Шуулдаба, шуулдаган теректерим… же Жигиттин уулу жетишпей турганда
Акын, жазуучу, окумуштуу, публицист, коомдук ишмер Салижан Жигитов быйыл көзү тирүү болгондо 80 жашка чыгат эле. Биздин колумнист Абдыкерим Муратов “Өксүк комплекстерин” айта берип, көп кыргыздын безине тийген кыргыз Жигитов элесин эскерүүнү эп көрдү.
Азыр кыргыздар катуу кеттик: Чыңгыз хандын тегин кыргыз кылдык, индеецтерди, уругвай, парагвайларды, жапон-сапондорду бизден чыккан дедик, дүйнөдөгү канча бир жер аттарын өзүбүзгө энчилеп алдык, Швейцарияны, Сингапурду жөн эле басып өтөбүз дедик, Анталияга орустар эми барбай, бизге келет дедик. Ушундайда Салижан Жигитов жетишпей жатпайбы. Ал бир жолу айтты эле: “Кыргыз эли дүйнөдөгү жерлердин жакшысын ээлей алган эмес. Сыймыктанган Ала-Тообуз жайында эс алганга дурус, бирок байгер жашаганга такыр эле ыңгайсыз”. “Тоолорубуз кооз, табиятыбыз таза, Ысык-Көлүбүз керемет, туризм тармагын өрчүтсөк байып жатып калабыз деген ойдо жүргөн кыргыздар да арбын”. “…кокусунан адашып Кыргызстанга келип калгандар биздин ач белдерде жатып, тамак-ашыбызды ичип, башка сервис сөрөйлөрүбүздү көрүп, бажыкана, милийса, коопсуздук жааттарындагы өкмөтчүлөрдүн кылгылыктарын баштан кечирип, кээде каракталып, башка ыдыктарды жеп, акыры бизден көңүлү үч көчкөн журттай калып, “Кыргызстанды желкемин чуңкуру көрсүн” деп кетет”.
Муну ким, кандай баатыр айтат!? Ошон үчүн биз ал кишини улутбезери атап, кыргыздын душманы катары көрдүк. Андан Салижан Жигитовдун кадыры бөксөрүп, зоболосу түшүп кетпеди, же Кыргызстан дүйнөлүк алдыңкы өлкөлөргө теңелбеди.
Умсундурган ушул адам…
Ал киши чукугандай сөз таап, жайкы ысыкта беймарал суу ичип жаткан уйду сайгак келип чаккандай “чагып”, “таап” айтчу.
Минтип атпайбы: “Баса, биздин көзү жок баатырлар Балыкчыдан Кара-Кечеге темир жол, Таластан Бишкекке, Алматыдан Ысык-Көлгө кара жолдор салып ийебиз деп чамынып, элди дүрбөтпөдүкпү, алда канча акча, адам жана техника күчүн жумшап, анан башталган иштин үдөөсүнө чыкпай таштап салбадыбы. Эми ал тоолор кыргыз кыялкечтигинин, атүгүл дөдөйлүгүнүн оркойгон эскерткичтери сыяктуу бүлүнүп, жемирилип, ышпалдасы чыгып жатпайбы. Табияттын бөөдө бузулганына, каражат, эмгек, үмүт-тилек курулай сапырылганына жоопкер болгон, уялып койгон демилгечилерден бирөө жок. “Жолуңар эмне болду?” деп массалык маалымат каражаттары аркылуу бакырып сурап койгон кыргыз жок”.
Ортодо окурмандарга КРдин эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаеванын аткаруусундагы “Шуулдаган теректерим” ырын сунуштайбыз. Обону композитор Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаковго таандык.
Азыр мына ошол киши, ошол үн жетпей жатат. “Салижан агай болгондо… “, “Жигитов минтмек… ” деп умсунуп алчу болдук…
Өтүп барат бул заман зуулдаган,
Өтүп барат зуулдап улуу заман,
Кайрандарым, а силер жатасыңар,
Терек муңун туйбастан шуулдаган.
Арманыман ачышат жүрөк, ичим.
Алыспы же жакынбы түгөнүшүм –
Аны билбей жүрөмүн, кайрандарым,
Терек күүсүн эшитип силер үчүн.
Шуулдаба, теректер, теректерим,
Шуулдасаң ачышып каректерим
Шуу үшкүрүп ыйлагым келет менин!..
Бир убакта акын ушинтип, жакындарын жоктогон болсо эми биз ал кишини жоктоп калдык…
Өзгөндүн Көлдүк айлында туулуп, онунчуну Фрунзедеги көзгө басар кыргыз мектептен бүтүп, кыштактан келген башка балдарга караганда ал дүйнөлүк маданиятка, орус тилине тез аралашты. Анын “Ыймандай сырым” деген ыр китеби жука болгону менен азыркыга чейин накта лирикалык маанайы, ички дүйнөсүн ачып берген сыр жашырбастыгы менен улуттук поэзиябыздын төрүнөн орун табууга акылуу жыйнак эле. Табиятынан ыр жандуу жана кылдат эстетик катары Салижан Жигитов “Ырлар жана жылдар” деген сын макалалар жыйнагы менен адабиятчылардын алдыңкы катарына дароо эле чыкты жана өмүр бою сын жана адабият таануу багыты анын көчбашы өнөрүнө айланып, адабиятыбыздагы “ак тактардан” тартып, көп акын-жазуучулардын, адабиятчылардын, жаш каламгерлердин портретин ачып берген. Анын өзгөчө белгилей турган жагы — XX кылымдын 20-жылдарындагы кыргыз маданий турмушун архивдик, документтик жана адабий материалдар менен ачып, ошолорду шурудай тизип, анын бизге жазып бергендигинде. Кыргыз поэзиясындагы салттуулук жана жаңычылдык боюнча кандидаттык, улуттук адабияттын пайда болушу жана калыптанышы боюнча докторлук диссертациясын коргоп, илимдин бул тармагына барандуу салым кошуп, Алыкул Осмонов акындын дүйнөсү жөнүндө салмактуу китебин чыгарды.
Мустай Карим, Назым Хикметти “тоолук кыргызга” айландырды
Мустай Карим, Назым Хикмет кыргыз тилинде Салижан Жигитовдун эң мыкты таржымалында “тоолук кыргыз” акындарына айланды жана бул эмгектер улуттук котормо өнөрүндөгү эталон көрүнүш катары өз ордун эч качан жоготпой турган даражада кала берди.
Салижан Жигитов адабият илиминин поэзиясын тапкан, курч тилдүү адабият сынчысы гана эмес, курч тилдүү инсан да эле. Жамаат ичинде турганда тегерегиндегилердин баарын өзүнө магниттей тартып алып, куудулдук жана артисттик өнөрү менен боор оорута күлдүрө берчү, анын ушундай аскияларына кимдер гана ыраазы болбогон жана кимдерди гана бутага албаган. Тилекке каршы, анын ошол оозеки икаялары, аскиялары жазылбай калды, жок дегенде видеого алынып калса эми укмуш болмок. Журналисттер менен маек уюштуруунун да устаты эле, мейли көгүлтүр экранда болсун, мейли гезит бетинде болсун, акын жөн гана бир интервью, сукбаттары менен элди арбап алчу жана ошол чыгуулары менен басылмалардын нускаларын көбөйтүп турчу. Мындайда оозеки сөзүн өзү кайра-кайра карап, стилист катары ийине жеткирип, “ой, ушул кыргыздар сабаттуу текст курай албайт” деп кейип алчу. Деги эле кыргызга мынчалык күйгөн, мынчалык сындаган киши өткөн кылымда болгон эмес, жаңы кылымда да болоруна көзүм жетпейт. Аны үчүн ал канча бир кишилерге жаман көрүнбөдү, өз улутун жериген адам катары аталды, бирок тилинен кайткан жок. Бул накта атуулдук эрдиги, улут сүйөрлүгү эле. Ушул кызматы үчүн эле биз бул кишини улуттук баатыр деп атасак ылайык келер. Бирок аттиң…
Кантсе да каниет кылар нерсе – ал кишинин артында элине деген ак эмгеги калды…
Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Көлдүк кыштоосунда туулган.
1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.
Эмгек жолун Өзгөн районунда мугалим болуп иштөөдөн баштап, Илимдер Академиясында сектор башысы болуп эмгектенген. Кыргыз Совет Энциклопедиясында Башкы редакторунун биринчи орун басарынын кызматын аркалаган. Кыргызстандын президентинин кеңешчиси, Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана толук ыйгорымдуу элчиси кийин окутуучулук жаатта эмгектенген. Кыргыз улуттук университетинде жана Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинде иштеген.
2006-жылы 11-февралда Бишкек шаарында оорудан улам каза болгон.
Абдыкерим Муратов, Sputnik Кыргызстан, 17.03.2016-ж.