«Калем жана ыйман» сынагы
АКЫН-ЖАЗУУЧУлар, калем кармагандар.
УКПАДЫМ дебегиле!!!
“Ыйман” фонду «Калем жана ыйман» жыйнагынын ЭКИНЧИ КИТЕБИН чыгарат. Ал китепке кире турган чыгармаларды топтой баштадык.
Жыйнакка адеп, ыйман, мекенди сүйүү, мээрим, боорукердик, ынтымак, достук, ата-эне, улууга болгон урмат, кичүүгө болгон ызат темаларын чагылдырган ПРОЗА жана ПОЭЗИЯ жанрындагы мыкты көркөм чыгармалар тандалып алынат.
Шарты: Чыгарма буга чейин китеп болуп чыкпаган же китеп жыйнактарында жарык көрбөгөн болуш керек. Атайын жаңы чыгармаларды жазсаңыздар андан да жакшы.
Сынактын мөөнөтү: Чыгармалар 2016-жылдын 1-мартына чейин кабыл алынат.
Дарек: Эркиндик 56, 2-кабат, “Нуска” китеп дүкөнүнүн 2-кабаты
Электрондук дарек: info@iyman.kg, gulnazsultanova@gmail.com
Телефон: 0312-625130, 0776-625130, 0556-625130
Жооптуу адам: Гүлназ СУЛТАНОВА
Сынак тууралуу кененирээк маалыматты бул жерден алаласыз.