Кубанычбек Басылбековдун Омар Хайямы

Белгилүү котормочу агайыбыз Кубанычбек Басылбеков жаңы китеби чыкканы тууралуу сүйүнчүлөп бизге келип калыптыр. Ирандыктардын каржылыгында жакында Омар Хайямдын 6 тилге которулган рубаилер жыйнагы 1500 нускада басылып чыккан экен. “Мындай китеп мурда да чыгарылып турчу. Бирок 5 тилде. Бул жылы Омар Хайямдын 960 жылдыгына байланыштуу кыргыз тилиндеги котормолорун да киргизүү чечилип, менин котормолорум тандалып алынды”, – дейт Кубанчыбек байке.

Китептин баасы 300 сом. Омар Хайямды кыргыз тилинде гана эмес дагы башка 5 тилде (парс, орус, тажик, өзбек, араб) окугусу келгендер Кубанычбек байкенин өзүнө кайрылып алсаңар болот. Анын чөнтөк телефону: 0553 62-56-35.

Бул китепте жарык көргөн Омар Хайямдын айрым рубаилеринин кыргыз тилиндегисин бербесек жарабас.

* * *
Бирин сыйлайт, бирин кордойт Теңирим,
Элди көрчү, бактысы жок теңинин.
Аз жыргадым дебей, турмуш азабын,
Аз тартканга шүгүрчүлүк дегиниң.

* * *
Өмүр текке кетип ырбайт жарабыз,
Көр оокатка жаныбызды салабыз.
Аттиң, арман! Көз ирмемдин ичинде,
Эч нерсеге жетпей кетип калабыз.

* * *
Токтобостон өтөөр болсо өмүрүм,
Өтө берсин, көтөрүлүп көңүлүм.
Жадырагын, кайгы-муңга алдырба,
Шаңдуу болсоң шаңдуу өтөт өмүрүң.

Кубанычбек байкенин башка котормолорун окугуңар келсе, анын биздин блогдогу өздүк бетине кириңиздер.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.