Кочкор ѳрѳѳнүндѳгү алааматтуу сел же Суяб шаарынын жок болуп кетиши

Тарыхта Кочкор өрөөнүндө беш шаар болгон деп айтылат. Алар: Кул-Шуб, Жул-Шуб, Кулан, Касра-Бас (Кочкор-Башы) жана Суяб. Орто кылымдагы бул шаарлардын тарыхта өз орду так көрсөтүлбөгөндүгү шаарлардын азыркы чалдыбарлары дайынсыз жок болуп кетүү коркунучунда тургандыктан, коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн көптөгөн чыгармаларды, тарыхый маалыматтарды издеп окуп, шаарлардын даана аталыштарын изилдөөнү максат кылып, ушул макаланы жазууга аргасыз болдук.

jer_asty

Бул жазылган гипотезаны тарыхчылар, окумуштуулар кабыл албашы мүмкүн. Бирок ошого карабай ушул изилдөөнү көпчүлүккө жеткирүүгө аракет кылуудабыз.

Махмуд Кашгаринин ХI кылымдагы ааламдын картасында Кочкор-Башы (же башкача аталышы – Суяб) шаары – Кочкор ѳрѳѳнүндѳгү шаарлардын бири экенин жазган (Суяб – азыркы Кум-Дөбө айылы жайгашкан жердеги шаардын чалдыбары). Анын түндүк жагында Занби арт ашуусу бар дейт. Муну тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин Махмуд Кашгаринин «Диван Лугат Аттүрк» китебинен 1996-жылы тапкан.

Орус тарыхчысы Н.Ф.Петровский да ал шаарлар Александров хребетинин (Кыргыз Ала-Тоосунун.) түштүк жагында деп жазган. Орус чыгыш таануучусу В.В.Бартольд 1897-жылы бул шаар жөнүндө угуп, араба жолу жок болгондуктан келген эмес. 1937-жылы Зимма, 1944-жылы А.Н.Бернштам келип, ал жердеги күмбөздөрдү сүрөткө тартып, 18-19-кылымдардагы кыргыз элитасынын мүрзөлөрү экенин аныктап, дөңсөөлүү дубалы бар 12-кылымдагы шаардын калдыгы бар экен дешкен.

Суяб шаары Караханиддердин кан ордосу деп тарыхта жазылып, карлуктардын, түрктөрдүн, түргөштөрдүн ордосу делет. Балким бул шаар Кыргыз каганатынын кан ордо борбор шаары болуп жүрбөсүн?

Тараз педагогика университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору С.Байтлен Суяб шаары Х кылымда жок болуп кеткен, бирок кандайча деп суроо салса, Казакстандын окумуштуусу, тарыхчы К.М. Байпаков түрк каганатынын ордосу Суяб шаары Х кылымга чейин кытай жана араб саякатчыларынын эмгектеринде жазылып, андан кийин жок болуп белгисиз калган деп жазат.

jargylchak

Мындан тышкары да Суяб шаары тууралуу кѳптѳгѳн божомол маалыматтар ар кайсы убактарда жана ар кайсы булактарда айтылат.

Кочкор-Башы-Суяб шаары караханиддердин ордосу экендиги 2012-жылы жайында айдоодон табылган үч жез (фелс) тыйындан байкалган. Табылгалар 444-449-жылдарга (1052-1057-ж.) таандык деп тарыхчылардын айтканы бар.

Бул жерде сепилдин ичинде тегирмен, кирпич, карапа идиш бышырган устаканалар, айнек эриткен устакана, темир устаканалары, мечит, медреселер жана ханакалар болгондугун, кан сарай, аскерлердин жайлары болгон деп маалыматтарда жазылган. Миң жылдан бери бул жер далай жолу казылып, уйгурлар, монголдор, калмактар, кыргыздар байлык издешкен. Орустардын келиши менен Кочкор өрөөнүндөгү Темир Болот жана Борукчу болуштугунда «кыргыздар мүрзө казыптыр» деп ар түрдүү буюмдарды таап алышкандарын жана эл арасына атайын кыргыздардан баканооз адамды коюшуп, табылган буюмдарды жана артефактыларды Ташкентке алып кетип турушкан. Негизи кыргыздар мүрзөдөн башка да, сел менен агып келип өрөөндүн талааларында жана тоонун этектеринде топуракка көмүлүп калган буюмдарды жана артефактыларды таап алышып, сарттарга жана уйгурларга сатып турушкан. Сыртка чыгып калган кирпичтерди алышып, башка курулуштарды курушкан. Мисалы, Бектен деген бай адамдын күмбөзү эски сепилдин кирпичтери менен курулган. Совет мезгилинде болсо сепилдин кирпичтерин меш салууга бузуп кетишкен.

suzguch

Эски шаар турган жерде бир нече сутка бою суу толбогон жер астындагы боштуктар бар. Бул жерге кирип да көргөнбүз. Боштуктагы курулуштарды 1958-жылдан кийин булдозердин жардамы аркылуу топурак-таш менен толтуруп, айдоого айлантышкан.

2011-жылы июль айында Кыргыз улуттук университетинин археология жана этнология кафедрасынын археолог окутуучулары Ороз Солтобаев жана И.Москалев башында турган студенттик практикада биринчи жолу Кочкор- Башышаарынын борбордук сепилинин чалдыбары изилденип, бу сепилдин аянты (870х410метр) 35 гектар, 36 мунаралуу, 4 капкалуу (дарбаза) жана дубалдын калыңдыгы 4 метр, бийиктиги 8 метр экендиги аныкталды. Изилдөөнүн жүрүшүндө шаардын аймагынан табылган артефактылар байыркы доорлордон бери адамдар жашаган сактар, усундар, түрктөр болгондугу байкалды. Табылган тыйындар 10-кылымга таандык экени, артефактыларда кыргыз элине мүнөздүү оймолор түшүрүлгөнү байкалды.

myktar

Бул Кочкор-Башы-Суяб шаарын Х кылымдын экинчи жарымында күтүүсүз чоң сел каптап, 10 миңдеген адамдар жана өрөөндүн башка жерлериндеги турак жайлардагы элдин көпчүлүгү оокат- мүлкү менен кошо селдин агымына кеткен. Шаардын борбордук сепилинин дубалдары урап дөңсөөгө айланып, ал эми чыгыш жак бөлүгү селдин топурагы менен кѳмүлүп, 2 метрге чейин көтөрүлгөн. Сепилдин сыртындагы карапайым калк жашаган аянттар (рабад) 2-2,5 метрге чейин топурак, кум жана шагыл менен көмүлгөн. Ошентип, Кочкор өрөөнүндө ойдуңдары, дөңсөөлөрү жок тегизталаа пайда болгон. Ал жерден табылган миңдеген адамдын сөөктөрү, буюмдардын сыныктары жана башкалар жөнүндө орус изилдөөчүсү Н.А.Аристовдун чыгармасында толук жазылган.

Сел элди мал-мүлкү жана турак жайы менен кошо Ысык-Кѳл тарапка агызып кеткендиги Н.А.Аристовдун жазганынан улам даана билинди. Мен бул сел тууралуу эски кишилерден, көбүнчө атамдан көп угаар элем. Убагында элес албагандыктан бир топ фактылар унутулуп калды.

tash_kuraldar

Байкоолорго караганда, алаамат сел эл тынчып калган кечки убакта каптаса керек. Себеби, табылган сөөктөр адамдардын отурган абалында кѳмүлүп калганын кѳрсѳтүүдѳ. 1988-жылы айыл ичиндеги бала-бакчанын жер пайын казуу учурунда, бир жерден 18 адамдын сөөгү чогуу чыккан. Селдин күчтүүлүгүнөн үйдөй таштар да агылганы далилденген.

Биз жакында Кыргыз сейсмология институтунда болуп, анын директору Канат Абдрахматов менен сүйлөштүк. Бул курулушту качан сел каптап кеткенин жана көлөмүн аныктап, палеоботаникалык, палеозоологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө болоорун айтты.

Эмки маселе – бул тарыхый эстеликти изилдөөгө жана коргоого каражат табуу маселеси турат. Археологдор каражат болсо изилдейбиз деп жатышат. Жок дегенде 10 сотых жерди темир коргон менен тосуп койсок, кирпичтери алынбай сакталып калат эле. Акча жок болгондуктан тосулбай кирпичи ташылып, дубалдары бузулуп жатат.

chyrak

Кыргызстандык колунда бар жетиштүү адамдарга айтаар элем, эгерде жерибиздин тарыхый мурастарына кайдыгер карабаган болсоңуздар жардамга келээрсиздер. Депутаттар да бул боюнча маселе көтөрүп максатуу каражат бөлдүрүп беришсе жакшы болмок. Анда биз бул тарыхый эстеликти сактап калмакпыз.

Мен жазуучу эмесмин жана тарыхчы да эмесин. Бирок тарыхты изилдеп окуган адаммын. Бул тарыхый эстеликтерди бала кезимен билемин. 40 жылдан бери изилдеп, элден угуп жыйнап келем. Совет мезгилинде комсомолдук жана партиялык гезиттерге жазгам, бирок купулга толоорлук жооп ала алган эмесмин. Эгемендик мезгилинде Акаевге, Бакиевге, министрлерге, акимдерге, губернаторлорго борбордук газеталар аркылуу кайрылдым, жооп болгон жок. Р.Отунбаевага жана А.Атамбаевге кайрылгандан кийин гана кичине жылыш болуп, 2012-жылы жардамга комиссия келип, менчикке бөлүнүп кете турган 36 га жерди бөлдүрбөй сактап калдык. Көпчүлүк тарыхый эстеликтер турган жерлер менчикке бөлүнүп, түртүлүп жок болуп жатат. 50 жылдан бери көрүп-билип калган эстеликтерди сактап калуубуз зарыл. Азыр изилденбесе келечекте урпактарыбыз изилдээр. «Эгер биз тарыхыбызды мылтык менен атсак, тарых бизди замбирек менен атат» дейт эмеспи. Ушул тарыхый эстеликтерди көрүшсүн, билишсин деп 2013-жылы археологиялык музей да ачтым. Таш доорунан берки жана орто кылымдарга тиешелүү 500дөн ашык экспонат учурда музейде турат.

topchular

Гезиттин бети чектелүү болгондуктан, эски шаар тууралуу дагы кѳптѳгѳн маалыматтар берилбей калды. Эгерде окурмандар бул макалага кызыкса, эски шаарды каптаган алаамат селдин мезгили, шаар калдыктары тууралуу кенен маалымат билгиси келсе, анда электрондук дарегиме (konyrbaev48@mail.ru) кат жазса болот же бул телефон номерлери боюнча кайрылыңыздар: 0 772 252- 908 , 0550 252- 908, 0708 514-711.

Кайырбек КОҢУРБАЕВ,
«Ыйык Мурас» тарыхый-маданий мурастарды коргоо
жана пайдалануу коомдук ассоциациясынын төрагасы,

“Көк асаба”, 14.05.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.