“Байдылда сыйлыгы калп айтпаган акындарга гана берилет”

12- декабрда Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик сүрөт музейинде Кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов менен КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Кыялбек Урманбетовго Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык сыйлыкты тапшыруу салтанаты болот. Аталган адабий сыйлыкЖетименкоомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулуп, эки жылда бир жолу татыктуу акындарга берилет. Лауреаттарга Байдылда Сарногоевдин элеси түшүрүлгөн таза алтындан медаль 100 миң сом сыйлыгы менен тапшырылат. Ушул багытта сыйлыкты тапшыруу комиссиясынын төрагасы, Кыргыз эл акыны Шайлообек ДҮЙШЕЕВге төмөнкү суроолорду узаттык.

– Шайлообек ага, Байдылда Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлык кантип, качан уюштурулду эле?
Кезинде “Асаба” гезитинен кеткендер “Жетимен” аттуу журналды түптөгөнбүз. Ошол жылдары журналдын аталышы менен кайрымдуулук фонду да түзүлгөн. Бул иштин башында ал учурдагы ЖК депутаты, “Көкбөрү” федерациясынын президенти Болот Шерниязов туруп, ал фонд негизинен көркөм өнөр жаатын колдоп, көптөгөн иштерди жасаган. Мисалы, “Жетимендин” колдоосу менен Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев бир нече жолу чет өлкөлөрдө өзүнүн сүрөт көргөзмөлөрүн уюштурган. Дагы биртоп маданий ишмерлерди тарыхый мекенибиз Алтай жергесине алпарып келген. Айтор, кезинде аталган кайрымдуулук фонд өнөрлүү биртоп адамдарга өз жардамын берген. Айрымдарга белгилүү, кийинчерээк биздин “Жетимен” журналыбыз төрт сандан кийин токтоп калды.

“Жетимен” кайрымдуулук фонду, журнал Байдылда Сарногоевге кантип байланышып калды?
Агезде Байдылда Сарногоевдин көзү тирүү эле, бирок балдакчан болуп калган. “Жетименчилердин” баары өнөр адамдары болгондуктан, ал кишиге фонддун атынан моралдык да, материалдык да жардам көрсөтүп дегендей, дайыма барып турчубуз. Өзгөчө туулган күнүндө такай барып Байдыкени тегеректеп алып анын тамашасын угуп, өзүбүз да анын көңүлүн көтөрүп, ыр окушуп чер жазып алчубуз. Дагы ошондой көтөрүнүп алып барган бир күнүбүздө ал киши тилден калган экен. Ошентип кайран кишинин көзү өтүп кетти. Акындын зыйнатын Болот Шер таластык туугандары менен чогуу көтөрдү. Кыргызча айтканда, союшун, андай-мындайын өзү чыгарып дегендей… Биз Кыялбек экөөбүз кошок жазып, аны Элмирбек кошуп, ошентип узатканбыз Байдыкени. Ошондон кийин Байдыкенин атын түбөлүккө калтыруу максатында анын атындагы сыйлык уюштуруп, аны поэтикалык чыгармаларга ыйгарсак деген ойлор жаралып, бул идея бышып, анан аталган сыйлык жаралган.

Сыйлык кандай критерий менен берилет?
Адегенде адистер менен талашып-тартышып жатып сыйлык берүүнүн жол-жобосун иштеп чыкканбыз. Ал жободо сыйлыкты ыйгарууда Б.Сарногоевдин акындык позициясы бекем сакталат жана бийликтин ырын ырдап, аткаминерлерге жана алардын аялдарына ода жазган акындарга сыйлык ыйгарылбайт деп айтылат. Мурунку бийлик болобу, кийинки бийлик болобу, аларга кошомат кылган жазмакерлерге сыйлык берилбейт. Тактап айтканда, бул сыйлыкка улут маданиятын байытып, тил кадырын, журт намысын көтөрүп, бийликке кошомат кылбастан, кара кылды как жарып чыркыраган чындыктан тайбастан поэзиянын тили, сөз кудурети менен жалпы адамзат рух, дөөлөтүнө олуттуу салым кошкон поэзия жанрындагы жаңы чыгармалар татыктуу болот. Эң негизги талабыбыз ушул. Баса, сыйлык жалаң гана акындарга ыйгарылат, прозаиктерге жок. Дагы айтайын, биз сыйлыкты эки бийликтин бирине ода жазган акындарга бербейбиз.

Кийинки кездерде бул сыйлык Таластын сыйлыгыбы же “Аластын” сыйлыгыбы деген сөздөр айтылып жүрөт. Бул тууралуу эмне дейсиз?
Ооба, биз деле угуп жатабыз. Бул сыйлыкты айланып келип эле өздөрүнө өздөрү берип жатат деген сөздөр болуп атыптыр. Андай сөздөрдү так ошол мурдагы бийликке да, кийинки бийликке да жүгүнүп ыр жазгандар чыгарып жатат деп ойлойм. Булар үмүт этпей эле койсун, аларга бул сыйлыкты өмүр бою бербейбиз. Биз Байдыкенин абийирин таза сактайбыз. Алар баары бир биздин критерийге жооп бербейт. Бул жолу Кыялбек Урманбетов менен Анатай Өмүркановго бердик. Тапшырылып жатканда да айтылат, менимче, экөө тең кыргыздын рух, дөөлөтүнө эмгек сиңирген акындар. Кыялбек обондуу ырлары менен алууда. Кээ бирөөлөр айтышы мүмкүн, эмне үчүн обондуу ырларга берилди деп. Кеп анда эмес, жана айткандай, ал улуттун рух, дөөлөтү үчүн эмгек кылып келген. Ал эми Анатайдын Байдылда тууралуу сонун китеби чыккан. Аны окурмандар өздөрү баалап алар.

Бул сыйлык статусу боюнча эл аралык деп аталат. Менимче, байге кору деле бул талапка жооп берет. Аны өз деңгээлине жетирүүгө аракеттер барбы?
Өткөн талкууда биз казактарды да, башкаларды да аралыштыралы дедик эле. Бирок айрым себептер менен кээ бирөөлөр бул сунушка макул болбой койду. Бирок буюрса, ал деңгээлге да чыгабыз. Ошол эле учурда кийинки жылы арабызга жаштарды да тарталы деген максатыбыз бар.

Зайырбек АЖЫМАТОВ, “Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 10.12.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.