«ПОЭЗИЯ – МУУНДАРДЫ БИРИКТИРЕТ»
Акын жана коомдук ишмер Жолон Мамытовдун 75 жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзу жана Жолон Мамытоватындагы «Жаштарды колдоо» фонду биргеликте «Поэзия муундарды бириктирет» конкурсун өткөрөт.
Конкурстун шарты: 28-декабрга чейин китептерди сынакка тапшыруу.
Сынакка кенже жана орто муундагы акындар катыша алышат.
Улуу муундар сынакка түшкөн чыгармаларга баа берип, жеңгендерге байгелерин тапшырат.
Номинациялар:
- Жолон калеминин мураскери – бир орун
- Эң мыкты поэтикалык китеп – эки орун
- Поэтикалык жаңычыл үн – эки орун
- Канаттуу саптар — үч орун
- Бир жолку стипендия – беш орун.
Конкурстун жыйынтыгы 2015-жылдын 6-январында чыгарылып, ошол күнү саат 14.00дө Коомдук Биринчи каналда тартылат.
Байланыш телефондору: 0312 623 924; 0772 208 228; 0555 001 941.
Соц тармактар: