абалына жараша ал жакка ар кандай делегациялар менен каттап турган “турист – демократтардан” чыгып жатат. Биз окуганыбызды айталы. Мына сиз, социализм баарына жардам бере берген деп атасыз. Айталы, ошол эле Америкада 30 миллион адам бекер дарыланганга субсидия, ал эми 20 миллионго жакын адамга азык-түлүк купону бекер берилет экен. Демек, капитализмде деле колуңда жокторду мамлекет талаага таштап койбойт экен да…
-Америка  ошондой акыбалга капитализмге өткөндөн кийин канча кылымдан кийин жетти? Кеп ошондо. Биз өтө эле оптимист болуп атпайбызбы, беш-алты жылда эле оңолуп кетебиз деп. Жапониянын илимпоздору изилдеп көрүп айтыптыр. СНГ жерден боорун 30 жылдан  кийин араң көтөрөт деп. Батыш айтып жатат, Россия биринчи көтөрүлөт, Орто Азия бир топко жүрөт деп. Анын ичинен Кыргызстан экономикалык потенциалы жагынан айталы, Өзбекстанга да чендебейт да. Же болбосо, америкалык божомолчу окумуштуулар Кытай экономикалык өнүгүш жагынан 2010-жылы Жапонияны басып өтүп, Американы такымдап калат деп жатса, өздөрү жок, биз 2050-жылы араң орточо  өнүккөн өлкө болобуз деп жатпайбы. Демек, бардык нерсеге реалдуу карашыбыз керек да, тактап алышыбыз керек, биз азыр кайсы? Кайсыга чейин кулайбыз да, каерден токтоп, каерден кайра тартабыз?

Мына ошол кайра тартканда, заман оңолгондо, чарба бүт индустриялашып, тапкан-ташыганыбыз, өндүргөнүбүз, бүткүл кен байлыктарыбыз товарга айланып, аны сатып, байыганыбыздан кийин чыгыш керек жанагы “жардам” деген сөз. Ардеменин өз убагы бар. Эл байыганда, товар көп чыгарылып, калың калк соода менен шугулданып турганда  салык төлөбөйт, анан мамлекет ошол салыктын эсебинен  жанагы сенин ичиң ооруп аткан маданиятка, адабиятка, улутка кам көрөт. Ошондой ырыс-кут  этер мезгил келсе, 400 акын-жазуучуну, багып алыш Кыргызстан үчүн эчтеме болбой калат да. Америкада деле ошондой болгон.

Анын үстүнө  Батыш өлкөлөрүндө мисалы, китеп чыгаруунун формалары көп, менчик басмалар көп, тигиндей жеңил-желпи китептерди чыгарып, сатып, андан түшкөн кирешенин анча-мынча процентин олуттуу маданиятка жумшап коёт, ооба, өлкө бай болгондуктан субсидия берет.

Ал эми бизчи? Элибиз эки жарым миллион болсо, жакыр болсок,  жакырчылыктан жакында келиндерибиз төрөбөй коюшу мүмкүн болуп турса, анан кантип асман-айды кеп кылабыз? Макул, 3 миллион бололу, 3 миллион деген деле аз да, туурабы? Ошол 3 миллион элдин муктаждыгы да болуш керек, китеп окуганга ыр окуганга. Бош убактысы болуш керек. Ошондой эле элдин деңгээли деген бар. Эл фольклордун, ырчылар поэзиясынын деңгээлинен жаңы көтөрүлдү, алар окуганга караганда укканды жакшы көрөт. Ошон үчүн китеп өтпөй турат. 20 миллион сомдук окуу китептери өтпөй турат азыр. Мектептеги балдарга окуу куралдары жетишпейт, аны же ата-энеси, же мектеп, же колхоз-совхоз өңдүү уюмдар алып бербейт. Эмне десе, баасы кымбат, 40 сомдун (мурдагы 40 тыйын да) тегерегинде экен. Чын эле колуңда жок экен дейин десең, ата-энеси аракка таап атат го, ичип атат го, канчалык кымбаттаса да. Бу жагы да бар, “кемигинде да, керкисинде да бар”.

-Сиз жогор жакта социализм баарын эле кыйнап окута берген дегендей ой айттыңыз эле…
-Мага ушул ой дайыма келет. Балким бизге, кыргызга, баарын эле окута бериштин кереги жоктур, себеби, айылда калам дегендерге, айылда, албетте, кишилер калыш керек да, мына ошолорго 10-классты бүтүүнүн кажети бар? Малдын богун чыгарыш үчүн, чөп чабыш үчүн сөзсүз онунчуну бүтүш керекпи? Эгер бүт баары компьютерлешип кетсе, мисалы, уюна компьютер менен жем-чөп берип, же бардыгы интенсивдүү технологияга өтүп кетсе, анда бир жөн. Илгери менин атамдын теңтуштары сабатсыз болгон, бирок трактор менен машинени окубай-чокубай эле айдап кетишкен. Кыргыздын канчасынын жогорку же атайын орто билими бар дегендин эсеп-чотун таппай жүрөм, менимче, ал жаатынан мурдагы союз боюнча биз биринчи орунда турат болушубуз керек. Айылга барсаң, 15-20 экономист, бухгалтер жүрөт, баары чогулуп же колхозду оңдоп жарытпайт, же фермерлик, кооперативдик чарба түзүп бергенге жарабайт, болгон-көнгөн билими” эле ушул: орток мүлктүн кызарган жерин  жула качып жеш. Жула качканга эч нерсе калбай калабы деп, приватташтыруу десе, чалкасынан кеткен да ошолор. Иштеген кишибизден башкарган кишибиз көп, окутуп-чокутабыз деп, көп кишилерди кара жумуштан ажыратып салдык, билимге кыпындай муктаждыгы жок кишилерди кыйнап окутуп келдик, шаарда сандалган жаштар ошол үчүн көп, ким окууга кантип өткөнүн, мектепти кантип бүткөнүн жакшы билесиң, ошол үчүн интеллигенция дегенибиздин негизи бош.

Айталы, экономиканы жөнгө салып, деңгээлин көтөрүш үчүн канча билимдүү адис керек? Маселени ушундай коюп, эсептеп чыккан киши жок болуп атпайбы. Эсептеш керек, башка өлкөлөргө, алыбызга ченеп иш кылышыбыз керек деп, өзүбүзгө окшогон өлкөлөргө салыштырып көрүш керек да. Ошентип, келсе мүмкүн бизге мынча билимдүү адистин кереги жок болуп чыгар, мүмкүн бала-чакабыздын 20 эле процентин окутсак жетишер…

-Сөзүңүзгө аралжы, кечээ жакында Кытай, килейген улуу Кытай канча бир миллиардаган каражат бөлүп, сабатсыздыкты жоёлу деп жатат. А сиз болсо элдин баарын окутуп-чокутуп салды деп, социализмге нааразысыз. Тескерисинче, совет өкмөтүнүн кыргызга кылган эң чоң жакшылыгы элди туташ сабаттуу, билимдүү кылганында болуп жүрбөсүн?
-Ал туура. Бирок мындай да, айталы, Кытайда 260 миллион сабатсыз киши бар экен, Түркиянын жалпы калкынын 40 проценти сабатсыз деп жүрчү эле, жакында сурасам 13 процент дейт. Эми ошол 260 миллион кытай эңкейип эмгек кылбай эле колду чөнтөккө салып басып жүрдү дейсиңби. Иштешти да, өлкөнүн ушул акыбалын өркүндөтүүгө аздыр-көптүр үлүш кошту да. А эмне үчүн алардын сабатсыз, билимсиз экендиги эми эске түшүп жатат? Анткени, ошондой зарылчылык пайда болду. Зарылчылык дегеним, Кытай компьютеризация заманына кирип кетти, илим-билимдүү болбосо эл, демек  мамлекет артта каларына көзү жетти. Мына, Түркия да быйыл илим-билимге улуттук  кирешесинен 23 процент бөлүп жатат. Анткени, алар да ошондой деңгээлге келип калды да. Турмуштун бардык тармактары, а түгүл үй-тиричилигинен өйдө компьютерлешти, машинелешти, ансыз иштей да, жашай да албай калышты, бирдеме билиш үчүн, өздөштүрүш үчүн билим керек болуп жатат. Ал эми биздин турмуш азырынча ошондой зарылчылыкты сурап атабы? Кеп ошондо…

Ушуну менен бүгүнкү сөз бүттү. Жумушу көп экен а кишинин. Өзү да болбой атып араң макул болгон. Кайра куруу башталгандан бери какшана берип жумуштарым калды дейт, чыгармачылык, илимий иштерим калды дейт. Араң көндүргөм. Эмки суроом  республикабыздагы демократия эмес эле, этнократия болуп кетти го” деп күлдү. Жолдо келатып экинчи маекти “Демократиябы же этнократиябы?” деп атоону ойлодум.

Алым Токтомушев, “Кыргыз маданияты”, 18-март, 1993-ж.

“ОТ” ДЕГЕНДЕН ООЗ КҮЙБӨЙТ

-Кыргыз тилинин баягы арыбаган проблемалары массалык маалымат  каражаттарында кайрадан көбүрүп-жабырып көтөрүлүүдө. Дүжүр тил күйөрмандары дагы да Кыргызстанда кыргыз тили оң таппай атат, орус тилине бастырылып атат, чогулуштар  кыргызча сүйлөнбөй атат, шаардык кыргыздар балдарын кыргызча окутпай атат, «тили буруулар», айрыкча орустар кыргызча үйрөнөйүн дебейт дегендей наалымай, боздомой адатын кайрадан карматты. «Тил мыйзамын» жаңыдан кабыл алуу зарылчылыгын зарлагандар да арбын. Кыскасы, баягы совет доору түгөнөр кездегидей тилге байланыштуу уу-дуулар, атүгүл истерикалар башталчудай сыягы бар. Салижан Жигитович, «мамлекеттик тил, мамлекеттик тил» деп каңырык түтөтүп аткан көрүнүштөргө мамилеңиз, позицияңыз кандай?

(Уландысы бар)

 

“Эркин-Тоо”, 25.09-02.10.2012 ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.