Кубанычбек ЭСЕНБАЕВ: “Асел менен Элмурат кыргыз маданиятына жаңылык киргизишти”
7 жаштан 70 жашка чейинки муунду бийлетип, бийлөө менен эле чектелбестен обон созуп ырдап жүргөн “Кара жорго” музыкалык тобу маданий жаңылык жасады. Мына ошол “Кара Жорго” музыкалык тобунун жетекчиси Кубаныч Эсенбаев, топтун мүчөлөрү Асел Касмакунова менен Элмурат Майрамбеков чыгармачылыктагы жаңылыктары менен окурмандарга ой бөлүшөт.
– Кубанычбек мырза, “Кара жорго” музыкалык тобу кандайча жаралып калды?
– Кыргыздын этно-бийлерин жандандырып, унутулуп, уктап жаткан бий өнөрүнө жаңы дем берүү менен Асел менен Элмурат кыргыз маданиятына жаңылык киргизишти десем жаңылбайм. КТРКда «Маданий элек» аттуу көрсөтүү даярдап, анда жалпы кыргыздын этнографиялык бийлери жөнүндө чоң талкуу кылганбыз. Ага чейин Асел сүйлөө маданиятына арналган «Сөздүн көркү» көрсөтүүсүн алып барчу. Ал талкуу Аселге таасир бергенби, айтор «Кара жоргону» ырдап-бийлеп чыгам деди. Асел кафе-ресторан тойлордо ырдап жүрчү, бирок Аселдин бийлегенин көргөн эмесмин, андыктан ишенген эмесмин. Аселдин шаңкылдап ырдап бийлегенин көрүп таңкалгам. Элмурат Асел менен таанышып ырдап-бийлейм деп келген. Ошентип кыргызча бийлөө стилин көргөзүп, кара жоргонун багытынын башында турган – Асел Касмакунова, Элмурат Майрамбеков улуттук этно бийлерин күндөн-күнгө өнүктүрүп, ыр менен бийди айкалыштырып, үлгүлүү бийлеп, кыйм ылдарга байытып келишет.
– “Кара жорго” бийи калкка белгилүү болгон соң, бир топ эстрада ырчылары “Кыргыз бийи”, – деп ырдап, бийлеп чыгышты. Ар бир топтунөзгөчөлүгү, өз күйөрмандары болот эмеспи, сурайын дегеним “Кара жорго” музыкалык тобунун өзгөчөлүгү эмнеде?
– Асел менен Элмуратка таасирленип көптөгөн ырчылар “Кара жорго” стилинде ырдап чыгышты, бул жакшы жөрөлгө болду. Бирок ыр менен бийди мыкты айкалыштырган Асел менен Элмуратка жарашты. Булар “Кара жорго” стилинин башында болуп, башкаларга үлгү болуп калышты. Бүгүнкү күнү Президент катышкан чоң-иш чараларда Асел менен Элмурат кыргыздын бийин бийлеп жатканын көрүп абдан кубанам. Экөөнүн бийлегендери өзгөчө, башкалардыкы менен алмаштыргыс, төгүлүп, кайталангыс бий лешет. Андыктан булардын кыргыз маданиятына аз болсо да салымдары бар деп билем. Булардын кыргыз маданиятына кошкон салымына азырынча расмий баа берилбегени менен келечек баалап алат деп ойлойм.
– Ырды ырдаардан мурда эл кандай кабыл алат деген ой жаралбай койсо керек? Азыркы күндө репертуарыңарда кандай чыгармалар кездешет?
Асел КАСМАКУНОВА:
– КРнын эл артисти Апас Жайнаковдун ичкиликтердин обонуна ылайык жараткан “Аман жар” чыгармасын чыгыш стилине салып ырдап баштадык. Чыгыш музыкасына бийлегенди жактыргандарга абдан жагат деп ишенебиз. Сөзү акын Темиркул Үмөталиевдики. Ыр жандуу элибиз кубанычы ашып-ташкан майрамдарда, тойлордо “Кара жорго” менен катар чыгыш бийлерин кыргыз музыкасына бийлесе деп тилейбиз. Тойлорго барып “Кара жорго”, “Сынма бий” ырдап-бийлеп берген соң “Аман жарды” ырдап берүүбүздү суранышып бийге түшүшөт. “Аман жар” бийге ылайыктуу ыр болду, анан дагы “шапар тээп жыргайлы” деген сөзү бийге үндөйт, анткени шапар тебүү бул кыргыз элинин бийи экен. “Шапар тебүү” көпчүлүк биргеликте бийлеген бий болгон”, – деп залкар агабыз Нурак Абдрахмановдун айтканы бар. Өзүбүз бийге жакын болгондуктан бийге ылайыктуу ырларды тандап жатабыз.
Элмурат МАЙРАМБЕКОВ:
– Элибиздин бүгүнкү залкары Жолболду Алыбаев агайыбыздын айтылуу “Чолпонум” аттуу ырын дуэт ырдап, анын уруксаты менен ырдын текстин кичине кыскартып кыз- жигиттикине ылайыктап алдык. Ар бир ырга жарашыктуу костюмдарыбыз бар, алар заманбап элдик нукта тигилди. Биздин костюмдарыбызды көркүн чыгарган эжекебиз Толгонай Керимкулова. Бардык өнөр сыяктуу улуттук кийимдер түгүү өнөрү да өнүгөт эмеспи, андыктан кыргыздын кийими десе эле шалбыраган шымдарды кийип албастан, анын көркөмүн арттырууга аракет кылып келебиз. Айтор, костюмдарыбыз сахнага гана кийбестен тойлордо, кечелерде кийгенге ылайык болсо деп ойлойм.
Мээрим МЕЛИСБЕК кызы, “Кыргыз Туусу”, 01.02.2016-ж.