Жетим бала

(жомок)

Илгери-илгери бир жетим бала болгон экен. Ал бала бир байдын колунда коюн багып, эптеп күнүмдүк оокатын өткөрүп жүрөт. Бир күнү бала байдын малын түшкө жайып коюп, өзү уктап калса, малын жортуп жүргөн ууру айдап кетет. Бала ойгонсо, койлорунун бирөө да жок. Чочуган бойдон кырдан-кырга чуркап койлорун издеп жөнөйт, бирок эчтекенин дайны жок, жалпайып бир жерге барып отуруп калат. Аңгыча алыстан үч караан көрүнөт. Малынан үмүт кылган бала буту жерге тийбей баягы караанды көздөй дагы чуркайт. Жетип барса, ал жерде үч киши отурат. Бала:

– Байкелер, мен коюмду жоготуп издеп жүрөм, көрдүңөрбү? Мага жардам кылып койгула болбосо, бай мени өлтүрүп коёт,-деп жалынат.

– Мунун бышыктыгын кара. Кой көрдүңөрбү дейт тура,-деп уурулар баланы кармап алып эсин оодара урушат. Көпкөн немелер баланы көтөрүп алышып ээн талаа, эрме чөлгө ташташат. Бир оокумда асманда айланып жем издеп жүргөн бир чоң бүркүт баланы көрүп тумшугу менен тике сайылып жерге түшөт да, баланы асманды көздөй алып, сызып жөнөйт. Канатын күүлөп учуп отуруп, бүркүт бир зоокага барып конот. Бала эсине келип көзүн ачса, жанында калкайган кара бүркүт жүрөт. Баланын тирүү экенин көргөн бүркүт ордунан козголуп кайра учуп жөнөйт. Бир топтон кийин бала эсин жыйып эки жагын караса, адамдын эскирген жана жаңы сөөктөрү жайнап жатканын көрөт. Баягыларды көрүп баланын зээни кейип ыйлайт. Айланасын караса, жол жок, кылычтын мизиндей аркайган аска-зоонун кырында турат. Бир оокумда кырк нар жетелеп кербенчилер келет. Алар баланы көрүп:

– Ай, бала, алдагы тоонун башынан, алтын-каухар ташынан кырк төөгө жүк чыккандай кулат. Анан сени биз эптеп түшүрүп алабыз,-дешет. Баягы бала кербенчилердин тилине ишенип алтын-каухардан кырк төөлүк кылып кулатат да:

– Байкелер, эми мени түшүрүп алгыла,-дейт. Кербенчилер:

– Эми бир келгенде түшүрүп аларбыз, ошол жерде жата бер,-деп кырк төөгө алтын-каухар жүктөп, үч кербенчи кете берет.

Чарчаган бала катуу уктап калат. Эртең менен ойгонуп, дагы түшүүнүн айласын издеп бир топ аракет кылат. Бирок зоокадан эч жол таппай катуу капа болот. Бала дагы тырмалап жол издей баштайт. Ошентип отуруп бир жерден билинер-билинбес бир кишинин изи баткаңдай жылчык көрүнөт. “Эми тобокел, ушул жылчык менен эптеп кыялап түшүп көрөйүн”, – деп бала баягы жылчыкты көздөй барып, көп кыйынчылыктар менен акыры жерге түшөт. Ошол жерден жүрүп отуруп, жүрүп отуруп бир мээ кайнаган ээн-талаа, эрме чөлгө келет.

Бала тери шорголоп, каны катып суусап, эмне кыларын билбей турса бир жерде оймоктой булакты көрөт. Ал булактын жанында үч аппак улак ойноп турат. Бала баягы булакка бети-колун жууп, суусуну канганча ичип, тегеректи карап олтурса, баягы үч улак секирип бышкырып, таманын такылдатып, көкүлүн сексендетип жолго түшөт. Бала да баягы үч улактын артынан түшүп жөнөйт. Нечен күн, нечен түн жол жүрүп, каны калып бир кашык, эти калып көк жашык, буту серпилбей калганда бир караан көрүнөт. Бала ошого жетейин деп тырмышып олтуруп келсе, жети бөлмө там турат. “Кандай болсо да ушул жерде бир адам бардыр”, – деп бала тамдын түбүнө жатып уктап калат.

Кеч бешимде бала керилип уктап жаткан мезгилде бир абышка келет. Ал абышка келип, баланын ары жагына, бери жагына чыгып байкап:

– Бул жерге адамзат келчү эмес эле. Кайдан келген бечара болду экен?-деп таң кала карап туруп басып кетет. Көрсө, ал аксакал ошол жердеги канаттуу куштардын эсебин алган экен.

Бир оокумда бала ойгонот, абышканын жанына барып салам айтат. Абышка:

– Ээ, балам, бул жерге адам баласы келчү эмес эле. Сен кайдан келдиң?-деп сурайт. Ошондо бала башынан өткөн-кеткенин төкпөй-чачпай айтын берет. Абышка баланын башынан өткөргөндөрүн угуп олтуруп:

– Адамзаттын чегинен чыгып, перилердин чегине келипсиң. Бул жерден эми кетишиң кыйын,-дейт. Анда бала:

– Кетишим кыйын болсо, ата, сизге эле бала болоюн,-деп суранат. Абышка макул болуп, алты бөлмө үйүнүн ачкычын берет. Бирок бир бөлмөсүнүн ачкычын бербейт. Баягы алты бөлмөдө дүр-дүнүйө, ар түрлүү тамак-аштар көп экен. Бала тамак-аштан ичип-жеп жүрө берет. Бир күнү бала отуруп: “Атам мага алты бөлмө үйдүн ачкычын берди. Бир бөлмөнүн ачкычын сурайын, берсе берээр. Бербесе уурдайын”,-деп ойлонот да, абышкадан бала ачкычты сурайт. Анда абышка:

– Ээ, балам, ал ачкычты сурап эмне кыласың? Азапка башың чырмалат. Ал азаптан кутулбай, артыңда бир топ чыр калат,-десе бала болбойт. Акыры бала абайлап туруп, жетинчи бөлмөнүн ачкычын уурдап алып ачса, алтын түркөк, күмүш бакан, чынар терек, түрлүү гүл, Чатыр-Көл бар экен. Карап отурса бир үч көгүчкөн учуп келип, Чатыр-Көлдүн жээгине конуп, адамзаттай тил кирет. Баягы үч көгүчкөн сүйлөшүп, улуусу:

– Ээ, бул жерде адамзаттын жыты жыттанат,-дейт. Ортончу көгүчкөн:

– Ооба, эжеке, чын эле адамзаттын жыты жыттанат,-дейт. Кичүүсү:

– Адамзат бул жакка келбейт. Эчтеме жок эле турат. Булардын мурунунун жыттуусун!-деп кичүүсү кебин чечип ыргытып жиберсе, күндөй сулуу кыз болуп калат. Муну көрүп бала тура калса, эки көгүчкөн чочуп кетип учуп кетет. Бала баягы кыздын көгүчкөн көйнөгүн барып басып калат. Бу перинин кызы этин күнгө да, адамзатка да көрсөтпөй түшөт экен. Баягы кыз көлдөн акырын чыгып жигитке басып келет да:

– Ээ, жигит, болуптур, сен менин этимди да, бетимди да көрдүң. Көгүчкөн көйнөгүмө дагы колуң тийди. Эми мен адамзат жыттанып калдым. Никем сага түшкөн экен. Бирок иш кыйын, катуу жабырчылык тартабыз, менин көйнөгүмдү бер. Барсам деле ата-энем адамзат жыттанып калыпсың деп, үйгө киргизбейт бу жерге турсак атам сени да, мени да өлтүрүп коёт. Мен барып ата-энемден эптеп уруксат сурайын,-деп жалынса бала болбойт. Акыры экөө жетелешип баягы куштун эсебин алган чалга барышат. Ошондо чал балага:

– Балам, пери деген ушул. Кой десе болбой колго, чач кирпигинден көп шорго түштүң. Болуптур, бул кыздын көйнөгүн бер. Мунун атасы-перилердин падышасы. Бөөдө өлүмгө дуушар болосуң. Бу кыз үйүнө барып келсин. Баары бир үйүнө барганда деле “адамзат жыттанын калыптырсың”, деп үйүнө жолотпойт,-деп абышка көйнөктү алып берет.

Ушуну менен баягы кыз көйнөктү алып, көзүнүн жашын көл кылып, эки эжесинин артынан кетет. Эки эжеси үйгө мурун жетип, берки байкуш артында калып, караңгыда барат. Ата-энеси суракка алып, кызды караңгы жерге камап салат. Эртең менен эрте эне-атасы туруп, кызын кашына чакырып алып, сөзүн угат. Кыздары төкпөй-чачпай көргөнүн айтып берет. Ошондо перилердин падышасы, кыздын атасы:

– Өлүмгө даба, ууруга айла жок, никең ошого түшүп калды. Быяктан канаттуу куштун кебинен алып барып, күйөөндү алып кел,-деди.

Кыз балага канаттуу куштун кебин кийгизип, ата-энесинин астына алып келди. Ошондо кыздын атасы:

– Болуптур, балам, таруудай калың берип алгының,-деп буйрук берди. Бала:

– Мен калыңды кайдан табам. Калың эмес менин таруум да жок,-деди. Анда кайын атасы:

– Тарууну сен таппасаң мен табам,-деп бир кап кара таруу, бир кап ак таруу берип:

– Кара таруу менен ак тарууну аралаштырып, жети жолу желден өткөрүп сапырып, эки бөлүп эки жерге коюп, ак таруунун ичинде бир томолок кара таруу, кара таруунун ичинде бир томолок ак таруу калбасын, экөөнү таң атканча терип чык,-деп буйрук берди. Муну угуп бала айласы кетип зарлап ыйлап колуктусуна келет. Колуктусу:

– Эмне буйрук алдың?-деп сураса, бала:

– Ээ эмнесин билейин, “ак таруу менен кара тарууну экиге бөл”, деп буйрук кылды атаң,-деди. Анда колуктусу:

– Ээ, ал эчтеке эмес, андан коркпо, уктап жата бер. Бирок атам эрте турат. Ошол учурда эки кап таруунун ортосунда бол,- деди. Жигит макул болуп уктап жата берди. Кыз таң атканча перинин кыздарына тарууну тердирип койду. Эртең менен жигит зрте туруп баягы тарууну теримиш болуп отуруп калды. Кайнатасы келип, баланын тарууну бөлүштүрүп койгонун көрүп:

– Эми экинчи буйругумду берейин,-деп экинчи буйругунда андан да күчтүү кызмат берди. – Айнектен эки катар жети бөлмө там салып бер. Жети бөлмө тамдын бирөөндө алтын чынар орногон май күл, анын ичинде алтын балык болсун. Чынар теректин үстүнө тоту куш консун. Бирөөндө күмүш чынар орноп, сүт көл болсун. Сүт көлдүн ичинде күмүш балык ойноп, күмүш чынардын үстүнө күмүш куйрук булбул конуп, алтын балык сүткө секирип, күмүш балык май көлгө түшүп, биринин балыгы бирине барып ойноп турсун,-деди.

Жигит капа болуп, кыйналып үйүнө барып:

– Атаңдын буйругун кантип аткарам?-деп жубайынан сурады. Анда кыз:

– Сен буга кыйналып капа болбо. Мен муну таң атканча бүтүрүп, иштеп коем,-деп күйөөсүнүн санаасын тыңдырды.

Баягы кыз атасынын айткандарын аткарды. Кыз эртең менен эрте туруп, жигиттин колуна алтын балканы берип:

– Айнекти сындырбай, босого жаккы көзүн акырын тыкылдатып тур,-деди. Бала эртең менен эрте туруп, колуктусунун айтканына кынды. Ошондо кайын атасы каарданып, кабагына кар жаап, мурутуна муз тоңуп, андан да катуу буйрук берди. “Эми эки буйрук беремин, ошону аткарып кетсең кызымды ал. Менин биринчи буйругум, үч кызым коендой окшош. Ушунун улуу, кичүүсүн туулгандан бери өзүм билбейм. Өз колуктуңду өзүң таап ал”-деди кыздын атасы. Бала колуктусунун жардамы менен кайнатасынын ал буйругун да аткарды. Каардуу кайнатасы ага да болбой баланы кыйнап дагы буйрук берем дегенде бала менен кыз бел байлап качып чыгышты. Кайнатасы кыз менен жигиттин аркасынан куугун жиберди. Куугунчулар жете турган болгондо кыз сыйкырлап, жигит менен өзү бөдөнө болуп жерге түштү. Аны бүркүт болуп эки жигит теберинде жигит менен кыз таруу болуп чачылды. Эки жигит таранчы болуп терериңде жигит менен кыз жылан болуп жерге сойлоду. Эки жигит жыланды бармагына чаларында, кара ташка чабарында ак балык болуп кара сууга ойноду. Кайырмак ийип, кара сууга салып, кара суунун түбүнөн ак балыкты эки жигит ала албады. Кандын тапшырмасын аткара албай эки жигит кайра үйүнө кайтты. Ошондо кыздын атасы каарын төгүп кыздын соңунан түштү.

Кыз менен жигит атасынын келерин билип, шумкар менен көгүчкөн кебин кийип, зымырап катуу учту. Алпкаракуш менен күркүрөп, аркырап жетээриңде, шумкар менен көгүчкөндү куйругунан сермеп өтөрүндө, шумкар менен көгүчкөн перилердин чегинен чыгып, адам болуп, адамзаттын эл-жерин көрдү. Бала кызды шаркыраган суунун боюна коюп, өзү: “эл аралап, ал-жайын билип келейин”-деп кеткен мезгилде камыштуу токойдун арасынан бир каман чыга калып пери кызды чалып салды. Жигит келсе, кыз катуу жарадар болуп жатат. Өлөрүндө кыз күйөөсүнө:

– Эми сен экөөбүз түбөлүккө коштошобуз. Мени күн чыкканча кайтарсаң көмөсүң, күн чыкканча кайтара албасаң, көгүчкөн көйнөгүм колуңда калды, сөөгүмдү алдырып жиберип, артымдан калбай өлөсүң,-деп кыз керээз айтты.

– Ошол тилиңди аткарам, таң атканча карап турам. Үстүңө алтын күмбөз курам. Өмүрүм өткөнчө ушул жерде өзүңө кызмат кылам,-деп жигит убадасын берген. Бала таң атканча карап, таңга маал таң сүрө, талыкшып көзүн жумду. Каардуу кайын ата каарданып колун сунду. Жибек чачтан бармакка ороп, кыз менен жигитти башка урду. Ошону менен жигит күйүтүнө чыдабай көгүчкөн көйнөгүн көөдөнүнө басып өлүп тынды.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.