“Жайыл кыргынынын” сырлары

jaiylbaatyr

1773-жылдарда чек арадагы жаңжалдан улам кыргыз-казак мамилелери кайрадан курчуган. Кыргыз жана казак уламыштарынын маалыматтары боюнча Улуу жүз казактарынын өкүлү катары жаш баатыр Жоогач Көкчөтоо Сарыарка тарапта жүргөн казак ханы Абылайга (1711-1781-жылдары жашаган) барып кыргыздар менен чатактарды жөнгө салып берүүсүн суранат.

Абылай хан бир боордошторубуз менен тил табышып жашайлы деп кыргыздардын башчыларына казак ханынын тилегин жеткирмекке Жоогочтын өзүн элчиликке жиберет. Бирок бул жолку Жоогач менен солто уруусунун өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаган. Андыктан, 1774-жылы жазында Абылай хан баатырлары Абулфеис, Каманбай, Дөөлөтбай, Байгазы, Оразмамбет, Бердикожо ж.б. жетектеген кубаттуу күчтөрү менен Алатоо тарапка жортуулга чыккан.

Синьцяндык казактардын арасында сакталган Каманбай баатырдын эрдиктери жөнүндөгү дастанда окуялар жана адам ысымдары бир аз чаташканы менен, андагы маалыматтар ушул жортуул учурундагы окуялар экенин баамдайбыз. Анда мындай саптар бар: “…Айтайын, айт десең мен арстаныңды, Коргоочу кан майданда намысыңды, Кас баатыр Каманбайдын бир инисин, Кыргыз чаап баатырдын шагы сынды. … “Кабакең кайгыланды” дегенди угуп, Келиптир өзү баатыр кан Абылай. … “Кабакең кайгыланды” дегенден соң, Баатыр өзү кырдуу баары келди. … “Намысын Кабакеңдин аперем” деп, Келиптир канжыгалуу Эр Бөкөнбай”. Мындан биз казак колунун Алатоо тарапка аттанышына дагы бир шылтоо – бул Барак баатырдын кунун алыш экендигин баамдайбыз.

Санжырачы Бала Айылчынын чогулткан кыргыз уламыштарында, кыргыздарга элчиликке келген Жоогач Жайыл баатыр, Момокон жана Жамансартка “Абылайдын тапшырмасын айтат. Ал талап мындай эле: “Бүт кыргыз мага баш ийсин, болбосо чабамын” – деген. Кыргыз “карабайбыз, баш ийбейбиз” деп жооп беришет. Абылай келип салгылаш баштады. Алар көп эле. Кыргыз бир топ кыйынчылыкта калат”.

Чүй өрөөнүнө өтүчү Сарыбел ашуусунда 1774 – жылы жаз мезгилиндеги болгон алгачкы кыргыз-казак кагылышуусунда, казактардын жоокерлери чегинүүгө мажбурланышкан. Мындай учурда кыргыздардын күчтөрүн алаксытып, бытырандылыкка учуратыш үчүн Абылай өз жоокерлерин Талас менен Ташкент тарапка багыттаган. Жагдай казак ханы ойлогондой болуп, Атаке баатыр баштаган жоокерлер шашылыш Талас тарапка Садыр бий жетектеген кыргыздарга жардамга аттанышканы менен кечигишкендиктен орто жолдо калышкан сыяктуу. Абылай Ташкенттин тегерегин өзүнө каратып, Таластагы кыргыз күчтөрүн курчоого алып катуу сокку уруп, ал тараптагы жоокерлеринин көбүн кайра ошол эле 1774-жылдын жай мезгилинде Меркенин жанынан Чүйгө – Карабалта жакка) багыттаган.

Кыргыз ханы Жайыл баатыр алгачкы жеңишке ээ болгондуктанбы, же кыргыз уруу башчыларынын ортосундагы ынтымактын бузулушунанбы айтор, бул чабуул Чүйлүк кыргыздарга күтүүсүз болгон. Жайыл хандын жанында өзүнө таандык солто, багыш жана саяк урууларынын бир аз жоокерлери гана калган. Салгылашуу Чүй дарыясынын оң куймалары Аксуу, Кызтууган өзөндөрүнүн ортосунда (азыркы Беловодское айылынын тушунда) болгон. Кыргыз жоокерлери жан айабай салгылашышса да бул жолу Абылайдын көп сандаган колуна туруштук берише албады. Ушул кыргында кыргыз кыз-келиндери да колдоруна курал алышып, өз мекенин коргошкон.

Профессор Сабыр Аттокуров бул салгылашууну элдик уламыштардын негизинде мындайча сүүрөттөйт: “Жайыл пайгамбар жашына барып калганына карабастан чапанынын оң колун чечип, жеңин кемер куруна кыстарып коюп, туулгасыз жылаң баш согушкан. Анын беттегени тирүү калбаган. Асан атасынын оң тарабында, Үсөн сол тарабында 20дай жигиттери менен кыргынды уланткан. Итике атасынын артында жигит менен анын экинчи атын, жоо-жарагын алып жүргөн. Көзгө атар мерген болгондуктан атасын курчоого алууга жасаган аракеттерди жокко чыгарып, жоонун бир бөлүгүн окко учуруп турган. Уламышка караганда, Абылай Жайылды колго түшүрүү үчүн бир нече жолу аны курчап алган. Бирок Жайыл урушта эч качан колдонулбаган ыкманы колдонуп кыйраткан. Жайыл устун найзасын бекем кармап атына чимирүүгө (оңдон солго, солдон оңго) белги берген. Ошол учурда устун найза курчагандарды сулаткан, кулаткан. Анын үч уулу жарадар болгондоруна карабастан атасына мылтык сунгандарды атып, тегерек коргонууга өтүшкөн. Он чакты жоокерди ойрон кылып Жайыл курчоодон чыгып кеткен. …Жайыл үч уулу жана 40 жигиттери менен колдун алдында болгон. Ал Абылайды бир нече жолу жекеме жекеге чакырган. Бирок Абылай “Султанга ултан тең эмес” дап чыкпай койгон. Төртүнчү жолу Жайыл Абылайдын чатырынын жанына чейин келип өзүнүн талабын кайталаган. Абылай дүрбү салып Жайылдын жарадар болгонун көрөт, ошондо гана Чалкуйрукту минип жекемеге чыгат. Бул айкаш Жайыл баатырдын кызы, Атаке баатырдын аялы Бегимжандын кошогунда берилген.

“Абылайдын найзасы,
Коло да болсо кайышты.
Атакемдин найзасы,
Карагайлыктан майышты”.

Каманбай баатырдын эрдиктери жөнүндөгү дастанда мындай маалыматтар бар: “Ачуулу жүргөн Каманбай, Балага мойнун бурганы. Акыректен найза жеп, Бала жерге кулады. Кашындагы Абылай: “Кесейин – деди – башыңды, Курутайын – деди – жашыңды”. Каманбай айтты: “Абылай өлтүрбөчү баланы, Ырбатпачы жараны. Бул да биздей эр экен Он алтыда ойронуң, оргуп чыгып жүр экен.”. Көнбөдүү буга Абылай: – Өрүштү бузуп жылкы алган, Саябан (араба) бузуп кызды алган, Кызылдай кырып элиңди. Бул жунгар (тагыраагы – кыргыз – Д.С.) нени кылбаган?! Бала айтты: “Ордуман туруп кетермин, Ордоңду талкан этермин. Тез өлтүр мени, тез өлтүр, Өлтүрбөсөң сен азыр, Кийин калган элиңдин, Нак түбүүнө жетермин!”. Кынынан хан Абылай бычак алды, Атынан ошол замат түшө калды. Сөзүнө Кабакеңдин карабастан, Баланы как жүрөккө малып алды. Өлтүрдү он алтыда кайран жашты. Баатырлар канын ичип моокун басты”. Балким бул жаш каарман Жайылдын балдарынын биридир? Дастанда жаш баатырдын ысымы Садыр делет бирок, ал он алты жашында жана Каманбай катышкан салгылашта өлгөн эмес экендиги бизге жакшы белгилүү. Кантсе да айкаш өтө курч мүнөздө өткөндүгүүнөн кабар берет. Валихановдун маалыматтары боюнча чоң багыш уруусунан эки айыл эл, ал эми чоң талкан уругунан кырк адам гана аман калган. Мына ушундан улам бул салгылашуу “Жайылдын кыргыны” деп эки элдин эсинде сакталган.

Жыйынтыкта 65 жаштагы Жайыл баатырдын өзү жана анын уулдары Усен, Теке, Итике, бир тууганынын баласы Момокондор туткунга түшүштү. Сүйлөшүүлөрдүн негизинде Жайылдын кичүү уулу 13 жаштагы Итике менен казак баатыры Жоогачтын досу – Момоконго азаттык берилип, калганы курмандыкка чалдырылган.

Өлүм алдында Жайыл баатырдын кең пейилдүүлүк жана кеменгерлик иш кылганын белгилесек болот. Анткени казактар тарабынан маселе Момокондон башка дагы бир кыргыз адамынына азаттык берип өмүрүн сактап калуу жөнүндө чечим чыккан экен. Уулдары Жайыл баатырдын өмүрүн сакталсын дешсе, ал “мен тагдырыма жазганды жашадым, коомдук аброй күттүм, өз тукумумду улаганга жетиштим, ал эми кичи уулум – Итикеден туяк калбай калчудай, ошондуктан ордума анын өмүрүн сактоо ылайыктуу” деп айтып, өзүнүн перзентине өмүрүн улантууга шарт түзүп кеткен экен. Итике чыны менен эле атасынын жолун улаган татыктуу элдик уулдардан болгон.

Жайылдын кызы Бегимжан Каманбай баатырга ак тайлак (дагы бир вариантта атан төө) тартуулап, аны ортого салуу менен казак кол башчыларынан туткунда курман болгон Жайыл баатыр жана анын жоокерлеринин сөөктөрүүн сурап алып, хан атасынын тагдырын кошок менен ыйлап, элдик жөрөлгөгө ылайыктап көмдүргөн экен.

Ошол атан төө укмуштудай кереметүү болгондуктан казак кол башчыларынын ортосунда ага ээ болуш үчүн чоң нааразычылык пайда болуп, алар ар тарапка тарап кетишкен. Жортуул ушуну менен уланбай токтогон. Мындан тышкары Көкчөтоо -Сарыарка) тарапка Емельян Пугачевдун 1773-1774-жж.) кыймылынын катышуучуларынын чегиниши башталганыктан Оренбург губернатору казак ханын козголоңчуларга каршы чара көрүүсүүн талап кылган 9-апрель 1774-жылы жазган каты уулу Вали султан аркылуу келгендиги дагы бир себеп болгон. Демек, эми “Жайылдын кыргыны” 1774 – жылы жай мезгилдеринде болгондугу такталды десек жаңылбайбыз.

Абылай хан Чүйлүк кыргыздардын бир далайын туткундап жана ак үйлүүлүккө бийлердин балдарынын бир нечесин Жамансарттын уулу Түлөөбердини баш кылып Көкчөтоого алып кетишкен. Алар кийин бир жылдан соң элине кайра кое берилген экен. Качыке, Садыр (саяк), Надырбек, Эсенгул (сарыбагыш), Туума (саруу) баатырлар казактарга ак үйлүүлүктөр берилгендиктен, кеткен жоонун артынан сая түшүшкө үлгүрүшкөн эмес окшойт.

Жайыл баатыр курман болсо да, Абылай ханга эркиндикти сүйгөн кыргыз элин баш ийдирүүгө мүмкүн болбоду, бул туурасында – алардын кийинки өз-ара мамилелери жөнүндөгү тарых барактары күбөлөндүрүп турат.

“Аалам” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 22.02.2008-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.