Алдар- Көсөнүн жин-шайтанга жолукканы

(жомок)

Алдар-Көсө келе жатса үстү-башын жүн баскан,    адам десе адам эмес, айбан десе айбан эмес бир неме алдынан чыкты. Алдар -Көсө: «Кимсиң?»-деп сурады эле: «Жин –шайтан дегенди уктуң    беле,ошол мен болом»-деди. Алдар Көсө:    «Укканым бар, мага жолдош бол, эки кишиге бирге басканда жол кыскарат дечү эле»,-деп ээрчитип алып,жүрүп отурду. Келе жатып    шайтан кой башындай алтын таап алды да: «Мен таптым, бөлүп алалы»,-деди. Көсө: «Жалгыз мен алам»,-деп макул болбой койду. Шайтан: «эмесе жарышып, чыкканыбыз алалы»,-деди. Жарышып шайтан чыгып келсе, Көсө: «Мен бир жерде буйдалып калсам, чыгып кеттиң»,-деп дагы болбой койду. Шайтан: «Эми эмне кылалы?»-деп сураса Көсө: «Кимибиз    жаш жагынан улуу болсок    ошонубуз алалы»,-деди. Шайтан    бул шартка да макул болду. Кезекти биринчи    Көсө алып, шайтандан: «Кайсы убакта туулдуң эле?»,-деп сурады. Ага шайтан; «Жер бүтө электе, ай аяктай, тоо томуктай, күн күрөктөй экенинде төрөлгөнмүн»,- деп   жооп берди.

Аны укканда Көсө өңгүрөп ыйлап кирди. Шайтан: «эмне ыйлайсың?»-деди эле: «Так сен төрөлгөн    убакта   менин алты жашар    балам өлүп калган, ошого ыйлап жатам»,-деди.    Анда шайтан: «Эмесе, сен улуу экенсиң»,- деп алтынды ага берип, Көсөдөн коркуп качып кетиптир.

“Кыргыз Эл жомоктору» китебинен алынды.

Соц тармактар:

One thought on “Алдар- Көсөнүн жин-шайтанга жолукканы

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.