Жумамүдүн Шералиевдин кайталангыс жашоосу

sheraliev

Анын өмүр таржымалы, жашоосу, үй-бүлөсү жөнүндө кызы Нарынкүл Шералиева эскерип берди.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, композитор, драматург, хормейстер Жумамүдүн ШЕРАЛИЕВ алтын фондго калтырып кеткен өлбөс-өчпөс чыгармалары менен искусство тарыхында аты калган. Анын өмүр таржымалы, жашоосу, үй-бүлөсү жөнүндө кызы Нарынкүл ШЕРАЛИЕВА эскерип берди.

– Атаңыз Жумамүдүн Шералиевдин кандай адам болгондугу, үй-бүлөсү окурмандарга кызык. Кызы катары эмнелерди айтат элеңиз?
– Атам 1915-жылы Ат-Башы районунда төрөлгөн. Апам болсо 1927-жылы Чүйдүн Башкарасуу айылында туулуптур. Агезде атам артист болуп кыдырып концерт коюп жүрүп, орто жолдо бир жарым жыл бойдок болуп калган кезинде апама жолугуптур. Чынын айтканда, атам ага чейин биртоп аял алган экен. Ал аялдарды чоң энем эле алып берчү экен. Анткени апасы абдан кыйын, тың, каардуу аял болуптур. Ал Кыргызстандагы биринчи коммунист активисттерден экен, анын Надежда Крупская менен түшкөн сүрөтү да бар эле. Атам эки-үч ай гастролдоп кетсе эле апасы өзүнө жаккан кыздарды алып келип келин кылып койчу экен. Атам гастролдон келсе эле чоочун кыз жүрүп калат дейт, бул ким деп сураса апасы бул сенин аялың деп койчу тура. Берки аялым кайда кетти десе ал кара жерге кирсин, мага жакпай калды, кетирип жиберип башкасын алып келдим дечү экен. 1950-жылдары атам апасы алып келген аялдардан тажап, бир жарым жыл бойдок жүрүп калат. Ушунча убакыттын ичинде 8 аял алган деп бирөө айтат, дагы бирөө 11 аял алган дейт, айтор атам он чакты аял алыптыр. Бирок алардан балалуу болбосо керек. Эгер баласы болсо кантип эле атасына бир кайрылбасын деп ойлойм. Азыр бизге кайрылышса кучак жайып тосуп алат элек. Илгери мен 8-9-класста окуп жүргөндө театрда иштейт элем деп үйгө атамдын мурунку аялынан бир кыз келген. Ата-энем аны дүкөнгө алпарып бир сыйра кийинтип, сен окушуң керек андан кийин кел, чоң окууга өтөм десең ага да жардам беребиз деп айтышкан эле. Ал эже ошол бойдон кайрылып келбеди. Аты да эсимде жок.

Ошентип атам чоң энемдин аялдарынан тажап жүргөн кезде артисттер менен Чүйдүн Башкарасуу айылына концерт коюп келип, таятамдын үйүндө конок болушат. Таятабыздын короосундагы алма бактарды аралап жүргөн Калык, Осмонкул жана башка артисттер ары жактагы кепе тамга киришсе апам ооруп төшөктө жаткан экен. Илгери артисттер келет деп эл абдан даярданышчу эмеспи. Артисттерди чоң үйгө сыйлап, апамды кепеге жаткырып коюшуптур. Калык, Осмонкулдар абдан кыраакы адамдар болгон эмеспи, апам менен сүйлөшүп, чоң үйгө киргенден кийин атама тигил жакта бир кыз бар экен, ошол кыз сага жакшы аял болот, барып таанышып кел деп айтышат. Апам чынында өтө сулуу аял болгон. Кепеге кирип атам менен апам таанышат. Кечинде концертке кел деп атам апамды чакырса ооруп жатам баралбайм дейт. Ошондо аны төшөгү менен көтөрүп алып барып концерт көргөзүшүптүр. Алар ошол жерден куда түштүк, кийинки жылы май айында келип алып кетебиз дешет. Ошондо күз айы экен. Таятамдар буга анча маани деле берип ишенишпейт. Алты-жети айдан кийин май айында куда түшүп келип, апамды алып кетишкен экен.

– Алар өмүр бою Нарында жашап калышты да?
– Ооба, апамды Нарындын Ат-Башысына алып барат. Апам турмушка чыккандан кийин көпкө чейин төрөбөйт. Мунун согончогу канабайт деген чоң энем аны да кетирем деп чыгат. Бир күнү апам короодо тамагын жасап, самоорун кайнатып жүрсө бозого тойгон кайнилеринин бири келип, “эй жеңе, үйдө сенин тагдырың чечилип кетиргени жатышат, а сен бул жерде чай кайнатып жүрөсүң” деп айтып тамашалап, колундагы бычакты ыргытып жиберет. Апам коркуп отура калса ал тамга барып сайылып калат. Ошондон коркуп калган апам мени булар өлтүрүшөт турбайбы деп атама айтып, экөө ошол жерден качып Фрунзеге келишет. Фрунзеге келип, филармониядан атам гонорарларын алат да бул жактан үй сатып алышат.

Ошентип алар шаарда жашап калышат. Бир күнү апам сыртка чыгып суу алганы баратса алыстан эле кайненесинин басып келаткан тааныш дабышын угат. Ушул апам окшойт деп коркуп кетет да үйгө чуркап кирип, “Жумаш, апам келатат окшойт” деп экөө далбастап отуруп калышат. Аңгыча сырттан кайненеси кирип келип, “и барсыңарбы, мен силерди өлүп калды го дедим эле!” деп куржунун таштап кетип калат. Ата-энем эмне кыларын билбей, баягы куржунду карап, апам кайда кетти деп отура беришет. Биртоптон кийин сыртка чыкса чоң апам узап кеткен экен. Куржундун ичин ачса эне эмеспи, эт, сары май, нан алып келиптир.

1953-жылы өз жериңерге барып иштеп, айылды көтөргүлө деген партиянын чечими чыгып, ата-энем Нарынга көчүп кетип, ошол боюнча бул жакка келишкен эмес.

– Канча убакыттан кийин балалуу болушуптур?
– Көпкө чейин балалуу боло албай жүрүп, Дамир деген баланы багып алышат. Ал чарчап калат. Бир жолу автобус менен кетип баратышып жолдон унаа бузулуп калып, оңдогуча атам жүргүнчүлөргө ырдап бериптир. Ошол жердегилер бала- бакыраңарга өмүр берсин деп бата берсе, атам биздин балабыз жок дептир. Балаңар жок болсо бата берели дешип автобустун ичиндегилердин баары кыбыланы карап бата беришет. Ошентип бир жылга жетпей эле мен төрөлүптүрмүн. Менден кийин дагы Нарынбек деген эркек балалуу болушуптур, бирок ал 11 айлык кезинде чарчап калган. Атам гастролдо экен, уулунун чарчап калганын угузуу абдан оор болгон. Андан кийин 1962-жылы Турдугүл деген сиңдим төрөлгөн. Ал азыр Нарында мугалим болуп музыкадан сабак берет. Менин төрт балам, үч неберем бар, сиңдимдин да төрт бала эки небереси бар.

– Ата-энеңиз канча жыл чогуу жашашты?
– Апам 1992-жылы 68 жашында каза болду. Биз апабызды өлбөчүдөй, оорубачудай ойлоптурбуз. Анткени ал дайыма атама мүнөздөп тамак жасап берип бапестеп карачу. Атабыз эле ооруйт дечүбүз. Көрсө апабыздын оорусу да катуу экен. Бир жылдын ичинде эки жолу операция болуп, жакшы болбой эле атамдан мурда апабыз каза болду. Апам каза болгондон кийин атам сакал-мурутун коюп, ага кайчы тийгизген жок. Менин апаңарга деген аза күтүүм, ага болгон сыйым дечү. Атам көп ооручу, ошондон улам ит дарттын баары менде деп айтып калаар эле. Ошондон эки жылдан кийин атам каза болду.

– Жаш кезинде ата-энеңиздин бири-бирине болгон мамилелери кандай эле, кызганышчу беле?
– Апам кызганмак түгүл атамдын мурунку аялдары менен курбу болуп алчу. Ал ак көңүл, куулук-шумдукту билчү эмес. Кээде аны кытыгыласак менде кытыгы жок, кызганганды да билбейм деп күлүп калчу. Атам үйгө ээрчитип келген артист кыздар, аялдарды да кызганчу эмес эле. Атамдын кызганганына апам деле мүмкүнчүлүк берген эмес окшойт. Атам буту ооруганына байланыштуу өмүр бою балдакчан жүрчү, апам машине айдачу. Ошол кезде Нарында машине айдаган аялдардан экөө эле болчу, анын бирөө апам эле. Адегенде өкмөт “Запорожец” берген, андан кийин “Жигули” айдап калды. Машине айдаганга ылайыктуу деп апам комбинезон кийип алчу. Апамдын чачы түшүп суюлуп баратканда атам кийме чач сатып берген. Нарында биринчилерден болуп кийме чач кийип, аял болуп машине айдап, айтор апам Нарынга көп жаңылыктарды киргизди. Ата-энемдин урушканын бир да жолу көргөн жокпуз.

– Атаңыз го чыгармачыл адам эле, а апаңыз иштеди беле же?..
– Апам китепканада, кийинчерээк кийим тигүүчү фабрикада иштеди. Эртеден кечке мени карап, үйгө келгендерге тамак берип отургандан тажайсың, өз бетиңче иште деп атам иштетиптир. Дем алыш күндөрү дайыма үй-бүлөбүз менен жаратылышка чыкчубуз. Атам табияттан эргүү алып, жакшы обондорду жараткан. Убагында атам буту ооругандыктан Москвага окууга бара албай калган экен. Ал он бир жашка чейин тушоо тойлордо, жарышта бир да баланы алдына чыгарчу эмес экен. Эгер Кудай мага музыканы бербесе мен анда жөө күлүк болмокмун деп калчу атам. Буту ооруп улам операция жасалып, акыры аксап калган.

– Атаңыздын канча чыгармалары сакталып калды?
– Атамдын 600дөн ашуун обондору бар. Буга чейин да эки китебин чыгарганбыз. Анын 100 жылдыгына карата төрт томдук китебин чыгарып, ичине болгон ырларын киргизели деп жатабыз. Чынында анын көбүн да билбейт экенбиз. Кээ бирлери ырдалып жүрүп, унутулуп калыптыр. Ошонун баарын жаңылап китепке жазалы деп жатабыз. Атамдын “Кыштак четинде”, “Ырдап кой”, “Жашообуз болсун көктөмдөй”, “Гүлдөйжан” ж.б. ырлары ырдалып жүрөт. Бир нече драмаларга музыка жазган. Өзүнүн жазган пьесалары, айтыштары бар. Өзүнүн обондорун нотага жазып калтырган үчүн азыркыга чейин сакталып калды. Он жыл мурун Жүмамүдүн Шералиев атындагы эл аралык фонд түзүлгөн, ушунча жыл ичинде көп эле иш-чаралар өттү. 2006-жылы атамдын 90 жылдык юбилейине карата лауреаттык төш белгини Мухтарбек Өмүракунов жасатып берген. Ушул сегиз жылдын ичинде биртоп иш-чараларды өткөрүп, 18 лауреатыбыз бар. 2015-жылы атамдын 100 жылдык юбилейи өтөт. Ага карата үч жылдык иш-чаранын планын түзүп, көп жерге кат менен кайрылдык. Биринчилерден болуп ЖК депутаты Карганбек Самаков бир миллион 50 миң сом берди. Май айында фестиваль өткөрүп 550 миң сомдук баш байге койдук. Фондго заманбап техникаларды алдык. Сентябрда Ат-Башы районуна бир күн, Нарын шаарында эки күн концерт коюп келдик. Ошол эле айда “Жумамүдүн Шералиев сүрөтчүлөрдүн көзү менен” аттуу көргөзмө сынак жарыяладык. Ага Т.Садыков атындагы сүрөтчүлөр академиясындагы 37 сүрөтчү катышып, 56 иш көргөзмөгө коюлду. 12-декабрда сынакты жыйынтыктап байге берилди. Шералиев ким экенин акындар дүйнөсү кандай ачып берет деген ой менен 2014-жылы январдын аягында “Жаш таңдай” аттуу 30 жашка чейинки акындарга сынак жарыяладык. Алдыда көп пландар бар. Анын баарын 15 жылга чейинки иш-чаранын негизинде жүргүзсөкпү дейбиз.

Назгүл Калмамбетова, “КАБАР ОРДО”, 31.12.13

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.