Сахнадан табышкан эгиз жүрөк
Кыргыз республикасынын эл артисттери Сатыбалды Далбаев менен Мираида Далбаеванын сахнада жүргөнүнө 60 жылга чукулдады.
Көркөм өнөр жаатында, өзгөчө театр чөйрөсүндө таланттуу жубайлардын бийик даражага жетип, ошол эле маалда үй-бүлө очогун бузбай сактап калгандары чанда. Мына ошондой түгөйлөрдүн бири Кыргыз Республикасынын Эл артисттери, Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты Сатыбалды Далбаев менен Мираида Далбаева.
Эки талант кенедейинен эле бой жеткенде доктур болобуз деп эңсечү экен. Ошол кыялга жетеленип бирөө мединститутка, экинчиси медициналык окуу жайга тапшырат. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет тура…
Эл арасындагы “тагдырдын буйругу экен”, “маңдайга жазылгандан кутула албайсың”,- деген кеп тегин жерден чыкпаса керек. Сахнанын корифейи Сатыбалды Далбаев дагы мындан 62 жыл мурда тагдырдын буйругу менен театр өнөрүнө аралашкан экен.
Арсланбап токоюнун арасында туулган актер Жалал-Абаддагы интернаттан билим алган. 1952-жылы Фрунзеге, Мединститутка окууга келген жеринен театр дүйнөсү кантип оп тартып кеткенин минтип эскерди:
– Бир күнү жолдош балдар “Москвадагы ГИТИСке кабыл алганы атайын комиссия келип, таланттуу балдарды кабыл алып жатыптыр. Сен жакшы ырдайсың, шык-жөндөмүң бар. Барып сынакка катышып көрбөйсүңбү?”- деп айтып калышты. Алардын кеңеши менен театралдык институттун кабыл алуу сынагына катышып, окууга өтүп кеттим. Оголе көп улан-кыздар келген экен, комиссия алардын арасынан 22 улан-кызды тандап алды. Анда Москвадан окуунун өзү бир укмуш эле. Ошентип Мединститутка тапшырбай, ГИТИСке кеттим.
Сатыбалды Далбаев Москвадагы Луначарский атындагы мамлекеттик жогорку театралдык институттан 5 жыл билим алып, профессор Михаил Петрович Чистьяков сыяктуу советтик театр чөйрөсүнөгү мыкты окутуучулардан таалим-тарбия алса, болочоктогу жубайы Мираида Далбаева кыргыз драма театрынын залкарларынан таалим-тарбия алат.
– 1957-жылы “Кыргызфильм” киностудиясы биринчи жолу “Менин жаңылыштыгым” деген кыргыз тасмасын тартмай болуп, Фрунзедеги жогорку окуу жайлардан башкы ролго бир кыз анан бир жигитти тандап жүрүшүптүр. Медучилищеде окуп жүрчүмүн, Кудайдын буйругунан болсо керек, ошончо кыздын арасынан мени тандап алышты. Тасмадагы Гүлжан аттуу башкы каармандын ролун мага беришти.
Мираида Далбаева киного тартылып бүткөндөн кийин кыргыз сахнасында ат көтөргүс орду бар Муратбек Рыскулов, Сыдыкбек Жаманов, актриса Шамшы Түмөнбаева өздөрүнчө сүйлөшүп, кызды театрга алып калмай болушат.
– “Тарбиясы, таланты бар экен театрга алалы” деп директорго айтышкан экен. Анан алар жоон топ делегация болуп биздин үйгө келишет. Мени театрга иштесин деп суранышат. Ыраматылык атам Өскөнбай Манапбаев билимдүү адам эле, менин искусствого барышымды каалаган жок. Кызым доктур болот деп кесе айтты. Мукем, Сыдыкемдер ошол кездеги маданият министри Казакбаевге чейин барышып, атамды эптеп көндүрүшкөн. Анан мен театрда иштеп калып, жогорудагы залкарлардан таалим-тарбия алып, театр өнөрүнүн сырларын үйрөнгөм.
Доктур болбой, актерлук кесипти тандаган Сатыбалды Далбаев 1957-жылы Москвадагы ГИТИСти бүтүп, курсташтары Асанбек (Арсен) Өмүралиев, Болот Шалтаев, Зоя Молдобаева, Жанузак Молдобаев жана башкалар менен чогуу Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына артист болуп кабыл алынат.
Тагдырдын буйругу менен өмүрлүк жубайын дагы театрдан жолуктурган. Экөө 1958-жылы 5-январда үйлөнүп, 20-январда үйлөнүү үлпөтүн өткөрөт.
– Менин тагдырым ушул экен. Мына искусстводо жүргөнүмө 57 жыл болду. Мираида экөөбүздүн үйлөгөнүбүзгө 56 жыл толду. Москвадан окууну бүтүп келип, М.В.Фрунзе музейинин жанындагы эски театрда жаңыдан иштеп жатканда Мираиданы көрүп калдым. Көрсө ал кыргыздын биринчи киносуна тартылып, театрга кызматка алыныптыр. Тааныштык. Анан беш-алты ай сүйлөшүп жүрүп, баш коштук.
Сатыбалды Далбаев ошол кезде Москвадагы институтта даярдалган дипломдук спектаклинде А.Н.Островскийдин, “Күнөөсүз күнөөлүүлөр” драмасындагы баш каарман Незнамовдун ролун ойноп келет. Спектаклден кийин Мираида эже жаш актердун ролуна ашык болуп калат.
– Театрда жаңыдан иштеп атсам бир күнү эле дуу-дуу болуп калышты. Москвадан балдар окуусун бүтүп келишет экен дешип. Анан алар келип “Күнөөсүз күнөөлүүлөр” деген спектаклди коюп калышты. Карасам Гриша Незнамов дегенди Сатыбалды Далбаев аткарып аткан экен. Мен Гриша Незнамовго ашык болуп калдым. Оюндан кийин Сатыбалды менен тааныштым. Карасам, Москвадан келген жаш актерлор чучуктай болгон шым, узун, аппак плащ кийишкен. Баштарында кенен шляпа, кара көз айнек тагынышкан. Дегеле шаардыктардын эч бирине окшобойт. Өздөрүнчө бөлүнүп турушат да. Элдин баары буларды “стиляга” деп коюшчу. Ошентип Сатыбалды менен таанышып, бири-бирибизди сынашып жүрүп анан баш кошконбуз.
Сатыбалды Далбаев элүү жылдан ашуун мезгилде кыргыз драма театрынын сахнасында Шекспирдин “Ромео менен Жульеттасында” Лоренцонун, жергиликтүү классиктер Токтоболот Абдымомунов, Чыңгыз Айтматов, Жалил Садыков баш болгон драматургдардын чыгармалары боюнча сахналаштырылган жүздөн ашуун спектаклдерде ар кыл кейипкерлердин кулк-мүнөзүн жаратты. Өзгөчө белгилей кетүүчү нерсе ал Кубанычбек Маликовдун “Бийик жерде” драмасында Темирдин жана Владимир Ильич Лениндин, И.Поповдун “Үй-бүлөсүндө” Володя Ульяновдун образы менен кыргыз театр тарыхына “лениниаданын” жаратуучусу катары өчпөс из калтырды.
Ал эми Кыргыз Республикасынын эл артисти Мираида Далбаева кыргыз драма театрынын сахнасында А.П.Чеховдун «Алчалуу бак» пьесасында Раневскаяны, Ш. Садыбакасовдун «Ак боз ат» драмасында Эркайымды, Чыңгыз Айтматовдун “Жамиласында” Жамиланы, Аалы Токомбаевдин “Өлбөстүн үрөөнү” трагедиясында Айганышты, Островскийдин Добулунда Катеринаны, Шекспирдин “Король Лиринде” Регананы ойноп, Жалил Садыковдун “Манас” эпосу боюнча үчилтигинде Каныкей, Чачыкей баш болгон ондогон кайталангыс образдарды жаратты.
Эл артисти Сатыбалды Далбаев агай эмгек эс алуусуна чыкса дагы сахнадан түшпөй, спектаклдерде роль аткарып келет. Ал эми Мираида эже болсо үйүндө неберелерин эркелетип, ардактуу эс алууда. Кыздары Айгүл, Айнура, уулу Айбек очор-бачар.
Өткөн жылы белгилүү монтаж-режиссеру Ракыя Шаршенова кош таланттын чыгармачылык өмүр жолун камтыган “Эгиз жүрөк-эки залкар” деген аталыштагы даректүү тасманы тартып, бет ачарын өткөрдү.
Аманбек Жапаров, “Азаттык”, 09.01.2014