Адабияттын чаалыкпас тулпары эле…

Аттиң дүйнө, токсонду тоголотуп, кылымга жакындабай кыргыздын дагы бир кырааны, улут адабиятынын классиги Сооронбай Жусуев бу жалганды таштап кетти.

Сооронбай Жусуевдин бул жалганды таштап кетиши менен менен кыргыз адабиятынын бир тоосу кулап түштү, өмүрүн поэзияга арнаган, кан күйгөн Улуу Атамекендик урушка жаштыгын берип келген улуу муундун ири өкүлү аркылуу улут көркөм сөзүнүн бир капшыты эңшерилип калды. Сооронбай ага ырга өмүрүн арнап, өзү башынан кечирген кан майдандын катаал чындыгын жашырбай айтып, тынч турмуштун улуулугун, сүйүү менен сагыныч эриш-аркак жүрчү пенде баласынын аздек сезими экенин өмүр бою даңазалап келди.

Өткөн кылымдын ортосунан тарта башталган активдүү чыгармачылык өмүрүндө Сооронбай ага отуздан ашуун ыр жыйнактарды жарыялады, биртоп поэмаларды, өмүрүнүн соңку жылдарында Курманжан датка, Исхак Раззаковдун жашоо-турмушун кеңири эпикалык планда чагылдырган ыр менен жазылган романдарды жарыялады. Өмүр бою көркөм сөздү аздектеп келген улуу сүрөткер орус жана дүйнөлүк, чыгыш классиктеринин чыгармаларын кыргыз окурмандарына тааныштыруу жаатында да ат көтөргүс зор эмгек жасады. Сооронбай аганын катарындагы каламдаштары, артында келаткан шакирттери тууралуу жазган макалалары, кеп-кеңештери анан көркөм сөзгө астейдил мамилесин көрсөтүп турат.

Кыргыз адабиятынын гүлдөө доорунун башында турган, ага колкабыш кылган улуу сүрөткер минтип жарыкчылык менен кош айтышты. Эми анын өмүрү артында калган чыгармаларында жашайт.

Акын дагы, Адам дагы…

Адабий коомчулук Жусуев эпикалуу, мекенчил, салттуу поэзияны нускалуу уланткан таланттуу акын болгонун, дүйнөгө таанымал акындардын эмгектерин кыргыз окурмандарына тартуулап, улуттун руханий жана маданий дүйнөсүн байытууга олуттуу салым кошконун белгилеп жатышат.

Акындын өткөнүн уккан жакындары, шакирттери, адабий коомчулук өкүлдөрү таң атпай маркумдун үйүнө чогулуп, узатуу камылгасын көрүп жүргөн экен. Алардын бири Кыргыз Эл акыны Төлөгөн Мамеев Сооронбай Жусуев өмүрүнүн акырына чейин ак жашап өткөн инсан болгонун кеп кылды:

– Бул киши билгизбей кыргыз үчүн күрөшүп, өз мекенинин тоолорун, сууларын, элинин адамдык бийик сапатын, кыргыз кыздарынын сулуулугун ырдап өттү. Ал өз чыгармаларына кандай касиеттерди катканын кийин адабиятчылар аныкташат чыгаар. Менин баамымда ал ар бир сөздү таптакыр башкача, өзгөчө кылып кынап келген, сөздүн эмне экенин түшүнгөн улуу адам болчу. 

Кыргыз Эл акыны Анатай Өмүрканов Сооронбай Жусуев кыргыз адабиятынын атасындай болуп калганын белгилеп, ал жалпы журтчулукка акын катары таанылганы менен адабияттын башка жанрларында да ийгиликтүү иштегенин, өзгөчө котормочулук боюнча экинин бири болгонун белгиледи:

– Бул кишинин котормо жаатында өтө чоң орду бар. Бизде котормочулук жааты Эралиев, Жусуев, Турсунов менен эле токтоп калды. Кийинки учурда котормо менен эч ким иштебейт. Сокем ушул жаатта үлгүлүү иштеди. Бул киши казак, орус, дүйнө акындарынын котормолорун өзүнчө том-том кылып чыгарган. Мен Сооронбай Жусуев кыргыз адабиятынын атасындай болуп калды деп эмне үчүн айттым? Пушкиндин бир сөзү бар: “Карт Державин өлөр кезде, ак батасын берген бизге”, – деген. Сокем да чыгармачыл дүйнөдө өзүнөн кийинки муундун ар бирине ак бата берип келди.

Өмүрканов Жусуевдин акын катары да, адам катары да нарктуу-набаттуу жашап өткөнүн, ал ар бир маселеге так, олуттуу мамиле кылган мырза пейил, сыпаа инсан болгонун айтып отурду.

Жусуевдин шакирттеринин бири, акын Маркабай Ааматов маркум акын эмгекчилдиги жана адамдык пакизалыгы жагынан калемгерлерге да, окурмандарга да үлгү боло турган инсан катары эсте каларын кошумчалады:

– Сокебиз өткөн жылы эле бардык чыгармаларын топтоп, он бир том кылып чыгарды эле. Адабиятта ушул киши чыныгы чаалыкпас тулпардай өмүрүнүн акырына чейин жемиштүү иштеди. Көзү өтүп кеткенге чейин колунан калеми түшкөн жок. “Мына эми Сооронбай акебиз чыгармачылыгын жыйынтыктайт го” деп турсак эле “дагы бир жаңы китеп чыгардым, карап көрсөңөр” деп сунуп калчу. Ошол эле учурда убадага так, сөзгө бекем эле. Айткан жерине дайыма беш мүнөт эрте барып күтүп турчу.

Адабиятчы Абдыкерим Муратовдун айтымында, улуттук адабияттын тарыхында ыр менен роман жаратуу чанда гана авторлордун колунан келет. Сейрек учураган ошондой таланттардын катарында Жусуев да болгон. Кезинде анын ыр менен жазылган “Курманжан датка”  романы чоң сөз болуп, мамлекеттик Токтогул сыйлыгына татыганы бекеринен эмес.

– «Исхак Раззаков», «Курманжан датка» даректүү романдары кыргыз адабиятында сейрек кездешкен көрүнүш. Бул кезинде өз баасын алууга тийиш. Ошол эле мезгилде Жусуев дүйнөгө таанымал акындардын эмгектерин кыргыз окурмандарына тартуулап, элибиздин руханий жана маданий дүйнөсүн байытууга олуттуу салым кошту. Ошол эле учурда өзүн ар тараптан байыткан. Мисалы, кыргыз адабиятында көп иштелбеген поэзиянын сонет деген формасы бар. Бул киши дүйнөлүк адабияттан сонеттерди которуп жүрүп ушул формада мыкты чыгармаларды жазып берди. Тилекке каршы, ошолор да жакшы изилденбей жатат.

Адабиятчы Муратов Сооронбай Жусуев улуттук поэзияда эпикалуулук менен лирикалуулукту жуурулуштурган акын экенин белгиледи. Адис акын 60-жылдарда Горький атындагы адабий институтту бүтүп келип, адабиятка жаңы багыттагы “Түрмөк булуттар”, “Чагылган” сыяктуу поэмаларын бергенин кошумчалады.

Кыргыз Республикасынын Баатыры Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районундагы Кызыл-Жар кыштагында төрөлгөн. 1943-жылы 18 жашында армияга чакырылып, атактуу Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда байланышчы болуп кызмат өтөгөн.

Алгачкы ыр жыйнагы 1950-жылы “Эмгек күүсү” деген ат менен басмадан чыгат. Андан бери акындын 30дан ашык китеби кыргыз тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн.

Акын Сооронбай Жусуев менен коштошуу зыйнаты 6-февралда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтөт. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө жубайынын жанына коюлат.

Бекташ Шамшиев жана Зайырбек Ажыматов, «Азаттык», 04.02.2016

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.