Бурул Сарыгулованын жаңы ырлары жана котормолору
СУР БУЛУТ
Бүгүн бир төгүлөйүн дедим эле,
Эрк берип ушул тентек сезимдерге,
Кыялдар ааламымды аралай чаап,
Музамдын эргип турган кези эле!
Сур булут, бекер кылдың ушул ирет,
Ансыз деле жан дүйнөм жүдөп жүрөт.
Сейрек менин сергиген маанайымды,
Койсоң болмок кызганбай, бир аз сүрөп.
Экөөбүз ансыз деле бирге элебиз.
Буулугуп, бууракандап бир келебиз.
Өрүлүп калган ошол эки бакыр
Эсиме келбей атат, жаз беле, күз?
Сур булут! Сарсанаанын кожоюну,
жөн койсоң болмок экен ушунуңду.
Будалап, адаштырып кеттиң кайда
делбиреп, делөөрүгөн учурумду…
“ЭНЕДЕН САНААЧЫЛ КИШИ ЖОК”
(энемдин сөзү)
Бир ой кетсе кылт этип бүттү дей бер,
Жолду карап, саргарып күттү дей бер.
Жылга айланып мүнөтүм, сабыр кыйрап,
Саал кечиксең жүрөгүм түштү дей бер.
Үмүтүмсүң өмүрдүн көчүн улаар,
Чынарымсың бакыйып өсүп чыгаар.
Казыгысың бул үйдүн, мени билген
жакшы адамдар айланып өтүп тураар.
Кыш болорун билгиниң жайдан артык,
Сакта өмүрдү, чырагым, жандан артык.
Аманатсың атаңдан калган мага,
Аман бол, тилегим жок андан артык.
* * *
Алоолойт жайкы аптапка жуурулушуп,
Сен тарап келе жаткан балаң менен.
Өңүмбү, түшүмдөбү бул көргөнүм?
Көз кайкып, өзүм каалгып кадам керем.
Тынчыбай буюккан – Мен. Алай-дүлөй
оюмду тескей албай тегеренем:
«А балким мен болгондо мындан дагы
келишкен уул төрөп берет элем…»
Көрбөдүң. Оюң алек эмне менен?
Чачыңды бара жатат санаа тарап.
Уулуңдун сүйүү толгон каректери,
Кызымдан жанымдагы өтүп барат…
* * *
Чиймелеп, сызып, айрып санаа-ырды,
Түгөтүп жатам өмүр барагымды.
Айсыз түн, сокур чырак жолдош кылат,
Салбырап жерге түшкөн кабагымды.
Жөлөгүм келип турат азыр сага
Ыргайдай муун-жүүнсүз караанымды.
* * *
Канча жылдар коюунунда капанын,
Күтүп, эңсеп, дегдеп сени жашадым.
Тирүүлүккө көп акаарат кылып мен,
Келчү деле эмес эле жашагым…
Боройлогон махабаттын азабын,
Тартуу экен эң күчтүүсү жазанын,
Бүттү баары, «өлдүм» дегем ошондо…
Сенсиз эле жашап келе жатамын.
Өз нугуна салып жашоо мыйзамы,
Мезгил – дары эс-учумду жыйнады.
Мени сүйгөн жандын туусун көтөрүп,
Суктандырып жашап калдым кыйланы.
Бирок, билбейм качан мени куткарат,
Көөдөнүмдө турган бир дарт тытмалап.
Кучагыңа кулап түшкүм келгенде,
Тозок болот, тозок болот уктамак.
МҮРЗӨДӨГҮ ЖАЗУУ
Кайран өмүр карып сапары,
Кетти бардык пенде катары.
Бирок анын жолу башка эле
Экинчи ирет анык жашаары.
Мүнөзү нак кебездей болчу,
Жер силкинсе кебелбей койчу.
Баамчылдыгы менен багынткан,
Акылы дал көсөмдөй болчу.
Ак пейили, ниети нур төгүп,
Тегерете дайым күлкү эгип.
Аткан октой айткан кебинен
Кара ниеттер калчу бүркөлүп.
Чер жаздырып тамашасына,
Дабаа болуп жаракасына,
Кубандырып коюп канчаны,
Кубанганы ай, балачасынан.
Жакшылыкка сүйрөп жаманды,
Сабыр менен тескеп сараңды.
Өз чындыгы менен жашады,
Абийирине коюп арамды.
Каттап-каттап китеп жазган жок,
Башы менен кудук казган жок,
Атым калса болот эле деп,
Арсыз, жөнсүз ишке барган жок.
«Таза жаша, таза өл» деген
Ураан калды ушул пендеден.
Өлүмгө да күлүп караган,
Адам болот экен кемде-кем.
Булактуу бир айыл четинде
Сөөгү жатат бийик секиде.
«Мыкты адам болчу» деп турат
Мүрзөдөгү таштын бетинде.
ТҮШҮМӨ КИРДИҢ ЭНЕ ТҮНДӨ ЭМНЕГЕ?
Түшүмө кирдиң эне түндө эмнеге?
Эстебей калганыма кейидиңби.
Өлгөнгө да сый керек деп калчу элең,
Сурабай калдым окшойт көңүлүңдү…
Түшүмө кирдиң эне түндө эмнеге?
Сагынып жүргөнүмдү туйдуң бекен
Эненин баркын эми түшүндү деп,
Кечиккен акылыма күйдүң бекен.
Түшүмө кирдиң эне түндө эмнеге?
Каржалып турганымды билдиңби же
Ызасын ыпластыктын тарта берип,
Ыйлаак жаным чочутуп ийдимби же.
Түшүмө кирдиң эне түндө эмнеге?
Сездиңби жан оорутуп жакындарым,
өлүмдү соодалаган ушак-айың
жаалданып, кантип анан ашынганын…
Түшүмө кирдиң эне түндө эмнеге?
Көөнүңө толбодубу көч сапары.
Сага окшоп күнү-түнү тилеп атам,
Бузулба деп, кудай деп көч катары.
Байкуш энем, базарым, мазарым ай…
Көпөлөктөй айланып жүрүп өттүң,
Кечиргин, катачылык кетип атса,
Жараткан тынч уйкуну насип этсин.
КОРКУУ
Коркоорумду билдим бүгүн уруштан,
Ушак менен калптан жанды куруткан.
Анан дагы азоолуктан алкынган,
Тажаалдыктан, караны ак деп чынырткан.
Көралбасты көрдүм, айла кетирди.
Абийир, ыйман кандай гана кетилди!
Анык жүзүн көрүп көркоо пенденин,
Жыйнай албай турам азыр эсимди.
Чындык менен калыстыкты куйкалап,
Тазалыкты тепсеп, кордоп, уйпалап,
Минтип көргөн күндөн абдан коркомун,
Намыс менен барк байкушту бырчалап.
Котормолор
Анна Ахматова
КОЙ КӨЗ ПАДЫША
Сыздаткан муң-зар, даңк сага!
Өлүптүр кой көз падыша.
Тумчуктурган үп болчу анда. Күзгү кеч.
Күйөөм келип айтып жатты сезбей эч:
«Аңчылыктан сөөгүн алып келишти
Эски эмендин түбүнөн таап келишти.
Канышага убал болду. Жаш жубай!
Бир түндө эле болуп калды чач куудай.»
Мүштөгүн каминден таап алды дагы
Түнкү ишине кайрадан кетип калды.
Баратам ойготкону кызымды өзүм,
Көрүү үчүн ойготом азыр көзүн.
…А кайыңдар терезенин артынан
шуудурашат: «Падышаң жок…» деп улам.
1910
* * *
Берилүүнүн шамалы улуйт,
Көпкөк асман канталайт.
Күндөрүңдү алгач сүйгөн,
Жылдар улам кайталайт.
Жылдар суудай агып кетти,
Сыйкырымды качырдың.
Сен эмнеге карыбадың,
Баягыдан ачылдың?
Үнүң дагы шаңдуу кыйла.
Мезгил канат, а бирок,
Капа конбос маңдайыңда
Апакай кар отурат.
1922
ЖАЛГЫЗДЫКТА
Канчалаган ыргытылды таш мага,
Кыла албады бири дагы камтама,
Ал тузактан, бийиктиги күн челген,
келишимдүү курулду зор мунара.
Кургандарга жакшылык насип этсин,
Санаа, түйшүк аларды кыйгап өтсүн.
Бул жерден таңды көрөм элден мурда,
Бул жерде күндун нуру сайран курат.
Бөлмөмдүн терезесин көздөй дайым
Түндүктөн деңиз жели агып турат,
Көгүчкөнгө колдорум данын сунат…
Жазылып бүтпөй калган барагыма,
Кара тору колум менин Музаларды
Таң каларлык бейпил, анан
жеңил гана жазып турат!
1914
Саламатсызбы Бурул жене.
Мен азыр Япониянын Хоккайдо аралындагы Обихиро шаарынан жазып жатам. Стажировкада журом. Манас темасына байланышкан материал издеп жатып сизге кабылып калдым.18 ноябрь жана Мурзодогу жазууну окуп чындап козумо жаш келди, Байкебиздин арбагы ыраазы болсун!!!
Жамила Сабитакунова Ак-Муз айлы.