Сагын Акматбекова

* * *

…Таарынбайм мен тагдырга да, сага да,
“Тагдыр, – дешет, – татаал бир жол”. Сен эмне
Ошол жолдо жолуккан бир жолоочу
Тегиз аппак гүлдөгөндө алма бак.

Канча жолду бирге бастык, кеп анда
Эмес такыр. Кеп кандайча бастык жол.
Жаз гана эсте, не биз барбыз, не биз жок,
Жапырт толкуп гүлдөгөндө алма бак.

Өкүнбөймүн мен өткөнгө да, сага да,
Өткөн өттү. Сен да калдың өткөндүн
Өстөнүндө… өз кезинде тунук, ак,
Сен тунугум, тунук бойдон эсте кал.

Аалам күүгүм, ай караңгы дүйнөгө
Алма гүлүн жарык кылып кеч жагаар.
Шол жарыктай ыйык элең кезинде,
Сен ыйыгым, ыйык бойдон эсте кал.

А башканы унутайын. Унутуш
Кыйын, билем. Айрыкча шул жанга жан,
А дилге дил дал келгендей, туш-туштан
Аппак, тегиз гүлдөгөндө алмалар.

Тагдыр дешет татаал бир жол. Жолдошум
Элең бир кез, эми жолдош болбосум.
Болбосоң да боорум түтпөй ийрилем,
Калсаң кокус кыйын күндө колдосун

Сени бир нээт, менин нээтим – жанга жан
Дилиңе дил, кылбай-этпей айла амал
Айтпай-нетпей, ай караңгы дүйнөгө
Аппак гүлүн жаккан сымал алмалар.

Айдарымга үлбүрөшүп, үзбөй гүл
Тунуп, тымтырс тургандыгын биз көрдүк.
Жадыраган күнүң болсун – жаз сенин.
Күңгүрөнгөн күнүм болсун – күз менин.

___

Сагын Акматбекованын башка ырлары

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.