Заманбап ак калпакты кантип жасаса болот?
Чыгармачылык жана креатив студиясын табуу учун шаарды жакшы билиш керек. Бир нече ирээт Эркиндик гүлбагынын бир тарабынан экинчисине өтүп отуруп, жаш жигиттердин бир далдаа жактагы көчөгө бурулуп кетип жаткандарын байкадым. Көңүлдү ачык түстөгү жана өзгөчө кооз тигилген баш кийимдер бурду. Атайылапбы же кокустанбы айтор «Туран» студиясы Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Аалы Токомбаевдин мемориалдык үйүндө жайгашыптыр.
Дизайнерлердин жумуш орду жөнөкөй стилде жасалгаланган, дубалдар боз түстө, чоң экрандары бар бир нече компютерлер, столдор жана анда баш кийимдердин бир нече үлгүлөрү жатат.
Алар өтө жасалган, кыргыз ак калпагы менен панаманын айкалышы билинет. Ар бир баш кийим өзгөчө жана жалгыз нускада: эки жактуу, бир да тигиши жок, нукура кийизден жасалган.
Мындай баш кийимдерди жасоо демилгеси жаш дизайнер Искендер Асаналиевге таандык, айтмакчы ал этникалык буюмдарды, кийимдерди жана бут кийимдерди жасоо менен да алек.
Искендер телерадио байланыш кесиби боюнча Түркиядан билим алган, бирок дизайнерлик ишине кызыгып, аны менен 11 жылдан ашуун убакыттан бери алектенет.
«Бир жолу биз достор менен паркта отуруп, эмнеге жаштар ак калпак кийишпейт деп пикир алмаштык. Соңунда, ал азыркы модага төп келбейт деген жыйынтыка келдик. Эгерде кыргыз калпагынын тарыхын териштирсек, анда ал 50-жылдардан тартыпөзгөрө баштаган экен. Негизги калпак катары кадимки катардагы калпакты алып, ага жаңы көрүнүш берүүнү чечтик»- дейт дизайнер.
Чогулган коллекцияны этникалык деп айтуу болбойт, баш кийим заманбап көчмөндөрдүкүнө окшош. Ошентсе да, баш кийим тигүү демилгеси биздин тарыха, биздин тамырыбызга байланыштуу.
«Биз шаардык жаштарга жана шаардык кыздарга багыт алабыз. Кышында өтө суук болот эмеспи, анан жаштар баш кийим кийишпейт, бул алар үчүн дагы бирмүмкүнчүлүк эмеспи. Коллекция азырынча өтө деле чоң эмес, бирок эксклюзивдүү»- деп улантты дизайнер.
Баш кийимдер ар тараптуу, аны жаш жигит жана анын жанындагы селкиси да кийип алса болот. Алгач сүрөтү чийилет анан чоподон үлгүсү жасалып, аны гипске орнотобуз. Кооз баш кийимдердин жаратуучулары, атайын жеткирүүчү топ менен иштейт, алар кийизди даярдашса, дизайнерлер түстөрүн сурашат. Андан соң, ууздар кийизди бир дагы тигиши жок кылып баш кийимге даярдашат. Саналуу көлөмдө Түркия, Орусия, Казакстанга жөнөтүп турабыз, келечекте Европа жана Америкага алып баруу ниетибиз бар.
Баш кийимдер «Туран» брендинин алдында чыгып жатат. Туран деген кадимки эле Туран деген сөздөн алынган, бул кыргыздардын ата-бабалары мурда жашаган аймактын аты.
«Уруу болгон экен, «Саки Тиграхауддар» деген, баш кийимчен сактар деп которулат, алар кийизден баш кийим кийчү экен. Кийизди эзелтеден бүтүндөй түркэлдери колдончу, ал эми азыр Борбор Азия элдеринин ичинен кыргыздар өзгөчөыкмалардын ээси», – дейт Искендер.
«Туран» – бул көпчүлүк – ойлогондой кийим тигүү жайы эмес, ар тараптуу дизайн студиясы. Искендер дизайндын белгилүү бүт түрүн үйрөнүүдө: графикалыктан тартып, веб дизайн жана маалыматтык архитектура. Азыр мына мындай бир кийимдер дизайны менен алек. Бирок баш кийимдерден тышкары, анын чиймелеринин арасынан эмеректер, бут кийим, кийим жана аял, эркектин кооз жасалгаларын көрсө болот.
Көпчүлүктүн баасына караганда, элдер анын чыгармачылыгына купулу толот экен. Албетте сын пикирлер да бар, алар көбүнчө патриоттордун терисин жамынгандар, дизайнер калпактын алгачкы көрүнүшүн бузуп салды деп күнөөлөшүүдө. Бирок дизайнер сын-пикирге мындайча жооп берет: «Менин чыгармачылыгым -бул түз призма, ал аркылуу эзелки кийимдер, кооз жасалгалар, кийимдер, бут кийимдер жаңы көрүнүшкө ээ болуп, шаардык маданиятка багытталган».
Бегимай Сатаева, сүрөттөр автордуку жана «Туран» студиясыныкы,
“Жаңы жүздөр”, 05.03.2015-ж.