Эки чоң акын. Эне жана бала
УРПАКТАРГА
Адамда өмүр кыска тутам жеткис.
А бирок максаттары өтө чексиз.
Ал үчүн миң жаш берип койсо деле,
Ал максат өсө берип шааң жеткис.
Андыктан арткы муунга кайрылаарым:
Аз калды мен да өмүрдөн айрылаарым.
Өкүнүп кыска жашап калганыма
Өтүнүп баарыңарга кайрыламын:
Милдетим, ата журтка өтөлбөгөн,
Максатым, али жүгүн көтөрбөгөн,
Сырларым, жумурткадай чегилбеген,
Сөздөрүм, ыр сабына эгилбеген,
Сапарым, мүмкүн болуп баралбаган,
Сагынчым, кусасынан жана албаган,
Гүлдөрүм, колум жетип үзө албаган,
Көп ишим, өзүм план түзө албаган,
Эмгегим, толук жазып бүтө албаган,
Эрдигим, алигиче күч албаган,
Сөздөрүм, тилим жетип айталбаган,
Сезимим, али өзүмө байкалбаган,
Үмүтүм, өчүп кайра жана албаган,
Үлпөтүм, ырахатын ала албаган,
Дарманым, эмгегиме берилбеген,
Душманым, көзүм барда жеңе албаган –
Аларды урпактарга парыз кылып,
Айтарым мойнуңарга карыз кылып,
Ар кимиң бүтпөгөндү уланткыла,
Арбагын улуулардын кубанткыла.
(“Көл боюна жүз келем” жыйнагынан)
ЭСКИ КАЙРЫК
Бүркөлүп аткан таң карып,
Билиги кыска шам карып.
Көптүгү курсак тойгузбай
Көгөрүп кеткен нан карып.
Талаадан өнбөй, таманга
Тапталып кеткен дан карып.
Өмүргө келген милдетин
Өтөбөй кеткен жан карып.
Көрбөгөн жерде көз карып
Көөнөргөн сайын бөз карып.
Учуру келип турса да
Унчукпай койсоң сөз карып.
Жашыңда кылган жоругуң
Жарашпай калган кез карып.
Улгайган сайын өткөндү
Унутуп койгон эс карып.
Дарамет-күчүң таш жарып,
Далайдын ишин аткарып,
Даңазаң артып турбаса
Дайынсыз өткөн жаш карып.
Даярдап берген кишиге
Даамына чыкпас аш карып.
Акылга толуп турса да
Арманда кеткен баш карып.
Чайнабай турсаң тиш карып,
Чаласы калган иш карып,
Агарган кары жаабаса
Аяздуу деген кыш карып.
Аянбай жоруп бербесе
Аяндуу келген түш карып.
Каалаган ишти кылбасаң
Карууңа толгон күч карып.
Убара тарткан күн карып,
Уктабай өткөн түн карып.
Калайык үчүн ырдабай
Кардыккан добуш үн карып.
Аяздуу күнгө туш келип
Ачылбай кеткен гүл карып.
Алардын баарын түшүнгөн
Адамзат эмей ким карып?…
09.02.15