Калемгер: аңгемедеги доор көйгөйү
“Калемгер” адабий клубу ай сайын жарыялап келаткан аңгемелер сынагында диний-саясий көйгөйлөрдү чагылдырган аңгемелер социалдык тармактарда мыкты окулган чыгармалар катары жеңишке жетишти.
Мисалы, өткөн жолку сынакта Максат Жангазиевдин мистикалык “Мандатия” аттуу саясый сатирасы окурмандардын тандоосуна арзыса, кийинки сынакта Элдияр Элчибектин Сириядагы бир үй-бүлөнүн турмушун чагылдырган “Иззудин” аттуу аңгемеси окурмандар тарабынан мыкты деп бааланды.
“Иззудиндин чаарала бети, чүңүрөйгөн каректери – мештин жарыгында.
– Балам, бери укчу. Эртең кайра шаарга барам. Апаңды, Масунаны издейм, – дагы бирдеме кошумчалап айтыш керек эле, баланын үмүтүн үзбөй. Бирок анын демейдеги эрки, күч-кубаты азыр ар кандай божомолдорду айтууга алсыз. Баланын эки көзү жылтылдай түштү да, купкуу колдорун жууркандан чыгарып, аркы капталында, обочодо тизилип турган беш-алты оюнчуктун ичинен суу чачыраткан тапанчаны жана желим гранатаны мыкчый кармап, атасына сунду.
– Булардын эми кереги жок. Өрттөп салыңыз, – анын үнү ушунчалык аянычтуу угулду да, ушул азыр Иззудиндин күйүтүн (жубайын дайынсыз жоготуп, кызын көз алдында ээсине тапшырып, жараат алган өзүнүн кыйналганын) ичтен сызып, атасынан мурун өзүн-өзү союп жаткандай туюлду. Өспүрүм болсо да баарын сезип турду.
Эч бир пайдасыз, кереги жок жерден, камынбай, күтпөй турган жерден бактылуу адамдардын тынчын бузган согуштун азабын бир гана Иззудиндин үй-бүлөсү тартты дейсиңби?! Бай тарыхы бар өлкөнүн күлү көккө сапырылып, жумурай журттун тагдыры тозоктун отуна айланды да, калды”.
Бул жаш калемгер Элдияр Элчибектин “Иззудин” аттуу аңгемесинен үзүндү. Автор аталган чыгармасында учурда диний чыр-чатактардын айынан согуш жүрүп жаткан өлкөлөрдөгү үй-бүлөлөрдүн турмушун баяндаган. Ал “Азаттыкка” бул темага эмне себептен кайрылып калганын айтып берди:
– Мен өзүм жакында эле үйлүү болуп бала-чакам менен көчүп барып, жылуу-жумшак, телевизорду тиктеп отурсак, Сириядагы согуштан жабыркаган балдарды көрсөтүп жаткан экен. Жөнөкөй күнөөсү жок наристелердин ачкалыктан жабыркаганы, кыйраган шаарлар жалпы адамзат үчүн согуштун кандай азап экенин айтып турат. Ошол көрүнүш жан дүйнөмө катуу таасир берип, бул аңгемени өлкөбүздө тынчтык болсун, дүйнөдө тынчтык болсун деп өзүмдүн фантазиям, кыялым менен жаздым.
Элдияр Элчибек өз фантазиясы менен жазып жаткан аңгемеси ишенимдүү чыгышы үчүн Сириядагы болуп жаткан окуяларды интернетте жарыяланып жаткан видеолордон, жаңылыктардан байкап турган.
Мандат “оорусу” көркөм чыгармада
Аталган сынакта жеңишке жетишкен дагы бир аңгеме – Максат Жангазиевдин “Мандатия” аттуу чыгармасы. Аңгемеде кайсы бир доордо, кайсы бир коомдо тубаса башы жок – мутант балдар төрөлө баштайт:
“…Бул нерсе деле көнүмүш болуп коомду үркүтпөйт эле. Бирок мындай адамдар бара-бара жумушка болгон мамилесин өзгөртүп, коомго тескери кылыктары менен көрүнө баштады… Алардын иштеши эле эмес, терс жүрүш-туруштары коомдогу кадимки баштуу адамдарды катуу ирээнжитип жүрдү. Алар азыктанышканда да моюнундагы көңдөйчөсүн кенен ачып, алдындагы тамактарын көңүл ирээнжитерлик сугунуп, башкача азыктанышаар эле… Кулактары жок болуп, жалгыз көзү да алысты көрө албай, эптеп-колдорун эрбеңдетип-сербеңдетип жаңсоо аркылуу кызмат кылып башкарып жатса кимге жаксын андай адамдар? Жөн эле зыянсыз эл ичинде жүрүшсө да бир жөн…”, – деп сүрөттөттөлөт алар. Сюжетте кийинчерек Кайрат аттуу оң каарман балдардын эмнеге башы жок төрөлүп жатканынын себебин, алардын ооруусу эмне деп аталарын табат. Максат Жангазиев:
– Бул деген “Мандатия” деген оору экен. Эми аны дарылаганга мыкты медиктер, алардын биримдиги керек болору түшүнүктүү болот. Берейин деген ой, мисалы, мен жеке Кыргызстандын жараны катары башкаруу системасына ишенбейм. Бийликке бара тургандар канчалык жакшы адам болсо деле мурунтан калыптанып калган системанын алдында алсыздык кылат экен. Чындыкты табыш кыйын…
Максат Жангазиев өзүнүн жогорудагы жан дүйнө кыйкырыгын сөз болуп жаткан “Мандатия” аттуу чыгармасы менен бергенге умтулган.
“Калемгер” адабий клубу өткөрүп жаткан “Жаңы ысымдар, жаңы мүмкүнчүлүктөр” аңгемелер сынагынын калыстар тобунун төрагасы Садык Алахан “Мандатия” менен “Иззудин” аңгемелери тууралуу буларды айтты:
– Экөө тең социалдык тармактагы окурмандардын пикири боюнча мыкты деп эсептелген аңгемелер болду да. “Мандатияны” социалдык аллегория деп койсок болот. Коомчулукту каптаган ооруга диагноз кое албай жатып акыры “Мандатия” деген диагноз койду. Сөздүн өзү эле аңгемеде эмне тууралуу айтылып жатканы түшүнүктүү болуп жатпайбы. Ал эми “Иззудин” ортонун тегерегиндеги аңгеме болчу. Аны да окурмандар мыкты дешти. Мында чет өлкөдө болуп жаткан согуш запкылары сүрөттөлгөн экен.
Садык Алахан ал эми бул сынактарда калыстар тобунун чечими менен Элмира Ажыканованын “Боз дүйнө”, экинчисинде Абдыкерим Муратовдун “Гаргарчы” аттуу аңгемелери биринчи орунду ээлегенин айтты.
“Айтыш” коомдук фондунун “Калемгер” адабий клубу буга чейин популярдуу болбой калган аңгеме жанрына жан киргизүүнүн жолун издеп, жылдык байге фонду эки миллион сомдү түзгөн, ай сайын өтө турган аңгемечилер сынагын жарыялаган. Жеңүүчүлөр калыстар тобунун жана Фейсбуктагы окурмандардын баалоосу менен аныкталат.
Зайырбек Ажыматов, “Азаттык”, 15.01.2016-ж.