Касымалы менен Сахип-Жамал

“Тарых жана тагдыр” түрмөгүндө жазуучу Касымалы Баялиновдун мурда-кийин айтылбаган туңгуч махабаты тууралуу кеп кылабыз.

Аттиң, аттиң, мен арзыган колукту,
Мен балапан, cары ооз кезде жолукту, – деп арман кылган экен атактуу фарси акыны Жалалиддин Руми.

Ал эми Италиянын улуу акыны, бүтүндөй Ренессанс доорунун титандарынын бири Данте Алигьери болсо өмүр бою ак эткенден так этип жүрүп өткөн тун сүйүүсү Беатричени тогуз жашында кездештириптир. Бирок тогуз жашында кездештирсе да, турмуштан өтө эрте кетип калган (19 жашында) Беатричесине өмүр бою сыйынып, эң жакшы деген ырларын, чыгармаларын арнап жүрүп өтүп кеткен экен.

Жерден табылса да, асмандагы жылдызга, сөз жетпеген периштеге, жанга кубат, кыялга ынак ыйык символго айланып кеткен Беатриче (өмүрүндө аны эки эле жолу көргөн экен) улуу акындын өмүр бою чаң жугузбай аздектеген идеалына айланган дешет тарыхчылар. Ал салт кийин Дантенин жолун улаган акындар үчүн да үлгү катары, салт катары кызмат этип, атактуу акын Петрарка Лаура аттуу кызды чыгармаларында идеализациялаган, Бокаччо болсо Фьяметтасын жазган, ж.б. Ал эмес Чыңгыз Айтматов деле өспүрүм чагында башынан өткөн бир окуяны “Жамийлада” Сейиттин образы аркылуу бергени жакшы белгилүү го.

Баса, бул традиция кыргыз адабиятында да кездешет. Маселен, Жеңижоктун Көк сулуусу, Токтогулдун Алымканы, Барпынын Мөлмөлү, Аалынын Мунары, Омор Султановдун “Сени” (“Сен жөнүндө поэма”), Камбаралы Бобуловдун Лалаханы, д.у.с.

Ошол сыңары атактуу кыргыз жазуучусу, классикалык “Ажар” повестинин автору Касымалы Баялинов да өз Беатричесин, тагыраак айтсак, Сахип-Жамал аттуу периштесин 1916-жылы, каар замандын капшабы менен Кытай жергесинде качкын болуп жүргөн убагында, 14 менен 15 жаштын ортосунда, ач-жылаңач, таманын таш тилген жалчы болуп жүргөн кезинде жолуктуруптур. Бирок кудай кошпогонго айла жок дегендей, Сахип-Жамалынын жок дегенде бир жолу колун кармап, жанына жакын барып бир сөз айта албай, айтайын десе апкаарып сөз таба албай, берейин десе өзү ач-жылаңач качкын болуп, айтор, өзү өлбөстүн айласын өтөп жүрсө да, чиркин дүйнө, жаш жүрөгүн ак жалын өрттөп, турмушундагы жападан-жалгыз махабатын Кытайдан тааптыр. Бирок бала кезинде, балапан кезинде жолуктурган Сахип-Жамалын Касымалы агабыз жетимиштен жашы эңкейип, чачы куудай карыя кезинде да көп сөз кылып, айткан сайын үнү кардыгып, жашы кылгырып жүрүп өтүп кеткен дешет.

Бирок шашпайлычы – бул улуу менен кичүүгө таалим, айрыкча жаштарга, өсүп келаткан муундарга керектүү драмалуу окуяны ирети менен сөз кылалы.

…1916-жылкы Үркүндө Касымалы да ата-энеси менен, айылдаштары, урук-туугандары менен Кытайга качат. Тигилүү үй менен асылган казанды жыйнаганга чамасы келбей алдастаган кыргыздар колуна эмне тийсе, ошону алып, түнү менен ашуу ашып, таш басып, акыры Ак-Өгүздүн белине келишет. Өлгөндөн калганы аны эптеп ашып өтүп, акыры чек аранын аркы бетиндеги Турпан менен Ак-Чийге жетишет. Колундагы азык-оокаты түгөнгөн, мал-жанынан ажыраган кыргыздар айла жоктон көрүнгөн байдын коюн кайтарат, эптеп курсакты тойгузуш үчүн эмне иш болсо ошону жасашка туура келет. Ошол качкындардын арасында болочок жазуучу, атактуу “Ажар” повестинин автору Касымалы Баялинов да бар эле…

Бөтөн жерде, бөлөк элде качкын болуп жүргөн кандай болмок эле -Касымалы да бир уйгурдун малын багып, коюн кайтарат, эмне жумушту айтса ошону аткарат. Ал үчүн тапканы бир сындырым нан, кээ-кээде арткан-үрткөн тамактан наар татат. Ал эми Касымаалы сыяктуу азган-тозгон кыргыздар, айрыкча балтыр эти каталек өспүрүмдөр Кытайдагы качкындардын арасында миңдеп эмес, он миңдеп саналчу… Нечендери ошол эле Касымалы Балинов жазган кыргыз кызы Ажар сыяктуу бир чөйчөк унга же талканга сатылып, бир байдын колунан экинчи байдын колуна өткөн, качса ээн талаа, эрме чөлдөгү карышкыр менен чөөгө жем болгон заман болчу.

Бирок адам баласынын өчпөс рухуна, жүрөк, сезим деген нерсенин күчтүүлүгүнө, ыйыктыгына, тагдырдын мыйзамына там бериш керек го -ошол Касымаалы жалчы болуп жүргөн уйгурдун үйүндөгү өспүрүм кыз Сахип-Жамал анын көзүнө урунат. Адегенде Сахип азып келген кыргыз баласына боору ооруп, көңүлүн бурат. Бирок… Ошол жаш Сахиптин боор тартканы кийин ичтен тутанган жалынга, балалык менен өспүрүм чакта боло келген ууз сүйүүгө, өмүр бою эстен чыкпаган сүйүү баянына айланып кетээрин ал экөө билди бекен, туйду бекен? Ай ким билет.

Эгер ошол эртеден-кечке Касымалыдан көзүн албаган жаш Сахип жашырып да, жаап да качкын жүргөн кыргыз баласына азык-оокат бербесе деле Касымалы тирүү калат беле, жок беле – бул да өзүнчө чоң суроо го. Айтор, таманын таш тилип, кой короонун четиндеги үймөк чөптүн арасын пааналап кышты кыштаган Касымалы тоодо мал жайса да, кечиндеси короо кайтарса да эки көзү Сахип-Жамалда эле… Ойдо жүрсө да, тоодо жүрсө да анын жүрөгүн ысытып, тилегин агарткан, жакындарынан айрылып, жалгыз өзү калган Касымалынын медери да, тилеги да Сахип-Жамал эле. Басса-турса оюнан чыкпаган жарык дүйнөдөгү бир гана адам – коймолжуган кара көздүү, улам сыртка чыгып, кой артында илең-салаң чуркаган Касымалыдан көзүн албаган ак жүздүү уйгур кызы болчу.

Ошол көз менен гана айтылып, каректер менен гана кошо тегеренген ууз сүйүү сөз түрүндө эч качан айтылбаптыр, же кат түрүндө жазылбаптыр. Бир гана коймолжуп караган кара көздөрдөн билиниптир, бир ордунда каткан бойдон Касымалыдан көзүн албаган Сахиптин жүрүш-түрушунан көрүнүптүр. Айрыкча кыш өтүп, жай жакындаганда Касымалы эли-жерине кетээрин айткандагы жамгырдай төгүлгөн жаш Сахиптин көз жаштарында ачыкка чыгыптыр. Аны көрүп андан бетер боздогон Касымалынын ысык жашында шардана болуптур…

Эмнеси болсо да качкын жүргөн Касымалы Сахип-Жамалдан бир кадам да алыс кетпейин дейт, бирок алты саны аман кыргыздардын баары Ысык-Көлдү көздөй агып кетип жатканын көрүп, эл-жерин эңсейт. Ошентип, ачкалыктын эмес, жаш жүрөгүн биротоло ээлеген Сахип-Жамалынын Кытайда калып кетээрин ойлогон Касымалы буркурап ыйлаган калыбында кайткан кыргыздардын эң акыркыларына кошулуп, Ала-Тоону көздөй жол тартат. Айылдан узап, төш таянганга чейин, кырдан ашып, карааны үзүлгөнгө чейин кызыл көйөк, жашыл такыячан Сахип-Жамал үйдүн жанынан бир кадам жылбайт, көзүнүн жашын көлдөтүп ыйлап турганы билинет. Касымалы болсо ата-энесинен, жакын туугандарынан айрылып, ал аз келгенсип эми жаш жүрөгүнө өчпөс изин салган, тилеги менен арманына айланган түн сүйүүсү Сахип-Жамалынан көзүн албай, боздоп ыйлаган бойдон ашуу ашат…

Касымалы ага жаш кезиндеги, тагыраак айтканда, өспүрүм курагындагы бул унутулгус окуяны ар качандан бир качан жакшы көргөн инилерине, курбу-курдаштарына майдалап сөз кылып берчү дешет. Ар бир жолку аңгеме-дүкөнүндө көзүнөн жаш кылгырып, үшкүрүнчү дешет.

“Аттиң, аттиң, мен арзыган колукту,
Мен балапан, cары ооз кезде жолукту”, – деген Жалалиддин Руминин сөзүн – бул менин сөзүм, менин арманым деп айтып калаар эле дешет.

Кийин Касымалы агабыз атактуу “Ажар”, “Көл боюнда” повесттерин жазды, бир топ кызыктуу чыккан “Курман жылганы” чыгарды. Кыргызстанга келип туруп калган чехтер тууралуу “Боордоштор” деген романын жазды. Бирок… Менин таң калганым, ошол Кытайда качкын жүрүп тапкан махабаты – Сахип-Жамалын Касыке кудум өзү айтып бергендей кылып кагазга түшүрүп койсо, керек болсо ыр менен дастан кылып жазса кандай сонун болмок. Сыягы, партиялык катаал тартип, советтик коомдун катаал идеологиясы Касыкебиздин колун байлап, талантын тушап, өспүрүм кездеги окуясын каалагандай төгүлүп-чачылып жазышына тоскоол болгон көрүнөт.

Осмонакун Ибраимов, “Азаттык”, 17.11.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.