Алдар- Көсөнүн жин-шайтанга жолукканы
(жомок)
Алдар-Көсө келе жатса үстү-башын жүн баскан, адам десе адам эмес, айбан десе айбан эмес бир неме алдынан чыкты. Алдар -Көсө: «Кимсиң?»-деп сурады эле: «Жин –шайтан дегенди уктуң беле,ошол мен болом»-деди. Алдар Көсө: «Укканым бар, мага жолдош бол, эки кишиге бирге басканда жол кыскарат дечү эле»,-деп ээрчитип алып,жүрүп отурду. Келе жатып шайтан кой башындай алтын таап алды да: «Мен таптым, бөлүп алалы»,-деди. Көсө: «Жалгыз мен алам»,-деп макул болбой койду. Шайтан: «эмесе жарышып, чыкканыбыз алалы»,-деди. Жарышып шайтан чыгып келсе, Көсө: «Мен бир жерде буйдалып калсам, чыгып кеттиң»,-деп дагы болбой койду. Шайтан: «Эми эмне кылалы?»-деп сураса Көсө: «Кимибиз жаш жагынан улуу болсок ошонубуз алалы»,-деди. Шайтан бул шартка да макул болду. Кезекти биринчи Көсө алып, шайтандан: «Кайсы убакта туулдуң эле?»,-деп сурады. Ага шайтан; «Жер бүтө электе, ай аяктай, тоо томуктай, күн күрөктөй экенинде төрөлгөнмүн»,- деп жооп берди.
Аны укканда Көсө өңгүрөп ыйлап кирди. Шайтан: «эмне ыйлайсың?»-деди эле: «Так сен төрөлгөн убакта менин алты жашар балам өлүп калган, ошого ыйлап жатам»,-деди. Анда шайтан: «Эмесе, сен улуу экенсиң»,- деп алтынды ага берип, Көсөдөн коркуп качып кетиптир.
“Кыргыз Эл жомоктору» китебинен алынды.
Pingback: Жомоктор — Кыргыз маданият борбору