Бийдин башы – Биймерген

"20 кыз Ай бийин бийлеп, калган 20 кыздын төбөсүндө куш айланып, Күн балкып..."
“20 кыз Ай бийин бийлеп, калган 20 кыздын төбөсүндө куш айланып, Күн балкып…”

…Илгери, илгери кыргыздын бир мыкты жигити аң уулап жүрүп жолу болбой, күн кылкылдап батканы калганда кырда кетип бараткан КЫРК АРКАРГА туш болот. “Кудай мындай бербеспи” деп сүйүнгөн мерген октолуу мылтыгын сунуп, эң алдында баратканын биринчи атат. Аркар кырдан кулап, жигиттин бут алдына түшөт. Аңчылыктын кызыгына баткан мерген ата берип, ата берип, кыркын тең кырдан кулатат. Акыры ата турган эчтеке калбай калганда баягы аркарларды караса эле Ай десең Айдан арткан, Күн десең Күндөн арткан, перидей КЫРК СУЛУУ КЫЗГА айланып калган болот. Жигит “өңүмбү же түшүмбү?” деп көзүн ачып-жумуп кайта-кайта карайт. Караса азыр эле кырдан биринин артынан бири кулап түшкөн КЫРК АРКАР жок, алардын ордунда КЫРК СУЛУУ КЫЗ турат.

20 кыздын төбөсүндө жылдыз жайнап Ай балкып, Ай алдында алтын чоор ойнолуп, 20 кыз Ай бийин бийлеп, калган 20 кыздын төбөсүндө куш айланып, Күн балкып, Күн алдында күмүш чоор ойнолуп, Күн бийин бийлеп жаткан болот. Анан ага дейре өмүрүндө бир ирет бий бийлеп көрбөгөн мерген мылтыгын кантип ыргытып жиберип, кантип бийлеп киргенин өзү да билбей калат. Аңгыча КӨКТӨНБҮ же ЖЕРДЕНБИ:

-БИЙМЕРГЕН! БИЙМЕРГЕН!- деген жанга жагымдуу, өтө кооз үн угулат. Жигиттин дене-бою балкып-чалкып, жүрөгү жыргалга толуп-ташып, бир башкача болуп кетет. Баягы үн дагы угулат:

-Эй, Ай алдынан чыккан жигит, алтын чоорду уккан жигит?

-Эй, Күн алдынан чыккан жигит, күмүш чоорду уккан  жигит? Эми мындан ары сенин бийиңдин аты – БИЙМЕРГЕН болот! Эсиңде болсун. Экинчи колуңа мылтык алчу болбо? Мылтык деген сенин үй-бүлөң менен сенин элиңе кырсыктан бөлөк эч нерсе алып келбейт! Мылтык кармаган элге ЫРЫС-КЕШИК, ЫР-БИЙ деген токтобойт! Биз ар КЫРК КҮН сайын келип-кетип турабыз. Биз келген сайын ЫР-БИЙ менен кошо сенин эли-журтуңа ЫРЫС-КЕШИК кошо келет. Ушуну унутпагын! Сенин бийиң мындан ары БИЙМЕРГЕН болот! БИЙМЕРГЕН болот!,-деген үн улам-улам акырындап олтуруп, аны менен баягы Ай да, баягы Күн да алыстап, ойнолгон чоор үндөрү да алыстап олтуруп баары көрүнбөй көздөн кайым болот.

Жигит эсине келип эки-жагын караса алдында мылтыгы жатат, ала койсо мылтык эмес эле куурай болуп чыгат. Анан шашып-бушуп элине жетет. Келип эле элине ырды, бийди үйрөтөт. Айылдагы мылтык, ок-дары жоголуп, ЫР, КҮҮ, БИЙ карманган элге ЫРЫС, ЫЙМАН, БАКТЫ-ТААЛАЙ өзүнөн өзү эле келе баштайт. КЫРСЫК, ООРУ-СЫРКОО дегендер капкайда качып жоголот. Ошондон тартып БИЙМЕРГЕН деген бийдин атагы алыстан алыска тарайт. Бул бийди тараткан – КЫРГЫЗ деген КУТТУУ ЭЛ болгон экен. “БИЙДИН БАШЫ – БИЙМЕРГЕН” деген сөз ошондон улам калган балам, биле жүр, бул бийди ата-бабаларың биздин Ала-Тоого Алтайдан ала келген бий,- деп мага Чоң Энем айтар эле…

Шайлообек Дүйшеев, «Азаттык», 02.08.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.