Жыргалбек Касаболотовдун жаңы ырлары

jyrgalbek

ТЫГЫН

Кандай гана бурулуш!
Кадам сайын курулуш…
Шаар ичи бытылдап
Шашкан сайын тыгылыш.

Өйдө-төмөн жанашып,
Өчөгүшө карашып,
Өтөт автоунаалар
Өмүрүңдү талашып.

Тогуз жолдун уюлу –
Токсон багыт туюгу.
Курсагынын кулубу,
Кумурсканын уюгу?

Машинелер көп келди,
Маркалары төп келди.
Теңир сүйгөн жеримди
Темир басып кеткенби?

Автокөлүк батмандай,
Араң эле баткандай,
Талаш жолдо бүт аалам
Тарып бара жаткандай.

Жүрүп-жүрбөй дем алып,
Жүргүнчүдөн көп алып,
Бүрүштүрөт бусиктер
Бүткөн бойдон тер агып.

Жолду күтүп эзилип,
Жөөлөгөнүн кечирип,
Багыт алган жагыма
Баратамын кечигип…

28.12.13.

 

ӨМҮР-КИТЕП

Бала кезден баш сөзүнө үңүлгөн,
Бармактардан барактары сүрүлгөн,
Окуп жүрүп Өмүр деген китепти
Ортосуна жетип калдым бүгүн мен.

Оодарылган беттер улам аяктап,
Отурамын саптан сапка жай аттап.
«Баштаган соң бүтүп коюш керек» деп
Баш көтөрбөй тиктей берем барактап.

Тагдырымдын табышмактуу дептерин
Тапкым келип сабак болчу кептерин,
Үзүлгөндөр уланчудай көз албай
Үмүт менен улам ачам беттерин.

Ортосунда көк асаба, кызыл туу,
Окуясы оймо-чийме сызыктуу,
Далайлардын сырын каткан бул китеп
Дагы кимге болоор экен кызыктуу?..

05.01.14

 

Жыргалбек Касаболотовдун башка ырлары бул жерде

Соц тармактар:

One thought on “Жыргалбек Касаболотовдун жаңы ырлары

  • 08.03.2014 at 01:28
    Permalink

    чындыгында кеп эмнеде? омур-китептин жазылгандыгындабы, же аны окуудагы тер тогуудобу? кайсынысында адам жакшы жашайт?

    Reply

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.