Поэзия саясатка баш ийбейт
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков “Жалын тоо” аттуу ырлар жыйнагын чыгарды.
Кыргыз-түрк “Манас” университетинде өткөн китептин бет ачарына чыгармачыл интеллигенция менен кошо саясатчылар, өкмөт мүчөлөрү, Президенттик аппараттын өкүлдөрү келишти.
Чыныбай Турсунбеков азыр коомчулукка саясатчы, Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын лидери жана ишкер катары белгилүү. “Жалын Тоо” – поэзия дүйнөсүнө 80-жылдардын этегинде кирген акын Чыныбай Турсунбековдун үчүнчү китеби. Автор китебинин бет ачар аземинде поэзияга кантип, качан кызыгып калганын мындайча кеп салды:
– Мен 5-класста окуп жүргөндө биздин айылга Шарапат Ибраева деген эжеке келип калды. Ал Каракол педагогикалык институтун бүтүргөн математик экен. Ошол эжекебиз биздин класстын класс жетекчиси да болду. Ал бир күнү “жаңы жыл келатат, ага карата ыр жазып келгиле”- деп тапшырма берди. Эртеси мен жазган ыр жарап, мугалимибиз мени мактап, ошондон кийин бир класстын акыны болуп калдым.
Турсунбековдун акындык шыгынын артышына Турар Кожомбердиев баштаган чоң акындардын, кийин Фрунзеге келгенде чыгаан акындар, студенттик, чыгармачылык чөйрө таасир эткен. Эки китеп чыгарып, СССР жазуучулар союзунун мүчөсү болуп калган кезде заман оодарылып, ишкердикке ооп кеткен. Эми минтип саясатта экинин бири болуп калган кезде чыккан үчүнчү китебин чыгарган экен.
Текебаевге тааныш кусалык
Китептин бет ачарына акын-жазуучулар, поэзия сүйүүчүлөрдөн тышкары Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган депутаттардын жоон тобу келди. Алардын бири, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Чыныбай Турсунбековдун чыгармачылыгы тууралуу сөзүн анын акындык шыгын ойготкон таасирлерден баштады:
– Мен педагогмун. Чыныбайдын биринчи сүйүүсү жаш практикант Шарапаттан башталган. Аны өзү билген эмес. Ал азамат деп койсо жаңы дүйнөгө, башка маданиятка умтулуп, эдиреңдеп ыр жазып жүрүп чоңойгон турбайбы. Баарыбыз айылданбыз. Азыр кайрадан ошол өткөнгө кайрылгысы келген адамдар бар. Мен Чыныбайдын “Чымчыкка” деген ырынан бир куплет окуп берейин:
Бакка конгон чыйырчык,
Жүр дегенсийт кыштагыңа.
Бир кетелик,
Кийин, чык.
Бул айылга болгон кусалык. Мага тааныш сезимдерди мен ушул саптардан көрүп турам.
Сөзүн тамашага салган Өмүрбек Текебаев саясатта акындар эңсеген тазалык жок экенин кошумчалай кетти:
Дос да күттүк кучак жайып кубанып,
Коюнума жылан таштап ийгенче.
Акын боло албастыгы бул анык,
Болмок бирок адамдыкты үйрөнсө, – деп өзүнүн калемдештеринен күйгөнүн жазыптыр. Данияр Ильич кетип калды. Бирок ачыгын айтканда, Чыныбай Данияр Ильич экөөбүздү ээрчип, эки жыл жүрсө дагы далай күйөт го. Анан дагы жаңы ырларды жазат, ошондо окуйбуз.
Акбар Рыскуловдун бутага тийген сөзү
“Жалын тоо” ыр жыйнагы үч бөлүктөн турат. Китепке акындын буга чейин жарык көргөн эки ыр жыйнагынан алынган ырлары да кирген. Жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов Чыныбай Турсунбековдун “Жалын тоо” китебинин биринчи бөлүгүндөгү ырлар кийинки кезде жазган ырларына караганда мыкты болгонун айтты:
– Ал табигый көрүнүш. Акын турмуштан куулукту, айлакерликти үйрөнө баштаганда мурдагыдай жаза албай калат. Чыныбайдын алгачкы ырлары Есениндин деңгээлинде жазылган десек да болот. Андан кийин өзү да парторг болду дегендей.
Акбар Рыскулов мындан сырткары бул кечеге маданиятты көтөрө турган саясатчылар келгенин белгилеп, бирок адабиятка болгон мамиле алар отурган биринчи катардагы ак чач Эл жазуучулары, Эл акындары отурган кезден баштап өзгөрөрүн айтты.
Бир ок менен атылган эки коен
Эл өкүлү Каныбек Иманалиев поэзия менен саясат бири-бирине кайчы келген эки бөлөк дүйнө экенин белгилеп, бирок минтип поэзия менен жолугушууга акын-жазуучулар менен кошо саясатчылардын келип, ыр угуп отурганы жакшы жөрөлгө деди:
– Демек саясатчыларды арча менен аруулагансып поэзия менен аруулап койсо болот экен да. Мындай кечелерди кеңейтүү керек. Бул руханий диалог. Биз парламентте атаандашпыз. Ал эми түбөлүктүү поэзиянын алдында биз эч ким эмеспиз. Беш жылда кылган ишиң мүмкүн бир акындын эки сап ырына татыбайт, – дейт депутат Каныбек Иманалиев.
Кыргыз эл жазуучусу Мелис Абакировдун пикиринде, да бул кеченин негизги мааниси саясатчылар менен маданият ишмерлеринин арасын жакындатуу болду.
– Эгерде адабиятка мамлекеттин көз карашы түз болбосо анда ошол өлкөнүн да, жетекчилердин да аягы жакшы болбойт деген пикирлерди уктуң да. Бул абдан жакшы пикир болду. Маданият ишмерлери өкмөт башчысынын орун басарлары, депутаттар, спикер келгенинен пайдаланып өз ойлорун ачык айтып калганына кубандым. Мындай учурда биринчи катарда мамлекеттик жетекчилер эмес ак сакал, көк сакал акын-жазуучулар отурушу керек деген сөздүн айтылганы мага аябай жакты.
Мелис Абакиров ошол эле учурда акындар саясатчы болбошу керек деген түшүнүк туура эмес экенин, өз ырына калп айта албай турган чыныгы акындан мыкты саясатчы да, мыкты мамлекеттик жетекчи да чыгарын кошумчалады.
Чыныбай Турсунбеков да кеченин соңунда бул салтанаттын башкы максаттарынын бири – саясатчылар менен чыгармачыл интеллигенциянын башын кошуп, адабияттын, маданияттын баркын көтөрүү болгонун айтты.
Зайырбек Ажыматов, “Азаттык”, 31.10.2014-ж.