Мелис Маматжанов: “8 жашымда поэзияга аралашкам”

MelisMAMATJANOV

Ал учурда балалык таза сезим менен жазылган ырлар бүгүнкү күндөгү поэзиянын талабына жооп бербесе дагы, азыр жазылган чыгармаларымдын түпкү теги болуп саналат. Аларды жылмаюу менен гана окуп коём.

“Улут уюткусу” программасында учурда эл арасында төбөсү көрүнүп калган жаш калемгер Мелис Маматжановдун “Апакемдин алмасы” аттуу алгачкы ырлар жыйнагы, чыгармачылыгы тууралуу автор жана калемдеши Акбар Кубанычбеков менен маектештик.

Мелис мырза, алгачкы ырлар жыйнагыңызды чыгарып, бет ачарын дагы өткөрүп алдыңыз. Учурда кандай сезимдер болуп жатат?

– Бүгүнкү күндө китеп чыгарып, чыгармачылык кечени өткөрүү бир топ түйшүк экен. Биринчи жолу мындай ишти жасап жаткандыктан, канчалаган убакыт даярданып, ал 1-2 саатта өтүп кетти. Бирок, ошол жагымдуу мүнөт, сааттар, сезимдер, толкундануулар көпкө чейин жан дүйнөңдө сакталып калып, капаланган күндөрдө кайрадан бир жылмаюу тартуулап жатат.

Китепти чыгарып, чыгармачылык кечени өткөрүүдө колуңузга кол, бутуңузга бут болуп, колдоо көрсөткөндөр кимдер болду?

– Азыркы учурда чыгармачыл адам үчүн китеп чыгаруу оңой иш эмес. Көпчүлүк нерсе каражатка барып такалат. Материалдык жана моралдык жактан чоң жардамын көрсөткөн жеке ишкер агаларым, улуу муундагы акын ага-эжекелерим жана “Жаңы толкун” адабий клубунун мүчөлөрү, жакын досторум болду. Аларга учурдан пайдаланып, терең ыраазычылык билдирем.

Чыгармаларыңыз алгач кимдин сынынан өтөт?

– М.Горький атындагы адабий институтту бүтүргөн Нарсулуу Гургубаева эже. Ал ар дайым жардамын аябай, ырларымды бир калыпка салып, талкуулап, өзүнүн көз элегинен өткөрүп турат. Мындан аркы өсүш жолумда дагы чыгармачылыгымды колдоп, жол көрсөтүп турат деп ишенем.

Китептин “Апакемдин алмасы” деп аталышынын дагы бир себеби болсо керек?

– Негизи жыйнакка кирген чыгармалар акыркы 2 жылда жазылып, тапталган ырлар болду. Алар алыс жерде, Москва шаарында сагынычтан, кусалыктан жаралды. Анын ичинде “Апакемдин алмасы” деген ырым да бар. Ар бир бала алгачкы жараткан эмгегин ата-энесине көрсөткүсү келсе керек. Ошол сыяктуу эле мен дагы алгачкы ийгилигимди апакемдин ак эмгегине арнап, “Апакемдин алмасы” деп атадым.

Акбар Кубанычбеков: “Мелис жасап эмес, жашап жазган акын”

– Чындыгында Мелистин алгачкы ырлар жыйнагынын бет ачаары, чыгармачылык кечеси эң жогорку деңгээлде өттү. Буга чейин бир топ поэзия кечелери өтүп келген. Бирок, биздин муунда мындай форматтагы кече биринчи жолу болду. Биз негизинен бир салттуулукка көнүп, аң-сезимибиз ошондой калыптанып калган. Бул жерде кече дароо эле сахналаштырылып башталгандыктан, келген эл өзүнүн көр турмушун унутуп, поэзияга сүңгүп кирип кетти. Мелис биринчилерден болуп бул нерсени өзгөчө кылып жасады.

Көзүнчө мактагандык эмес, чындыгында Мелис башкаларга окшобогон артыкчылыгы бар мактоого татыктуу жигит. Анын ар бир ырында өзүнүн тагдыры, жашоосу бар. Ошон үчүн Мелис жасап жазган акындардан эмес, жашап жазган акын деп айтар элем. Азыркы учурдагы акындар менен салыштыра келгенде, бир топ жогору турат. Биринчи китебинин деңгээли ушундай болсо, демек, келечекте кеменгер акын болоруна чоң ишеничим бар.

Каныкей Бозгунова, Улут уюткусу, «Марал FM», 18.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.