Кененсариев: Тарых келечекке туура кадам таштоо үчүн керек

Тарых илимдеринин доктору, профессор Ташманбет Кененсариев Орусиянын Санкт- Петербург шаарынын Борбордук тарыхый архивинде иликтөө жүргүзүп келди. Тарыхчы-илимпоздун “Азаттыкка” жазган макаласын жарыялайбыз.

Бишкектен Санкт-Петербургга “саякат”

Кыргыз өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-декабрында чыккан токтомунда чет өлкөлөрдө жайгашкан архивдерден, музейлерден жана китепканалардан Кыргызстандын тарыхы боюнча документтерди табуу жана анын натыйжасында өлкөнүн архивдик иштерин өнүктүрүү милдети коюлган.

Аны ишке ашыруу максатында Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Борбордук тарыхый архивине 2016-жылдын 20-январынан 19-февралына чейинки бир айлык мөөнөткө Кыргызстандын Борбордук мамлекеттик архивинин директору Самаеваны, ошол архивдин жетекчи археографы Жолдошбекованы, башкы архивист Мамытбекованы жана 2015-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Архив агенттиги менен түзүлгөн кызматташтык келишимдин негизинде илимий консультант катары мени – тарых илимдерин доктору, профессор Ташманбет Кененсариевди жөнөтүшкөн.

Республиканын Архив агенттигинин башчысы Орунбай Ахмедовдун айтуусунда, мындай сапар эгемендик доордун тарыхында алгачкы жолу болуп, кыргыз тарыхын, айрыкча колониалдык доор менен советтик замандын баш чендериндеги улуттук тарыхыбыздын бизге жетпей келген архивдик булактарын таап, анын түп нускаларынан алынган документтер менен Кыргыз улуттук архивинин фондун толуктоого мүмкүнчүлүгү эми гана жаралгандыгын, бир айлык аз мөөнөт болсо да, колдон келишинче керектүү тарыхый документтерди таап, аны микрофильм жасатуу аркылуу сатып алып, биздин өлкөнүн башкы архив коруна тапшыруу иштерин аткарууну тапшырган болучу.

Тарыхый материалдарды алыстан издөөнүн чоо-жайы

Бул жерде эмне үчүн кыргыз тарыхынын XVIII – XIX кылымдары жана XX кылымдын биринчи чейреги боюнча зарыл архивдик маалыматтар Кыргызстандын чегинен табылбагандыгын түшүндүрө кетүү зарыл. Анткени, биринчиден, XVIII кылымда кыргыз эли көчмөн турмушту баштан кечирип, чачкын жашоо менен өз тилинде жазуу булактары болбогондугун жакшы билебиз. Ал мезгилдин тарыхый окуялары санжыраларда, болумуштарда, араб ариби жана эски чагатай же фарси тилинде даярдалган кайсы бир булактарда гана сакталган. Кээ бир маалыматтар Кытай, Түркия жана Кокон хандыгынын булактарында да бар, бирок өтө аз. Кыргыздар Орусия падышачылыгына караган мезгилде Кыргызстандын аймактары Жети-Суу, Сыр-Дарыя, Фергана жана Самаркан облустарынын уезддерине бөлүнүп, бир дагы облус борбору азыркы Кыргызстандын чөлкөмүндө жайгашкан эмес. Демек, орус мезгилиндеги бардык жазуу документтери, отчеттор, маалыматтар же Ташкенде, же Алматыда, же Самарканда болуп, алардын расмий нускалары Москвадагы, Санкт-Петербургдагы борбордук архивдерге жөнөтүлүп турган. Чынында XVIII – XIX жана XX кылымдын биринчи чейрегиндеги тарыхыбыз боюнча архивдик документтердин бирин-экини гана Бишкекте болбосо, дээрлик баары жогорку шаарларда. Демек, эгемендүү өлкө болгонубуздан кийин, келечек муундагы жаш изилдөөчүлөр үчүн архивдик документтерди колдон келишинче биздин борбордук мамлекеттик архивине топтоо архивисттердин гана эмес, тарыхчылардын да, жалпы эле тарыхка кайдыгер карабаган коомчулуктун милдети. Анын үстүнө Кыргызстан президентинин жарлыгы менен 2016-жылдын “Тарых жана маданият” жылы деп аталып калышы бул быйылкы жакшы саамалыктын мазмун-маанисине да төп келип калганы жакшы болду.

Кызыктуу материалдарды табуу кыйын

Сенсация болчудай маалыматтарды табуу оңой эмес. Чынында өткөн кылымдагы тарыхчылардын Кыргызстандын XVIII, XIX, XX кылымдын башындагы тарыхы боюнча адистердин басымдуу көпчүлүгү, маселен, Бегималы Жамгырчинов, Сатар Ильясов, Анвар Хасанов, Кушбек Үсөнбаев, эски муундагы көрүнүктүү тарыхчылардан көзү тирүү Владимир Плоских, ошондой эле азыркы муундун белгилүү тарыхчыларына айланып калышкан Тынчтыкбек Чоротегин, Токторбек Өмүрбеков, Жаныбек Жакыпбеков, Жээнбек Алымбаев, Зайнидин Курманов, Дөөлөтбек Сапаралиев, Кыяс Молдокасымов, ошондой эле мен дагы Москва, Санкт-Петербург архивдеринде далай болгонбуз. Белгилүү монографияларда ал мезгилдин архивдик маалыматтары чагылган. Негизинен бул булактар мурун эле дайын. Бирок, ошол булактардын түп нускасынын тексттери, архивдик документ катары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архивинде жок. Кеп ошондо болуп жатат.

Биз иш сапарды уюштурууда мурун белгисиз болуп келген архивдик документ табалы деген максат койгон эмеспиз, коюуга да мүмкүн эмес. Максат колдон келишинче архив документтеринин Кыргызстандын тарыхына тиешелүүсүнүн түп нускаларынан расмий көчүрмө кылып, аларды Бишкекке алып келүү. Албетте, алардын баары сатылып алынат. Мисалы, бир барак архивдик документти расмий түрдө 120 рублге микрофильм катары сатышат, эгер аны бул жердин архивинин мөөрү менен тастыктоо үчүн принтерден кагазга чыгарып алсаңыз, дагы барак өлчөмүнө жараша 60-80 сом акча кошосуз. Биз алгачкы жолу барган бул иш сапарда актуалдуу деп саналган темаларга байланыштуу документтерди издеп көрдүк жана бир катар маалыматтарды алдык. Алардын арасында кызыктуулары да бар. Ал документтерди азырынча жарыялоо эртерээк деп ойлойм, бирок жакын арада интернет айдыңына аннотациялык маалыматтар берилет го.

Орусиянын түндүк борборунда тарыхый маалыматтар көп

Санкт-Петербург тарых архиви өтө чоң архив. Дүйнөлүк масштабда эң ири архивдердин катарына кирет. Маселен, бул жерде Орусиянын тарыхы боюнча 6,5 млн документ, баары биригип 7,2 млн даана иш-кагазы сакталып турат. Бул тарых илими гана боюнча. Ар бир документ беш-алты барактан 500-600 баракка чейин болот. Алар түп нуска (кагаз), микрофильм, санариптик электрондук түрлөрүндө жайгашкан. Хронологиялык, предметтик же алфавиттик каталогдордон кыргыз тарыхына тиешелүү документтерди издөө өзүнчө тозок. Албетте, фонд, опись боюнча жол көрсөткүч (путеводитель), реестр бар деңизчи, атүгүл совет доорунда Кыргызстандын архивисттери жасаган маалыматнаама деле колдонулат, бирок баары бир керектүү материалды табуу чоң машакат. Зарыл маалымат табуу үчүн 15 документтен ашпаган заявка үч-төрт күн мурда берилип, ар бир иш-кагазын алып, окуп көрүп, кыргыз тарыхына тиешелүү барактарын жазып, аны атайын бланкка заявка кылып, ал заявкаларды орус архивисттери текшерип, “берүүгө болобу же жокпу” деген чечимден кийин үч айдын ичинде алып кетүүгө даярдалат экен. Биз бир ай болобуз, мына аяктап да калдык. Командировканын ичинде архив ар бир жумада беш күндөн иштесе (10.00.-16.30.), баары болуп 18-20 күн гана активдүү. Бир күндө бир киши беш же он иш-кагазын кароого үлгүрөсүң. Үңүлүп микрофильмдеги аппаратты тиктеп, анын көбүнүн окулушу да татаал (кол жазма, начар көрүнөт жана башка) кечинде чарчап каласың. Архив иши ушундай эмеспи.

Санкт-Петербургдагы тарых архивинде Падышачылыктын аппаратынын, өкмөттүн, Думанын, министрликтер менен ведомстуктардын, түрдүү борборлордун, жеке инсандардын документтери – негизинен жарандык (граждандык) маанидеги маалыматтар сакталган. Кыргызстанга байланыштуу чалгын, каратуу, аскердик жана башка стратегиялык, саясий маанидеги маалыматтар Москвадагы Аскердик-тарыхый архивинде. Кокон хандыгына, Кыргызстандын Орусия тарабынан каратылышына, көтөрүлүштөргө, тарыхый инсандарга байланыштуу документтердин басымдуу көпчүлүгү ошол жакта.

Ошентсе да кыргыз тарыхына кызыгууну туудурган бир катар документтерди ала алдык. Маселен, Атаке баатырдын элчилери, орус-кыргыз байланыштары, административдик саясат, келгиндерди жайгаштыруу саясаты жана башка багыттар боюнча материалдар алынды. Кызыгууну туудурган материалдардан Орусиянын дин, панисламизм, пантюркизм, ажылыкка баруу багытындагы булактар Кыргызстан үчүн жаңы. Командировканын аягында интернет булактарында аннотация катары толугураак айтылат го деп ойлойм.

Үркүнгө байланыштуу маалыматтар

Түз эле айта кетүү керек. Үркүнгө байланыштуу видео мындай турсун, фото-сүрөттөр да бул жерде сакталган эмес. Анда материалдар биз менен катар эле Москва облусунун Красногорск шаарында жайгашкан Орусиянын мамлекеттик кино-фото документтери боюнча архивине кетишкен архивисттер: Тазабекова менен Тищенко тарабынан бир аз табылды окшойт. Мен бул жерде жүрүп интернет маалыматтарынан көргөндөй болдум.

Бирок, 1916-жылкы көтөрүлүшкө байланышкан губернаторлордун расмий отчеттору, докладдар, жаза колдонуу боюнча маалыматтар табылды. Мен 1916-жылдын 13-декабрында Мамлекеттик Думада Александр Керенскийдин баяндамасынын түп нускасын издеп таптым. Билсеңер керек, 2015-жылдын ноябрь-декабрь айларында профессор Мурат Суюмбаев архив агенттигине ошол баяндаманын 1997-жылы “Исторический архив” журналына жарык көргөн нускасынын көчүрмөсүнүн бир катар оңдоолор менен тапшырып, коомчулуктун көңүлүн бурган эле. Демек, бул иш сапардын мен үчүн маанилүү болгон бир жагы ошол баяндаманын түп нускасын табуу болчу. Демек, ал табылып, Кыргызстан үчүн заявка жасалды.

Үркүн тууралуу маалыматтар биз үчүн маанилүү

Бул суроого тике эле жооп берейин. Албетте, Орусиянын тарыхчылары Түркстан элдеринин 1916-жылкы Улуу көтөрүлүшү тууралуу билишет жана алар өткөн жылы МГУда конференция да өткөрүшкөн. Быйыл да илимий форумдар болушу мүмкүн. Бирок азыркы орус коомчулугунун коомдук ишмерлеринин, жалпы эле тарыхчыларынын бул окуяга карата маалыматы аз, басымдуу көпчүлүгү үчүн бул окуя анча деле мааниге ээ эмес. Себеби орус тарыхы үчүн XVIII, XIX, XX кылымдарда болгон далай-далай согуштар, Шамилдин көтөрүлүшүнөн баштап Польшадагы көтөрүлүшкө чейин, 1905-07-жылдардагы, 1917-жылындагы Февраль, Өктөбүр революциялары, кийинки атуулдук согуш, интервенция жана башка окуялардын арасында “Үркүн” кичине эле катардагы окуя болуп калат. Ал эми биз үчүн бул принипиалдуу маанилүү тарыхый жана саясий маселе болуп жатпайбы.

Акырында айтарым, тарыхты өткөндү билүү үчүн гана эмес, учурду түшүнүү жана эң негизгиси келечекке туура кадам таштоо үчүн окуу керек. Тарых – турмуштун насаатчысы. Демек өткөн тарыхтын сабактары көп. Ошону дайыма көңүл чордонуна тутуп жүрөлү деймин…

Профессор Ташманбет Кененсариев,
КР билим берүүсүнө Эмгек сиңирген кызматкер,
тарых илимдеринин доктору,
Орусия. Санкт-Петербург. 2016-жыл, февраль.

“Азаттык”, 19.02.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.