«Бөбөк ыры» сынагы жарыяланды
Республикалык алкактагы бөбөктөргө арналган
ырлардын кароо-сынагынын
Жобосу
Бала бакчалардын айыл жерлерде иштебегендигинен, ата-энелердин ар кайсы мамлекеттерде иштеп жүргөндүгүнөн улам биздин мектеп жашына чейинки бөбөктөрдүн өсүп -жетилүүсүнө, тарбиясына терс таасирин берип, аларга жетишээрлик көңүл бурулбай келет. Учурда бөбөктөргө арналган таанып-билүүчү, ой чабытын өстүрөөр, оюн менен коштолчу ырлар кыргыз тилинде жетишсиз (жокко эсе десек да болот). Мына ушундан улам экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен уюшулган Эл аралык коомдук фонд Республикалык алкакта бөбөктөргө арналган ырлардын кароо-сынагын жарыялайт.
I. Максаты жана милдети:
— кыргыз элинин келечек мууну болгон бөбөктөрдүн жан дүйнөсүн руханий жактан азыктандыруучу, кыргыз тилинде таанып-билүүсүн өстүрүүчү, оюн коштоло турган бөбөк ырларын тандап алуу;
— бөбөктөр үчүн жазылган мыкты ырларды кеңири жайылтуу (аудио, видео дисктерди жана китептерди чыгаруу);
— бөбөктөр үчүн эмгек кылган композитор, обончу, акындардын чыгармачылыгына колдоо көрсөтүү, алардын ысымын элге таанытуу;
— кичинекей аткаруучулардын чыгармачылыкка койгон кадамына жол ачуу;
— ММК аркылуу кароо-сынакты чагылдыруу.
II. Кароо-сынактын программасы
2.1. Сынакка кимдер катышат?
— акын, композиторлор;
— балдар ырларын жазган мугалим-тарбиячылар;
— авторлор тобу;
— таланттуу бөбөктөр жана ата-энелер.
2.2. Катышуучулардын жашы.
— акын, композитор, ата-энелер жана мугалимдердин жашы чектелбейт;
— аткаруучулар катары 1,5 жаштан 8 жашка чейинки бөбөктөр катышат.
2.3. Сынак кандайча өтөт?
Сынак 3 этап менен өтөт:
1-этап: тандоо туру (областарда) 2013-жылдын 15- апрелинде;
2-этап: кароо-сынак Бишкек шаарында 2013-жылдын 15-16-майында (каттоо 13-майда) өтөт;
3-этап: гала-концерт 28-майда болот.
2.4. Авторлор кароо-сынакка кандай тематикадагы чыгармалар менен катышат?
— оюн ырлары (кыймыл м-н коштолгон);
— эркелетүү ырлары;
— санак ырлары;
— тил жатыктыруучу жана өстүрүүчү ырлар;
— теребел ырлары (дүйнө тааным);
— эликтөө ырлары (тамашалап айтышкан);
— тай-бөбөк ыры (тушоо кесүү).
2.5. Сыйлыктар.
— «Эң мыкты ыр» (баш байге)
— «Мыкты ыр» (1-орун)
— «Жакшы ыр» (2-орун)
— «Жагымдуу ыр» (3-орун)
— «Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон ыр»
— Аткаруучуларга атайын белектер берилет.
III. Кароо-сынактын катышуучуларына коюлуучу талаптар:
• бөбөктөргө арналган обондуу ырлар;
• оюн коштолгон таанып билүүчү, акыл-эсти өстүрүүчү ыр текстери кабыл алынат;
• сынакка авторлор 2 гана обондуу ыры менен катыша алат;
• оюн коштолгон, таанып билүүчү ырлардын тексти 10 саптан кем болбошу керек;
• обондуу ырлардын көлөмү 4 мүнөттөн ашпоосу керек;
• кароо-сынакта ырлар жандуу үн менен аткарылат (“минус” м-н)
• гала концертте (телеге тартылууда) фонограмма пайдаланылат (“плюс”);
• ырлар MD (минидиск), CD (компактдиск)те кабыл алынат.
Эскертүү:
— Кароо-сынактын өтүнүчтөрү (заявка) 2013-жылдын 5-майына чейин кабыл алынат;
— Мурдатан аткарылып жүргөн ырлар сынакка кабыл алынбайт;
— Сапатсыз фонограмма менен ырдоо тыюу салынат.
IV. Калыстар тобу.
— калыстар тобуна кароо-сынакка катышпаган композитор, акын, тарбиячы-мугалимдер, ММКнын кызматкерлери чакырылат;
— калыстар тобу сынакка катышкан ырларды 10 баллдык система менен баалашат.
— кароо-сынактагы сыйлыктарды бөлүштүрүү калыстардын берген упайларынын жалпы эсебинин негизиндеги чечими боюнча жүргүзүлөт.
V. Кароо сынактын уюштуруучусу:
— экс-президент Роза Отунбаеванын демилеси менен уюушулган Эл аралык коомдук фонду;
демилгени колдоочулар:
— КР Билим берүү жана Илим министрлиги;
— КТРКнын балдар редакциясы;
— “Байчечекей” журналы.
Сурап-билүү үчүн байланыш телефондору:
• телефон: 312 660382
• e-mail: offise@roza.kg
Сүрөт http://3gp-best.ucoz.ru/ сайтынан алынды