Туш кийиз – сайма өнөрүнүн жүзүн ачкан асыл буюм

tushkiyiz

Туш кийиз демекчи, Аксыда аны туш туурдук дейбиз. Кээ бир аймактарда туштук деп да айтылат экен.

“Колдо бар алтындын баркы жок” демекчи, убагында көп нерсени элес албай, аттиң деп өкүнүп калабыз. Айылга кошокчу, жомокчу катары таанылган чоң энем Үрбүбүнүн айткан-дегендерин жазып албай не болдум.

Ыраматылык чоң энем курак курап, кийиз басып, төрбөлжүн шырыган чебер дагы эле. Кайсы үйдө бөбөк төрөлсө, заматта топу, чапан же чыптама тиге калып, колтугуна кысып жөнөп калчу. “Көрүндүктөн сиз оңой кутуласыз ээ” деп тамашалаганым менен ичимден сыймыктанчумун. Анткени менин чоң энемдин колунан жаралып, бирок бири-бирине такыр окшобогон, ар бири өзүнчө кооз, ар бири өзүнчө адеми кийим-кечелер балдардын үстүнөн түшчү эмес. Ал эми айылдагы кыздардын себи менен кошо кеткен курак көрпөчө, төшөктөрү, жаздыктары, туш кийиздеричи?

Былтыр айылга барганымда чоң энемден калган буюмдарды апам: “Эми мага мындай шырдактарды, туш кийиздерди ким жасап берет?”- деп аспиеттеп урунуп атканын байкадым.

Туш кийиз демекчи, бизде Аксыда аны туш туурдук дейбиз. Кээ бир аймактарда туштук деп да айтылат экен.

Ооба, менин чоң энем сыяктуу колунан көөрү төгүлгөн чебер уздардын, усталардын, зергерлердин колунан не бир сонун буюм-тайымдар, улуттук аспаптар, жабдыктар жасалып келген. Кайсы буюм качан, кантип, кимдин колунан кандай учурда жаралганына кызыгышып, тарых-таржымалы менен кошо айтылган. Ошондой таберик буюмдардын катарында туш кийиз да өзгөчө орунда турган. Ал – көркөм кол өнөрчүлүктүн эң баалуусу болуп эсептелген сайма өнөрүнүн жүзүн ачкан асыл буюм. Боз үйдүн керегесине тартуу үчүн ар кандай оюм-чийимдер жана көркөм көчөттөр менен саймаланып, алгач кийизден кармалып жасалгандыктан туш кийиз атыккан. Туш кийиздин чети кундуз менен басылып, баш жагына бермет шуру, жана башка түрдүү мончоктор менен шөкөттөлчү. Кийинчерээк туш кийиз тукаба, барча, баркут сыяктуу кездемелерден жасала баштаган. Бул буюм канчалык көп жасалганына карабай, бири-бирине таптакыр окшошкон эмес. Чебер уз аялдар, кыз-келиндер кыргыздын элдик салтын, көркөм өнөрүн сактоо менен катар мыкты туш кийиздин үлгүсүн жаратууда зор ынтаасы, бай фантазиясы аркылуу кыял оюмдарды түркүн ыкмаларда чагылдырышкан. Бутактанган “бугу мүйүз”, чамгарактуу “кулжа мүйүз, тоо теке мүйүз”, “керилген жаа”, “бүркүт”, “ак шумкар”, “көгүчкөн же ак кептер”, шаңкайган аска, ак булут, арча, күмүш өзөн, түркүн жемиш, түрдүү гүл болуп, саймаланган көркөм көчөттөр (орнаменттери) аркылуу кыргыздын маданияты, жашоо образы, турмуш-тиричилиги, көчмөн духу, эстетикалык табити аталган буюмга түшүрүлгөн.

Учурда сейрек колдонулуп калганына карабай, биротоло унутта да калбай, “сайма туш кийиз”, “чокума туш кийиз”, “курак туш кийиз” делинип, улам жаңы мүнөз, жаңы түргө өзгөрүп жаңырып жатышы сүйүндүрөт.

Нурзада Ташбаева, «КАБАР ОРДО», 22.01.14-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.