“Кыргыз маданият борбору” жаңы адабий сынак жарыялайт!!!

Арыбаңыздар, достор! “Кыргыз маданият борбору” адабий конкурс жарыялайт!

Бараандуу байге убадалай албайбыз, бирок жеңүүчүлөр куру кол калбайт.

Сынактын максаты – улуттук адабияттын учугун улап кете турган таланттардын чыгармаларын жарыялап, эл-журтка тааныштыруу.

Сынакка коюлчу бир эле талап бар, ал – чыгармалардын көркөмдүгү.

Адабий жаңы туундуну жаратканга кудурети бар авторлордун жарк этип чыгуусуна шарт түзүүнү чечтик.

Жеңүүчүлөрдү калыстар тобу аныктайт. Алардын курамы сыр боюнча калат. Сынак 25-декабрда токтотулат. Жеңүүчүлөрдү 30-декабрда жарыялайбыз. Байгелерди ээлерине Жаңы жылдын алдында тапшырабыз.

“Кыргыз маданият борбору” сайтынын негиздөөчүлөрүнүн бири Марат Токоев сынакта сунушталган мыктылардын арасынан бир жеңүүчүнү тандап алууга укугу болот жана ал тандаган жеңүүчүгө атайын байге ыйгарылат.

 

Сынактын шарттары

Сынакка буга чейин эч жерде жарыяланбаган аңгеме, эссе, новелла, ырларды жөнөтө бересиздер, эч кандай акча төлөп кереги жок. Алгачкы Сынакты бекерге эле уюштурууну чечтик.

Сынакка келген чыгармалардын алгылары гана жарыяланат, чыгарма көркөм адабий жанрлардын талабына жооп бергидей болушу керек.

Жарыялана турган чыгармаларды тандоо жоопкерчилигин толугу менен сайттын учурдагы ээси Рахат Амановада болот.

1.Калыстардын купуя добуш берип тандоосу менен чыгарма Конкурска катышууга укук алат.
2. Калыстар бири-бирин билбеген үчүн, добуштардын жыйынтыгын чыгарган модератор катары чыгармаларды жарыялоо жоопкерчилиги Рахат Амановага жүктөлөт.

Байгелүү алты орун болот: проза менен поэзияга үчтөн орун берилет.

Окурмандардын тандоосу сөзсүз эске алынат жана Сынактан сырткары байгелүү үч орун берилет.

Калыстар тобунун мүчөлөрү да бири-бирин билбейт жана ар бири алты орунга талапкер тандашат. Акырында байгелүү орундарды добуш берүү жолу менен чогуу тандашат.

Сынакка катышкан авторлордун аты-жөнү жыйынтык чыкмайынча сыр боюнча калат. Келген чыгармалар номер менен жарыяланат.

Кабыл алына турган чыгармалардын көлөмү:

– поэзия: 1-5 бетке уруксат

– аңгеме, эссе жанрындагы чыгармалар 1-15 беттен ашпоого тийиш

(формат А4, тамга Calibri, кегль 12), саптардын аралыгы 1,5.

Чыгармаларды төмөндөгү эки почтага салыңыздар: kmborboru@gmail.com жана raxat_1970kg@mail.ru

Коопсуздук үчүн чыгармалар эки башка почтада кабыл алынат. Сөзсүз эки почтага салыңыздар.

Баарыңыздарга ийгилик каалайбыз!

Сынакка келип түшкөн чыгармаларды бул жерден окуй аласыздар!!!

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.