Жолой менен Кошойдун күрөшү

Бүгүнкү көз менен
Азыркы кыргыздын улуттук күрөшү деп аталып, мелдеш өткөрүлүп жүргөн күрөштүн эрежелерин учурунда ойлоп чыгарган экен.

Кыргызга эки түрдүү күрөш көптүк кылат дегенби, түштүк кыргыздар күрөшкөн “Лейлек күрөшү” деп аталган күрөш менен түндүк кыргыздар күрөшкөн эркин күрөштүн ыкмаларынан алып гибрид күрөш чыгарып койгон. Натыйжада кыргыздардын үч уктаса түшүнө кирбеген “Байман күрөш” пайда болгон.

Бала кезде, жаш кезинде күрөшкө түшүп жүргөн чоң аталардын аңгемелерин деле көп уккам, кийин кыргыз жазма адабиятына чыйыр салган аксакал жазуучуларыбыздын чыгармаларынан деле окуганым бар. Өзүм деле бала кезде далай жолу коюн- колтук алышып күрөшкөм. Ал кезде балдар арасында кеңири тараган сөз бар эле “Эркексиңби, коюн -колтук алышып көрдүң беле” деген. Чоң балдар бизди ошентип коюп эле күрөштүрө берчү. Бирок Байман бизге “улуттук күрөш” деп таңуулаган күрөштүн эрежелери ага ным да окшошбойт, караандабайт. Ток этээр жери “Лейлек күрөшүндө “балбандар бел курчоодон кармап, коё бербестен күрөшөт. Чалганга, буттан алганга болбойт. Ал эми биздин түндүктүктөр күрөшкөн, же Манас эпосунда айтылган күрөштө бел курчоо жок. Буттан чалган менен буттан алган негизги ыкмалардын бири.

Эми “Байман күрөштүн” эрежеси: Бел курчоо тагынышат. Бел курчоодон бир колду гана коё бербестен күрөшөт.

Чалганга болот. Буттан алганга болбойт. Кыскасы түндүктүктөрдөн да, түштүктүк күрөшүнөн да жарым-жартылай алып эки жакты тең таарынткысы келген эмес.

Менимче бул ата-бабаларыбыз калтырган эки күрөш тең эле (балким үч күрөш “Байман күрөштү” кошсок ) жашап мелдештер өткөрүлүп турушу керек. Эгерде “Лейлек күрөшү” менен бүткүл орто Азия элдери күрөшүп өркүндөп жатса убагында Манас атабыз күрөшкөн, Кошой атабыз, Эр Агыш, Эр Төштүк күрөшкөн улуттук күрөшүбүз унутулуп калган. Ал күрөштүн эрежелери, колдонгон ыкмалары Манас дастанында Кошой дөө менен Жолой дөөнүн күрөшүндө Эр Агыш менен түктүү таман Түкөбайдын күрөшүндө баштан аян кеңири сүрөттөлгөн.

Бул күрөштө азыркы эркин күрөш жана Дзю-Донун ыкмалары колдонулат.

Багалектен алышып,
Балбандар буттан чалышып
дегендей.

МАНАС ДООРУНДАГЫ СПОРТ
Китепте улуттук спорттун ат чабыш, эр сайыш, балбан күрөш, жамбы атыштын эки түрү : жаа менен жана мылтык менен атуу, эр эңиш, ордо, чатыраш эскерилет. Ордо оюнунун эрежелери туурасында 2-китептин “Алмамбет менен Чубактын чатагы”деген темада кеңири баяндалат. Мисалы:
Атып ала койгун деп,
Колуна берди томпойду.
Ызаланып эр Жайнак,
Чийинди басып тоңкойду,
Мээлеп туруп бек койду.

Дастанда эң чоң спорттук мелдеш, Көкөтөй хандын ашында болуп өтөт.

Анда жогоруда аталган спорттун баардык түрүнөн мелдеш өткөрүлөт жана көп мамлекеттерден келген спортсмендер катышат. Мисалы: Кытай, калмак, шибээ, манжуу, Доганстандан, Алтышаардан /уйгурлар/ , кыпчактардан, казактардан анан албетте кыргыздар катышат. Спортсмендер эң көп катышкан спорттун түрү-жамбы атыш болот. Ар бир мамлекеттен миңден спортсмен чыгып,баардыгы 15016 спортсмен катышат.
Ат чабышта эки миң ат чабылат. Балбан курөш эки салмактык категорияда болуп өтөт. Оор салмаккка кыргыздан Кошой-дөө , кытайдан Жолой дөө чыгат. Жеңил салмакка болсо кыргыздан Чыканактай эр Агыш, калмактан Түктүү таман Түкүбай чыгат.

Азыр кыргыздын “улуттук күрөш” деп аталган күрөштүн эрежелерин эч нерсеге негиздебей эле асмандан алып киргизип коюшкан.

Негизинен алсак азыр кыргызда улуттук күрөштүн эки түрү бар. Бири “Лейлек күрөшү” деп аталып аны менен негизинен түштүктүктөр жана бүткүл, Борбордук Азия элдери күрөшөт. Эрежелери Грек- Рим деп аталган күрөштүкүнө жакын. Экинчиси түндүк кыргыздар күрөшкөн, эрежелеринде эркин күрөш жана дзю-донун ыкмалары бар Манас жана башка кенже эпостордо кеңири сүрөттөлгөн күрөш. “Багелектен алышып, балбандар буттан чалышып” деген.

Бул күрөштө белге чейин чечинип, жылаңаяк, жылаңбаш, кандагай деп аталган жоого да, күрөшкө да кийе турган шымчан чыгышкан. Бул спорттук шым Манас дастанында мындайча сүрөттөлөт:
Он багелек түрүнүп,
Жоон санга барганы.
Ойрон Кошой абаңыз
Багелектин ичине
Он гана колун салганы.
Оң имерип алганы
Сыртьн көздөй кергени
Капталына кол келип
Кайра коё бергени .
Жыйылып этке жеткени
Жылас болгон бул шымдьн
Асылдыгы эмей неткени
.

Мелдештин алдында эки жактан эки балбан чыгып жерге отурушкан. Бул туурасында:
Көркүн көргөн адамдын
Бүткөн бою дүркүрөп
Маңдайга келип отурду,
Мас болгон пилдей күркүрөп
, – деп айтылат.

Андан кийин :
Алышмак болгон эки дөө
Ооздон оту буркурап,
Көздөн жалын шыркырап,
Оордунан турду күр этип,
Аларды көргөн адамдын
Бүткөн бою дүр этип.

Анан балбандардын келбети сүрөттөлөт. Ал кезде Кошой атабыздын 85 жашка келип келбети анча болбосо керек, көбүнчө Жолой дөөнүн келбети сүрөттөлөт:
Туурасы жоон, бою пас,
Дулдугуй беттүү, өңү саз
Жаткан иттей кашы бар,
Жан казандай башы бар
Көзү көлдүн быткылдай,
Көрүнгөндү жуткудай.
Эки ийнине карасаң
Эки киши конгондой,
Эки бетин карасаң
Эки даңгыт тойгондой
Балтыры өгүз белиндей
Ооздон чыккан илеби
Улуу белдин желиндей
Төш жагына караса
Дөбөлүү тоонун керидей.
Ар мүчөсү Жолойдун
Ачыккан көк жал бөрүдөй.
Эки эмчектин эттери
Эки жашар баладай.
Чакмак эти чаначтай,
Көбүк эти көнөктөй
Кол мүчөсүн карасаң
Эскирген чынар теректей
Булчуңу буура санындай
Колуна тийсе адамзат
Калабы деп ойлоймун
Түлкү шимшир неме табылбай.

Эреже боюнча балбандар кезек менен бири-бирине билектерин сунушкан. Каршы-оюндагы балбан билекти бек кармап коё бербей тырышкан.
Ал туурасында:
Мына барсам, неттиң деп
Кошой салды билегин
Жолой бекем тутканы
Колун Кошой булкканы
Бир тартуу менен Жолойдон
Билегин сууруп алганы.

Андан кийин Жолой билегин тосот. Бирок ал эки булкуу менен билегин суруп алат. Анан күрөш башталат.
Колуна тийген Жолойду
Козголтуп жерден алганы
Айлантып асманга атканы
Кырдана тушуп бадирек
Аяктап тура калганы
Аны менен жыгалбай
Aзап болуп бир далай
Тегирмендин барадай
Тегеренип калышып
Куйрукка шымын түшүрүп
Кур букадай сүзүшүп
Кармаган жерден кан чыгып
Чарпышкан жерден чаң чыгып
Араңдай оозун ачышып
Айкырып жерге басышып
Күчтүүлөр мойнун бурушуп
Күч менен жерге урушуп.

Эркин күрөш менен дзю-донун ыкмалары мындайча сүрөттөлөт: Жеңил салмактагы Чыканактай эр Агыш Түкүбайды жыгып аткандагысы:
Эки буттун багелек
Эңкейип кармап алганы
Эс алдырбай каапырды
Жерден сууруп турганы
Темтеңдетти каапырды
Тегеретти баатырды
Түктүү таман Түкүбай
Эки беттен түк чыкты
Этектен тарк деп үн чыкты.

Жe Кошой атабыз Жолой дөөнү жыгып аткандагысы:
Арт жагынан шымынын
Кашаттан кармап калыпттыр
Он буту менен абаңыз
Астын торой чалыптыр
Тоодой Кошой балбанды
Томкоруп жерден алыптыр
Көтөрүп жерге уруптур
Көпчүлүк карап туруптур.

Анда Жолойдун нааразы болгону:
Аякты тушап алдың – деп
Армандуу бойдон калдым деп
Бутумду бууп салдың – деп
Бурдап жыгып алдың деп,
Бүгүн чыкпай калды – деп.

Эми эркин күрөштүн ыкмалары Манас атабыздан эр Агышка айтып, суранып аткандагысы:
Имерип ичтен чалып бер
Кыйын экен Түкүбай
Кыргызга Намыс алып бер.

Ал эми өзү жөнүндө болсо:
Кол-буттан чалып жыгууга
Эзелтен жоого жок элем .
Эңиш менен сайышкан
Экөөнү бирдей алаармын.

Моюңду бурап жыккан эркин күрөштүн ыкмасы да эскерилет:
Араандай оозун ачышып
Айкырып жерге басышып
Күчтүүлөр мойнун бурушуп,
Күч менен жерге урушуп.

Манас доорунда эле кыргызда профессионалдык спорт бар экендиги эскерилет:
Абакеңиз Кошойдун
Алыш-Күрөш ар качан
Жашынан калган кесиптир.

Бул жерде Кошой атабыздан күрөш боюнча профессионал спортсмен экендиги айтылып жатат.

«Кыргыз руху» («Кыргыз гезиттер айылы»), 16.07.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.